БИШКЕК МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИШКЕК МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ ''' – орто билимдүү | '''БИШКЕК МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ ''' – орто билимдүү медициналык кызматкерлерди даярдоочу окуу жай. 1926-жылы аялдардын акушердик курсу катары негизделген. 1928-жылы фельдшердик акушердик техникум болуп кайра түзүлгөн. 1935-жылдан медициналык орто мектеп, 1950-жылдан республикалык медициналык орто окуу жайы, 2000-жылдан азыркыдай аталат. Окуу жайдын медсестралык, акушерлик, фармацевтика, фельдшер-лаборант, санитар-фельдшер жана тиш техниктерин даярдоочу бөлүмдөрү бар. Бул окуу жайда 1,5 миӊ студент окуйт, эл агартуунун 13, саламаттык сактоонун 25 отличниги, медицина илимдеринин 1 кандидаты ж. б. эмгектенишет (2007). Окуу жай ачылгандан баштап 93 миӊдей адис даярдалган жана аны Н. И. Лосьев, Ж. К. Мамбеталиев, Г. К. Телтаева, К. К. Байдалиева, Б. Ш. Шадыканова, С. У. Борбиев жана К.К. Кененбаев ж. б. директорлор жетектеп, окуу жайдын материалдык-техникалык базасын чыӊдоодо зор иштерди аткарышкан. Окуу жай Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган (1967). | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:18, 23 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы
БИШКЕК МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ – орто билимдүү медициналык кызматкерлерди даярдоочу окуу жай. 1926-жылы аялдардын акушердик курсу катары негизделген. 1928-жылы фельдшердик акушердик техникум болуп кайра түзүлгөн. 1935-жылдан медициналык орто мектеп, 1950-жылдан республикалык медициналык орто окуу жайы, 2000-жылдан азыркыдай аталат. Окуу жайдын медсестралык, акушерлик, фармацевтика, фельдшер-лаборант, санитар-фельдшер жана тиш техниктерин даярдоочу бөлүмдөрү бар. Бул окуу жайда 1,5 миӊ студент окуйт, эл агартуунун 13, саламаттык сактоонун 25 отличниги, медицина илимдеринин 1 кандидаты ж. б. эмгектенишет (2007). Окуу жай ачылгандан баштап 93 миӊдей адис даярдалган жана аны Н. И. Лосьев, Ж. К. Мамбеталиев, Г. К. Телтаева, К. К. Байдалиева, Б. Ш. Шадыканова, С. У. Борбиев жана К.К. Кененбаев ж. б. директорлор жетектеп, окуу жайдын материалдык-техникалык базасын чыӊдоодо зор иштерди аткарышкан. Окуу жай Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган (1967).