БИРИНЧИ ЖАНА ЭКИНЧИ САПАТТАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БИРИНЧИ ЖАНА ЭКИНЧИ САПАТТАР ''' – 17–18-к-да мех. тааным теориясында объективдүүлүк белгиси б-ча нерселердин сапаттарын (касиеттерин) айырмалоо үчүн колдонулган терминдер. Ж. Локк биринчи же объективдүү сапаттардын катарына кыймылды, өткөрбөстүктү, тыгыздыкты, майда бөлүкчөлөрдүн өз ара жармашуусун, фигураны, көлөмдү ж. б., экинчи же субъективдүү сапаттарга түстү, жытты, даамды, дабышты ж. б. киргизген. Ошол кездеги механика илиминин көз карашында ил. түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон сапаттардын баары Локк тарабынан экинчи, б. а. субъекттин сезимдери же маанайы м-н аныкталган сапаттар деп табылган. Субъективдүү идеалисттер Беркли, Юм ж. б. биринчи сапаттарды да субъективдүү сапаттардын катарына киргизишкен. Азыркы ил. Таанымда нерселердин ички байланыштарынын натыйжасы болуп эсептелген өздүк касиеттери ж-а сырткы (потенциалдуу, диспозициялык ж. б.) касиеттер деп аталган сапаттар айырмаланат. Сырткы касиеттер кандайдыр бир нерсенин башка нерселер м-н реалдуу карым-катыш учурунда актуалдуу мүнөз күтөт (мис., туздун сууда эрүү касиети, кандайдыр бир хим. элементтин башка элементтер м-н биригүү касиети ж. б.).
'''БИРИНЧИ ЖАНА ЭКИНЧИ САПАТТАР ''' – 17–18-кылымдарда механиканын тааным теориясында объективдүүлүк белгиси боюнча нерселердин сапаттарын (касиеттерин) айырмалоо үчүн колдонулган терминдер. Ж. Локк биринчи же объективдүү сапаттардын катарына кыймылды, өткөрбөстүктү, тыгыздыкты, майда бөлүкчөлөрдүн өз ара жармашуусун, фигураны, көлөмдү ж. б., экинчи же субъективдүү сапаттарга түстү, жытты, даамды, дабышты ж. б. киргизген. Ошол кездеги механика илиминин көз карашында илимий түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон сапаттардын баары Локк тарабынан экинчи, башкача айтканда субъекттин сезимдери же маанайы менен аныкталган сапаттар деп табылган. Субъективдүү идеалисттер Беркли, Юм ж. б. биринчи сапаттарды да субъективдүү сапаттардын катарына киргизишкен. Азыркы илимий таанымда нерселердин ички байланыштарынын натыйжасы болуп эсептелген өздүк касиеттери жана сырткы (потенциалдуу, диспозициялык ж. б.) касиеттер деп аталган сапаттар айырмаланат. Сырткы касиеттер кандайдыр бир нерсенин башка нерселер менен реалдуу карым-катыш учурунда актуалдуу мүнөз күтөт (мисалы, туздун сууда эрүү касиети, кандайдыр бир химиялык элементтин башка элементтер менен биригүү касиети ж. б.).<br/>''Ж. К. Асанов.''
<br/>''Ж. К. Асанов.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:52, 19 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БИРИНЧИ ЖАНА ЭКИНЧИ САПАТТАР – 17–18-кылымдарда механиканын тааным теориясында объективдүүлүк белгиси боюнча нерселердин сапаттарын (касиеттерин) айырмалоо үчүн колдонулган терминдер. Ж. Локк биринчи же объективдүү сапаттардын катарына кыймылды, өткөрбөстүктү, тыгыздыкты, майда бөлүкчөлөрдүн өз ара жармашуусун, фигураны, көлөмдү ж. б., экинчи же субъективдүү сапаттарга түстү, жытты, даамды, дабышты ж. б. киргизген. Ошол кездеги механика илиминин көз карашында илимий түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон сапаттардын баары Локк тарабынан экинчи, башкача айтканда субъекттин сезимдери же маанайы менен аныкталган сапаттар деп табылган. Субъективдүү идеалисттер Беркли, Юм ж. б. биринчи сапаттарды да субъективдүү сапаттардын катарына киргизишкен. Азыркы илимий таанымда нерселердин ички байланыштарынын натыйжасы болуп эсептелген өздүк касиеттери жана сырткы (потенциалдуу, диспозициялык ж. б.) касиеттер деп аталган сапаттар айырмаланат. Сырткы касиеттер кандайдыр бир нерсенин башка нерселер менен реалдуу карым-катыш учурунда актуалдуу мүнөз күтөт (мисалы, туздун сууда эрүү касиети, кандайдыр бир химиялык элементтин башка элементтер менен биригүү касиети ж. б.).
Ж. К. Асанов.