БЛОК Александр Александрович: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БЛОК ''' Александр Александрович [16(28). 11. 1880, Петербург – 7. 8. 1921, Петроград] – орус акыны. Петербург ун-тинин тарых-филология ф-тин бүтүргөн (1906). 5 жашынан ыр жаза баштаган. Чыг-лыгынын алгачкы учурунда акын Владимир Соловьёвдун идеялык таасиринде жүргөн. Бул анын «Асылзаада аял жөнүндө ыр» деген китебинен байкалат. 1903-жылдан поэзиясына социалдык темалар кире баштайт. Биринчи орус ревясы (1905–07) анын көз карашы м-н чыг-лыгына жаӊыча багыт берген. Анын
'''БЛОК ''' '''Александр Александрович''' [16(28). 11. 1880, Петербург – 7. 8. 1921, Петроград] – орус акыны. Петербург университетинин тарых-филология факультетин бүтүргөн (1906). 5 жашынан ыр жаза баштаган. Чыгармачылыгынын алгачкы учурунда акын Владимир Соловьёвдун идеялык таасиринде жүргөн. Бул анын «Асылзаада аял жөнүндө ыр» деген китебинен байкалат. 1903-жылдан поэзиясына социалдык темалар кире баштайт. Биринчи орус революциясы (1905–07) анын көз карашы менен чыгармачылыгына жаӊыча багыт берген. Анын<br/>
<br/>
[[File:БЛОК 136.png | thumb | none]]
[[File:БЛОК 136.png | thumb | none]]
чыгармаларында рев-я бороонун алдынала туюу («Эркин ойлор», 1907; «Куликов талаасында», 1908; «Жаза» поэмасы, 1910–21), коомдогу терс көрүнүштөргө жек көрүү сезими («Шаар», 1904–08; «Коркунучтуу дүйнө», 1909–14) туюлат. «Италия ырлары» (1909), «Гүл менен табыт» (1912–13), «Булбул багы» (1915) деген поэтикалык чыгармалары бар. «Он эки» поэмасынын (1918), «Бейтааныш», «Балаганчик», «Аянттагы король» (1906) пьесаларынын, иск-во м-н ад-тка байланыштуу көптөгөн сын макалалардын, очерктердин автору. Анын чыгармаларына ички драматизм, филос. интеллектуалдуулук, конфликттердин курч коюлушу, назик лиризм мүнөздүү. Ырлары көп тилдерде басылып чыккан ж-а айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган. Чыг.: Собр. соч.: В 8 т. М.; Л., 1960–1963; Тандалган ырлар жана поэмалар. Ф., 1974.  
чыгармаларында революция бороонун алдын ала туюу («Эркин ойлор», 1907; «Куликов талаасында», 1908; «Жаза» поэмасы, 1910–21), коомдогу терс көрүнүштөргө жек көрүү сезими («Шаар», 1904–08; «Коркунучтуу дүйнө», 1909–14) туюлат. «Италия ырлары» (1909), «Гүл менен табыт» (1912–13), «Булбул багы» (1915) деген поэтикалык чыгармалары бар. «Он эки» поэмасынын (1918), «Бейтааныш», «Балаганчик», «Аянттагы король» (1906) пьесаларынын, искусство менен адабиятка байланыштуу көптөгөн сын макалалардын, очерктердин автору. Анын чыгармаларына ички драматизм, философиялык интеллектуалдуулук, конфликттердин курч коюлушу, назик лиризм мүнөздүү. Ырлары көп тилдерде басылып чыккан жана айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган.
 
Чыг.: Собр. соч.: В 8 т. М.; Л., 1960–1963; Тандалган ырлар жана поэмалар. Ф., 1974.  
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

02:05, 24 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БЛОК Александр Александрович [16(28). 11. 1880, Петербург – 7. 8. 1921, Петроград] – орус акыны. Петербург университетинин тарых-филология факультетин бүтүргөн (1906). 5 жашынан ыр жаза баштаган. Чыгармачылыгынын алгачкы учурунда акын Владимир Соловьёвдун идеялык таасиринде жүргөн. Бул анын «Асылзаада аял жөнүндө ыр» деген китебинен байкалат. 1903-жылдан поэзиясына социалдык темалар кире баштайт. Биринчи орус революциясы (1905–07) анын көз карашы менен чыгармачылыгына жаӊыча багыт берген. Анын