БЛЕФАРИТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БЛЕФАРИ́Т ''' (гр. blеpharon – көз жапкагы) – көз жапкактарынын сезгениши. Кеӊири таралган өнөкөт оору. Ага жетишсиз тамактануу, аз кандуулук; ичеги-карын жолдорунун оорусу, көзгө чаӊдын, шамалдын дайыма таасир этүүсү, алыстан ж-а жакындан начар көрүү, астигматизм болгондо көз айнек кийбей жүрүү түрткү берет. Анын жөнөкөй ж-а жара түрүндөгүсү бар. Жө-нөкөй түрүндө көз жапкагынын жээги кызарат, шишип, кычышат, кирпиктердин арасын какач басат; кирпик түшөт, топтошуп же көздү карай кайрылып, туура эмес өсүп, көздү өйкөйт. Жара түрүндөгүсүндө кирпиктин арасында жара пайда болуп ириӊдейт. Ал тер бездерине ж-а кирпик түптөрүнө тарап, кирпик түшө баштайт. Дарылоо пайда болуу себебине жараша жүргүзүлөт. Врач сунуш кылган дары майды айнек таякча м-н сыйпоо, кээде көз жапкагын укалоо (массаж) жакшы таасир берет.
'''БЛЕФАРИ́Т ''' (гр. blеpharon – көз жапкагы) – көз жапкактарынын сезгениши. Кеӊири таралган өнөкөт оору. Ага жетишсиз тамактануу, аз кандуулук; ичеги-карын жолдорунун оорусу, көзгө чаӊдын, шамалдын дайыма таасир этүүсү, алыстан жана жакындан начар көрүү, астигматизм болгондо көз айнек кийбей жүрүү түрткү берет. Анын жөнөкөй жана жара түрүндөгүсү бар. Жөнөкөй түрүндө көз жапкагынын жээги кызарат, шишип, кычышат, кирпиктердин арасын какач басат; кирпик түшөт, топтошуп же көздү карай кайрылып, туура эмес өсүп, көздү өйкөйт. Жара түрүндөгүсүндө кирпиктин арасында жара пайда болуп ириӊдейт. Ал тер бездерине жана кирпик түптөрүнө тарап, кирпик түшө баштайт. Дарылоо пайда болуу себебине жараша жүргүзүлөт. Врач сунуш кылган дары майды айнек таякча менен сыйпоо, кээде көз жапкагын укалоо (массаж) жакшы таасир берет.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:32, 23 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БЛЕФАРИ́Т (гр. blеpharon – көз жапкагы) – көз жапкактарынын сезгениши. Кеӊири таралган өнөкөт оору. Ага жетишсиз тамактануу, аз кандуулук; ичеги-карын жолдорунун оорусу, көзгө чаӊдын, шамалдын дайыма таасир этүүсү, алыстан жана жакындан начар көрүү, астигматизм болгондо көз айнек кийбей жүрүү түрткү берет. Анын жөнөкөй жана жара түрүндөгүсү бар. Жөнөкөй түрүндө көз жапкагынын жээги кызарат, шишип, кычышат, кирпиктердин арасын какач басат; кирпик түшөт, топтошуп же көздү карай кайрылып, туура эмес өсүп, көздү өйкөйт. Жара түрүндөгүсүндө кирпиктин арасында жара пайда болуп ириӊдейт. Ал тер бездерине жана кирпик түптөрүнө тарап, кирпик түшө баштайт. Дарылоо пайда болуу себебине жараша жүргүзүлөт. Врач сунуш кылган дары майды айнек таякча менен сыйпоо, кээде көз жапкагын укалоо (массаж) жакшы таасир берет.