БИЧУРИН: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИЧУ́РИН ''' Никита Яковлевич, И а к и н ф [29.8(9.9.)1777–11(23).5.1853 Cанкт-Петербург) – орустун чыгыш таануучусу, православ миссионери, Петербург ИАнын | '''БИЧУ́РИН ''' '''Никита Яковлевич,''' И а к и н ф [29.8(9.9.)1777–11(23).5.1853 Cанкт-Петербург) – орустун чыгыш таануучусу, православ миссионери, Петербург ИАнын корреспондент-мүчөсү (1828), Париждеги Азия коомунун мүчөсү (1831). Улуту чуваш. 1799-жылы Казандагы диний академияны бүтүргөн. 1802-жылы кечилдикти кабыл алган. 1807-жылдан Пекинде 14 жыл христиан дин миссиясына башчы болуп, кытай тилин үйрөнгөн. Кечилдердин үгүт-насыят<br/> | ||
<br/> | [[File:БИЧУРИН18.png | thumb | none]]иштерине көӊүл кош мамилеси үчүн 1823-жылы Ваалам кечилканасына камалган. 1826-жылы бошотулуп, Россиянын тышкы иштер министрлигинин Азия департаментинде тилмеч болуп иштеген. Анын кытай тилиндеги даректерди орусчага которуп жазган эмгектериндеги байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздар (ге-гунь, гянь-гунь, хя-гя-сы, ки-ли-ки-цзы, бу-лу-ти сыяктуу иероглифтер менен берилген) жана аларга коӊшу хунн, динлин, түрк, уйгур, карлук, түргөш ж. б. түрк тилдүү элдер, монголдор жөнүндөгү маалыматтары Орто Азиянын жана Борбордук Азиянын тарыхы үчүн өтө баалуу. Кытай тарыхына, маданиятына жана философиясына арналган эмгектери да бар. | ||
[[File:БИЧУРИН18.png | thumb | none]] | |||
Эмг.: Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1–3, М.; Л., 1950–53. | |||
''Т. Асанов.'' | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:29, 22 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы
БИЧУ́РИН Никита Яковлевич, И а к и н ф [29.8(9.9.)1777–11(23).5.1853 Cанкт-Петербург) – орустун чыгыш таануучусу, православ миссионери, Петербург ИАнын корреспондент-мүчөсү (1828), Париждеги Азия коомунун мүчөсү (1831). Улуту чуваш. 1799-жылы Казандагы диний академияны бүтүргөн. 1802-жылы кечилдикти кабыл алган. 1807-жылдан Пекинде 14 жыл христиан дин миссиясына башчы болуп, кытай тилин үйрөнгөн. Кечилдердин үгүт-насыят

иштерине көӊүл кош мамилеси үчүн 1823-жылы Ваалам кечилканасына камалган. 1826-жылы бошотулуп, Россиянын тышкы иштер министрлигинин Азия департаментинде тилмеч болуп иштеген. Анын кытай тилиндеги даректерди орусчага которуп жазган эмгектериндеги байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздар (ге-гунь, гянь-гунь, хя-гя-сы, ки-ли-ки-цзы, бу-лу-ти сыяктуу иероглифтер менен берилген) жана аларга коӊшу хунн, динлин, түрк, уйгур, карлук, түргөш ж. б. түрк тилдүү элдер, монголдор жөнүндөгү маалыматтары Орто Азиянын жана Борбордук Азиянын тарыхы үчүн өтө баалуу. Кытай тарыхына, маданиятына жана философиясына арналган эмгектери да бар.
Эмг.: Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1–3, М.; Л., 1950–53.
Т. Асанов.