БИХЕВИОРИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БИХЕВИОРИ́ЗМ ''' (англ. behaviour – жүрүм-турум) – азыркы психологияда кеӊири тараган агым. Ал 19–20-к-дын ортосунда айбанаттардын психикасын эксперименттик изилдөөдөн улам пайда болгон. Анын жалпы методол. өбөлгөсү – позитивизмдин ж-а прагматизмдин философиясынын принциптери. Бул принциптер б-ча илим түздөн-түз баамга урунган нерсени гана сыпаттоого тийиш, ал эми түздөн-түз кабыл алынбаган маалыматтар м-н ички механизмдерди талдоодон алгылыктуу тыянак чыгара албайт; ошон үчүн психол. аӊ-сезимди эмес, жүрүм-турумду изилдеш керек. Бихевиористтер аӊ-сезим деп субъективдүү маалыматтардын жыйындысын айтат. Аӊ-сезим тышкы дүйнөнү чагылдыра турган мээнин кызматы экенин алар танып, психиканын материалдык субстратын текшере турган мээнин физиологиясына каршы чыгат. Окууга амер. илимпоз Э. Торндайк негиз салган, анын программасын түзгөн ж-а аны термин катары киргизген Ж. Уотсон болгон. Б-дин ил. калыптанышы үчүн В. М. Бехтерев м-н И. П. Павловдун эмгектери чоӊ роль ойногон. 20-к-да машина м-н которуу, программалап окутуу ж-дөгү изилдөөлөрдө өнүктүрүлдү.
'''БИХЕВИОРИ́ЗМ ''' (англ. behaviour – жүрүм-турум) – азыркы психологияда кеӊири тараган агым. Ал 19–20-кылымдардын ортосунда айбанаттардын психикасын эксперименттик изилдөөдөн улам пайда болгон. Анын жалпы методологиялык өбөлгөсү – позитивизмдин жана прагматизмдин философиясынын принциптери. Бул принциптер боюнча илим түздөн-түз баамга урунган нерсени гана сыпаттоого тийиш, ал эми түздөн-түз кабыл алынбаган маалыматтар менен ички механизмдерди талдоодон алгылыктуу тыянак чыгара албайт; ошон үчүн психологиялык аӊ-сезимди эмес, жүрүм-турумду изилдеш керек. Бихевиористтер аӊ-сезим деп субъективдүү маалыматтардын жыйындысын айтат. Аӊ-сезим тышкы дүйнөнү чагылдыра турган мээнин кызматы экенин алар танып, психиканын материалдык субстратын текшере турган мээнин физиологиясына каршы чыгат. Окууга америкалык илимпоз Э. Торндайк негиз салган, анын программасын түзгөн жана аны термин катары киргизген Ж. Уотсон болгон. Бихевиоризмдин илимий калыптанышы үчүн В. М. Бехтерев менен И. П. Павловдун эмгектери чоӊ роль ойногон. 20-кылымда машина менен которуу, программалап окутуу жөнүндөгү изилдөөлөрдө өнүктүрүлдү.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:23, 22 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БИХЕВИОРИ́ЗМ (англ. behaviour – жүрүм-турум) – азыркы психологияда кеӊири тараган агым. Ал 19–20-кылымдардын ортосунда айбанаттардын психикасын эксперименттик изилдөөдөн улам пайда болгон. Анын жалпы методологиялык өбөлгөсү – позитивизмдин жана прагматизмдин философиясынын принциптери. Бул принциптер боюнча илим түздөн-түз баамга урунган нерсени гана сыпаттоого тийиш, ал эми түздөн-түз кабыл алынбаган маалыматтар менен ички механизмдерди талдоодон алгылыктуу тыянак чыгара албайт; ошон үчүн психологиялык аӊ-сезимди эмес, жүрүм-турумду изилдеш керек. Бихевиористтер аӊ-сезим деп субъективдүү маалыматтардын жыйындысын айтат. Аӊ-сезим тышкы дүйнөнү чагылдыра турган мээнин кызматы экенин алар танып, психиканын материалдык субстратын текшере турган мээнин физиологиясына каршы чыгат. Окууга америкалык илимпоз Э. Торндайк негиз салган, анын программасын түзгөн жана аны термин катары киргизген Ж. Уотсон болгон. Бихевиоризмдин илимий калыптанышы үчүн В. М. Бехтерев менен И. П. Павловдун эмгектери чоӊ роль ойногон. 20-кылымда машина менен которуу, программалап окутуу жөнүндөгү изилдөөлөрдө өнүктүрүлдү.