БИРГЕЛЕШКЕН ИШКАНА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИРГЕЛЕШКЕН ИШКАНА ''' – катышуучу өлкөлөрдүн менчиктеринин негизинде түзүлгөн | '''БИРГЕЛЕШКЕН ИШКАНА ''' – катышуучу өлкөлөрдүн менчиктеринин негизинде түзүлгөн жана өз ишмердигин биргелешип ''башкаруу‚'' чарбалык эсеп жана пайданы катышуучулар ортосундагы келишимге ылайык бөлүштүрүү жолу менен жүзөгө ашыруучу ''ишкана.'' Биргелешкен ишкана ата мекендик жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн капиталын салуунун негизинде түзүлөт жана чарба ишмердигин биргелешип жүргүзөт. Биргелешкен ишкана жаӊы ''продукция өндүрүшүн‚'' пайдалуу кен байлыктарын өздөштүрүү ж. б. максатта түзүлөт. Биргелешкен ишкана өлкөнүн ''экономикасына'' чет өлкөлүк капиталды тартууга‚ пайдаланылбай жаткан ''ресурстарды'' тез өздөштүрүүгө‚ керек продукцияны чыгарууну көбөйтүүгө жана анын ''натыйжалуулугун'' жогорулатууга‚ алдыӊкы ''техниканы'' жана ''технологияны'' үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Катталгандан кийин Биргелешкен ишкана юридикалык жактын укугуна ээ болот. Биргелешкен ишкананы башкаруу үчүн башкарма‚ дирекция жана текшерүү комиссиясы түзүлөт. Биргелешкен ишкана уюштуруу ''документтеринде'' каралган учурда жана тартипте‚ ошондой эле анын ишмердиги максаттарына жана милдеттерине жооп бербесе жоюлушу мүмкүн. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
07:48, 18 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы
БИРГЕЛЕШКЕН ИШКАНА – катышуучу өлкөлөрдүн менчиктеринин негизинде түзүлгөн жана өз ишмердигин биргелешип башкаруу‚ чарбалык эсеп жана пайданы катышуучулар ортосундагы келишимге ылайык бөлүштүрүү жолу менен жүзөгө ашыруучу ишкана. Биргелешкен ишкана ата мекендик жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн капиталын салуунун негизинде түзүлөт жана чарба ишмердигин биргелешип жүргүзөт. Биргелешкен ишкана жаӊы продукция өндүрүшүн‚ пайдалуу кен байлыктарын өздөштүрүү ж. б. максатта түзүлөт. Биргелешкен ишкана өлкөнүн экономикасына чет өлкөлүк капиталды тартууга‚ пайдаланылбай жаткан ресурстарды тез өздөштүрүүгө‚ керек продукцияны чыгарууну көбөйтүүгө жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга‚ алдыӊкы техниканы жана технологияны үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Катталгандан кийин Биргелешкен ишкана юридикалык жактын укугуна ээ болот. Биргелешкен ишкананы башкаруу үчүн башкарма‚ дирекция жана текшерүү комиссиясы түзүлөт. Биргелешкен ишкана уюштуруу документтеринде каралган учурда жана тартипте‚ ошондой эле анын ишмердиги максаттарына жана милдеттерине жооп бербесе жоюлушу мүмкүн.