БУГУ ЖАНА САРЫБАГЫШ УРУУЛАРЫНЫН ЧАБЫШЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

10:47, 23 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БУГУ ЖАНА САРЫБАГЫШ УРУУЛАРЫНЫН ЧАБЫШЫ (1855–1860-жылдар) – кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактап калууга жасалган куралдуу аракеттердин бири. Бул чабыштын чыгышына Түндүк Кыргызстандагы эл аралык саясий кырдаалдын өтө курч мүнөзгө айланышы жана айрым уруу башчыларынын бирдиктүү бийликтен баш тартышы негизги себеп болгон. Кенесары хандын көтөрүлүшү (1837–1847) жана көтөрүлүштүн негизги күчү Иле өрөөнүнө оошуна байланыштуу орус өкмөтү 1846/47-жылдары Капалга чеп куруп, Иле дарыясын Кокон хандыгы менен чек ара катары карай баштаган. Ал чеп Кулжа, Кашкарга каттаган орус кербендерин узатып-тосуп алууда да чоң роль ойногон. Чептин курулушуна каршылык билдирип, Цин императору орус өкмөтүнө дипломатиялык нота жиберген. Ал нота орус өкмөтүнө эч кандай таасир берген эмес. Орус көпөстөрүн коштоп, аман-эсен узатып турганы үчүн 1845-жылы Батыш Сибирдин генерал-губернатору (1836–1850) П. Д. Горчаков бугу уруусунун билерманы Боромбай Меңмурат уулуна алтын жип менен кооздолгон чепкен кийгиздирген. Геосаясий жагдайдын курчушуна байланыштуу аймактагы абал ого бетер оорлоп, Иле дарыясынын алабы Кокон хандыгы, Цин жана Россия империяларынын талашына түшкөн. Кокон өкмөтү тескерисинче мусулман динине басым жасоо менен 1832-жылы курулган Тойчубектин чебин пайдаланып, Иле дарыясынын чыгышындагы көп сандуу Улуу жүз казактарын колдон чыгарбоо аракетин күчөткөн. Натыйжада дарыянын оң-сол жээги, өзгөчө кыргыздардын сарыбагыш урууларына тиешелүү Чарын, Челек, Үч-Алматы, Кашкелең сууларын камтыган аймак стратегиялык жактан өтө маанилүү плацдармга айланып, солто, сарыбагыш уруулары бир жагынан кокондук сарбаздарга, экинчи тараптан орус аскерине каршылык көрсөтө башташкан. Мындай жагдайда ислам дининин ролу маанилүү болорун жакшы түшүгөн орус бийлиги башкыр-татар молдолорун тилмеч катары пайдаланып, жергиликтүү казак-кыргыз уруу башчыларын өз жагына тартууга киришишкен. Алардын бири, мурун тилмеч милдетин аткарып, Ысык-Көл өрөөнүнө тез-тез каттап жүргөн татар көпөсү Файзулла Ногоев болгон. Анын кеңеши менен бугу уруусунун билерманы Боромбай 1848-жылы июль айында ысык-көлдүк он миң түтүн бугу уруусу менен бир нече миң түтүн сарыбагыш, саяк, солто урууларынын өз ара араздашып жатканын, ал үчүн бул жерге өз алдынча жаңы округ ачууну жана аскер кармай турган чеп куруп берүүнү өтүнүп, Чоң Ордонун приставы майор барон А. Е. Врангелге кайрылат. Орус падышасы (1825–1855) Николай I Боромбайдын өтүнүчүн ылайыгына жараша аткарууну князь П. Д. Горчаковго тапшырган. Бирок, анын тапшырмасын тез арада аткаруу мүмкүн болбой, орус аскеринин илгери жылышын токтотуу максатында 1849-жылы Цин өкмөтү Кулжа – Кашкар жолун салуу шылтоосу менен аскеринин санын көбөйткөн жана өз кол алдында деп эсептелген Боромбайга княздык наам берип, жылына он жамбы акы чегерген. 1850-жылы подполковник М. Д. Перемышльский Россия империясына караштуу Иленин оң жээгиндеги казактардын Улуу жүз урууларына (Чоң ордо) пристав болуп дайындалган. Анын жардамчылыгына бекилген тилмеч Ф. Ногоевге «ысык-көлдүк кыргыздардын оюн чукул өзгөртпөө үчүн такай көз салып туруу» милдети тагылган. Ушул эле жылы апрель айында капитан К. Гутковскийдин отряды Иле дарыясынын сол жээгине өтүп, бирок Тойчубектин чебин бузуга алы келбей, артка кайтат. Көп өтпөй, жай айында Текесте отурган Качыбек (Шераалы уулу), Ажыбай, Абылгазы сыяктуу бугу уруусунун билермандары куралчан аскер жиберүүнү суранып, Батыш Сибирдин генерал-губернаторуна кайрадан кат жолдошкон. 1850-жылдын август айында ал катты жеткирген Ф. Ногоев бугу уруусунун орус императоруна ниети ак экенине ишендирип, аны менен бирге өзүн сыйлоо жөнүндө Боромбайдын өтүнүч катын кошо тапшырган. 1851-жылы июнь айында 6-Сибирь казак-орус полкунун командири подполковник И. Карбышевдин күчтүү куралчан (2 ракета станогу, 2 жеңил жана 6 батареялык миномет, жарым буттук 4 мортир ж.б.) экспедициялык отряды Тойчубектин чебин биротоло талкалайт. Анын алдында 7 миң кокондук аскер жүрүш жасап, Пишпек чебине келип, чептин айланасындагы элден 600 жылкы жыйнап, солто-сарыбагыштын аттуу-баштуу манаптарын сүйлөшүүгө чакырган. Бирок алар алыска көчүп кеткенине байланыштуу эч кимиси келбей, орус аскери Иледен өткөнүн уккан кокондуктар артка кайткан. Бугу уруусунун улам цин же орус бийлигине ыктап, бул аймактагы саясий кырдаал чектен ашып бара жатканын көргөн Ормон хан (1842–1855) 1851-жылы декабрь айында саны 6000 түтүнгө чамалаш эли менен Көлдүн башынан Үч-Алматы, Кашкелең ченге көчүп келет (кара: Ормон хандын Илеге көчүшү). Бул жерден Ормон хан Иленин оң жээгин казак, сол жээгин кыргыздар ээлеп турса жалпы журтка тынччылык орнорун эскертип, Николай Iге сунуш жөнөткөн. Бирок анын сунушу Орус өкмөтүнүн кызыкчылыгына туура келбей, маселени чечүү Оренбург жана Батыш Сибирдин генерал-губернаторлоруна тапшырылат. Ч. Валиханов Ормон хан Илеге келгенден кийин Ала-Тоонун тескейиндеги казактарды зарлатканын; колго түшкөн туткундарды кул-күң эсебинде Чыгыш Түркстан жана Орто Азия базарларына сатып, өзүнө каршы чыккан адамдарды жазалоо үчүн Кашкелеңге дарга орнотконун жазса; Осмонаалы Сыдыков Ормон хан болуп казак, кыргыздын бирин да жазалабай, мал-башына да зыян келтирбей, орустарга сыр көрсөтүп, тосуп алууга чыкпай, кишилерин жиберип, алыстан узатып турганын; канча төөгө курал-жарак жүктөтүп, хан сыяктуу күч кылып же дарга курдуртуп, ага бирөөнү асууга даярдап жаткандай түрдүү айла-амал колдонгонун эскертет (кара: Ормон опуза). Ормон хандын Илеге көчүшү орус бийлигине толук ыктап калган Боромбайдын кызыкчылыгына да каршы келген. Ошондуктан ага тоскоолдук кылуу ниетинде орус бийлигине Ормон бардык казак-кыргызды жыйнап, орустарды кырып-жоюп, Иледен кууп чыкмай болгонун билдирген кат жөнөткөн. Ушул себептерге байланыштуу Мамлекеттик кеңештин мүчөсү, генерал-адъютант Н. Анненков Оренбург губерниясынын губернатору В. Перовский (1833–1842, 1851–1857) жана Батыш Сибирдин губернатору (1850–1861) Г. Гасфорд менен кеңешип, 1852-жылы май айында орустардын чек ара линиясын Иленин сол жээгиндеги Курттуу жана Курбанак суулары аркылуу Чүй суусунун аягындагы кумдарга чейин жеткирип, андан Ташкентке багыт алууну, ал үчүн канча аскер, канча курал-жарак керек болорун билдирип, орус өкмөтүнө атайын доклад жиберген. Анын докладында «сол канаттагы жапайы кыргыздар» менен кагылышуу болушу мүмкүн экендигин, ага алдын-ала даярдык көрүү керектигин кошо эскертилген. Н. Анненковдун сунушун колдогон орус падышасы 19-майда ага кол койгон. 1852-жылы Пишпек чебине чейин келген Ташкенттин беги Нар-Мухаммед (Нармат) кушбеги бугу жана сарыбагыш уруусунун билермандары Боромбай менен Жантайга жолугуп, экөөнүн кол алдындагы кыргыздардын Кокон бийлигин кабыл алгандыгын жарыялаган. 1854-жылы күзүндө Верный чеби курулуп бүтүп, М. Д. Перемышльский биротоло көчүп келип, ушул эле жылы Семипалатинск облусу, анын ичинде Иле дарыясынын чыгышы жана анын батышын камтыган Аскер министрлигине караштуу өзгөчө Ала-Тоо округу (борбору Верный) түзүлгөн. Иле аймагын алууга Орус өкмөтүнүн өтө чечкиндүү кадамдарга даярданып жатканын өз көзү менен көрүп жүргөн Ф. Ногоев эми бугу уруусунун билермандарын Ормон ханга ачыктан-ачык тукурууга киришкен. 1855-жылы январь айында бугу уруусунун Россия империясынын кол алдына өткөндүгү жарыяланып, 23-апрелде Ф. Ногоев моюнга илинип жүрүүчү Анна тасмасындагы алтын медаль менен сыйланган. 1855-жылы март-апрель айы ченде Ормон хан азыраак жигиттердин коштоосунда бугу уруусунун билермандарына сүйлөшүү үчүн келген жеринен чатак чыккан. Чатакта жарат алган Ормон бугулардын колуна түшүп, көп узабай каза болгон. Көпчүлүк оозеки маалыматтарда аны Балбай өлтүргөнү айтылса, ал окуядан бир жылдан кийин Ысык-Көлгө келген орус саякатчысы П. Семенов-Тянь-Шанский «Боромбайдын тууганы Кылыч өлтүргөнүн» оозмо-ооз укканын жазган. 1855-жылы май айында Ормон хандын кунун доо кылып келгендер менен кеңеш жүргөн, бирок эки тарап келише албай, Ысык-Көлдүн түштүк-чыгышында эки уруунун чоң чабышы башталган жана сарыбагыштар жеңилип, Жууку суусунун батышына чегинген. Ормондун уулу Үмөтаалы ал жерге азыраак колун калтырып, Көлдүн түндүгүн айланып, Түп суусунун жээгиндеги бугулардын айылын чапкан. Бул жерден эми бугулар жеңилип, толук Каркыра, Текеске сүрүлүшкөн. Ал жерден Боромбай алгач Цин өкмөтүнө, андан кийин Кокон ханы тарабынан дайындалган жергиликтүү акимдерге кайрылып, бирок жардам ала алган эмес. Мындан кийин бугу уруусунун атынан жардамга аскер сурап, Качыбекти Верный чебине жөнөткөн. Жазган катында Тезек султанга караштуу казактын албан уруулары алардын айылын чаап, мал-мүлкүн талап-тоноп, Качыбектин айылы өзгөчө жабыр тартканын билдирген. Бул учурда бугулардын айылына келген кокондук сарбаздар эгер зекет төлөөгө макул болушса, аларды коргоп турууга убада кылган. Боромбай ага аргасыз макул болгон. Кол салууга даярданып жаткан сарыбагыштар ал кабарды укканда токтоп калышкан. Бирок абалды жөндөө үчүн Качыбектин коштоосунда хорунжий Лутшев жетектеген казак-орус отряды сентябрь айында Кегендеги Боромбайдын айылына келгенде, кокондуктар Көлдү таштап кеткен. Отряддын ичинде Ф. Ногоев болуп, ага Жантай манап менен сүйлөшүү тапшырылган. Боромбай отряддын жардамы менен токтоосуз сарыбагыштарга кол салууну суранган, бирок Лутшев аны колдобой, эки урууну элдештирүүгө аракет кылып, Үмөтаалы менен Төрөгелдини чакырткан. Алар ар кандай шылтоо айтып, келбей коюшкан. Ага карабай Лутшев казактарды тыйып, бугуларды кайрадан Көл башына көчүртүп, өзү Верныйга кайтып кеткен. Орустардын куралдуу отряды кеткенден кийин кайра Көлгө келген кокондуктар бугуларды «динсиз каапырларга карап кетишин» күнөөлөп, сарыбагыштарды аларга каршы тукурууга киришкен. Натыйжада бугу уруусу экинчи жолу катуу чабылып, көптөгөн мал-жандарынан айрылган жана кайрадан Текес менен Каркырага качышкан. Каркырадан аларга Тазабек башында турган казактардын айтбозум уруусу кол салып, мал-мүлкүн талоонго алышкан. Боромбайдын атынан декабрь айында Верный чебине келген Качыбек болгон окуяны жаңыдан пристав болуп дайындалган полковник М. Хоментовскийге төкпөй-чачпай баяндап берген. Ушул эле учурда Үмөтаалынын атынан сарыбагыштардын өкүлү да келген. М. Хоментовский сарыбагыштарга катуу эскертүү жасап, бугу уруусун коргоо үчүн отрядды кийинки жылы жибере турганын убада кылып, Качыбекти узаткан. Куралдуу отряд менен чыккан М. Хоментовский 1856-жылы май айында Тазабек башындагы албан уруусунун бийлерин жана сарыбагыштардын өкүлдөрүн чакыртып, Түп суусунун жээгинен аларды убактылуу элдештирген. Алардын ичинде белгилүү казак окумуштуусу, чыгыш таануучу Ч. Валиханов жана тилмеч И. Бардашевдер болуп, кийин алар кыргыздар тууралуу баалуу маалыматтарды жарыялашкан. Бул жерде Боромбай орус аскери үчүн Көл башына чеп куруудан айныганын билдирген. Орус отряды Верныйга кайтып кетери менен сарыбагыштар кайрадан бугулардын айылына кол салып, бул жолу да алар Кытай менен чектеш жерлерге качкан. Белгилүү саякатчы П. П. Семенов-Тянь-Шанский аларга өзү күбө болуп, дал ушул окуялар тууралуу кеңири эскерүүлөрүн калтырган. 1857–1860-жылдар аралагында майда-барат чыр-чатактар уланып, бугу уруусунун өтүнүчү менен Батыш Сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфорд 1860-жылы жазында генералдык штабдын капитаны М. Венюковдун жетекчилигинде атайын аскер экспедициясын уюштурган. Старшина Д. Шайтанов башкарган эки тоо замбирекчен жарым рота аткыч аскер жана 120 казак-орус отряды 10-майда Кастек аркылуу чыгып, бир тоо замбиреги менен куралданган хорунжий Жеребятьевдин кол алдындагы 75 казак-орус отряды Санташ аркылуу келип, Чоң Ак-Суу, Кичи Ак-Сууну конуштап отруган Адыл Субан уулун кармап кеткен. Ушул окуялардан улам уруу арасындагы чыр-чатактар акырындап тынчый баштаган. Бугу жана сарыбагыш урууларынын чабышы тууралуу маалыматтар көптөгөн элдик оозеки фольклордук чыгармаларда сакталып калган. Алардын ичинде тигил же бул уруунун кызыкчылыгын коргоп, экинчисин кемсинтип, айрым окуялар бурмаланып, чындыкка жакындабаган уламыштар кошулуп кетишин көп жолуктурууга болот.  

Ад.: Туркестанский край. Сборник материалов для истории завоевания. 1851 и 1852 гг. /Сост. полковник А. Г. Серебренников. Таш., 1915;  Бабков И. Ф. Воспоминания о моей службе в Западной Сибири. 1859–1875 гг. СПб., 1912; Семенов-Тян-Шанский П. П. Путешествие в Тянь-Шань в 1856–1857 годах. М., 1946; Джамгерчинов Б. Присоединение Киргизии к России, М., 1959; Ошонуку эле. Очерки политической истории Киргизии XIX века, Ф., 1966; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993. Т. 1-2; Ормон хан илимий эмгектерде жана архивдик материалдарда. /Түз. Ж. Токтоналиев. Б., 2002; Моисеев В. А. Россия и Китай в Центральной Азии (вторая половина XIX в. – 1917 г.). Барнаул, 2003; Махаева А. Ш. Қазақ-қырғыз саяси байланыстарының тарихы (ХVІІІ ғасырдың екінші жартысы – ХХ ғасырдың бас кезі). А., 2007.