БЛОНСКИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БЛО́НСКИЙ ''' Павел Петрович [14 (26). 5. 1884, Киев –15. 2. 1941, Москва] – педагог ж-а психолог, педагогика илимд. доктору (1935), педологиянын эӊ алгачкы теоретиктеринин бири. Коомдук тарбия академиясын түзүүгө катышкан ж-а аны жетектеген. Б-дин баштапкы чыгармалары тарыхый-филос. ж-а тарыхый-пед. өӊүттө болгон. Эмгекке ж-а политехнизмге негизделген массалык толук эмес орто билим берүүнү баланын коом мүчөсү катары калыптанышынын башкы фактору катары негиздеген. Анын бул эмгектери мектеп системасынын курулушунда теор.-пед. негиздемелердин бири катары кабыл алынган. Б-дин түрдүү курактагы балдардын табияты ж-а аларды тарбиялоо, окутуунун өзгөчөлүктөрү ж-дөгү көз караштары «Педология» (1934; 2-чыгарылышы, 1936) окуу китебинде корутундуланган. Ал эми «Психологиялык очерктер» (1927) аттуу китебинде психол. турмуштун келип чыгышын ж-а өнүгүшүн психол. ишмердиктин түрдүү деӊгээлдери катары чечмелеген.
'''БЛО́НСКИЙ ''' '''Павел Петрович''' [14 (26). 5. 1884, Киев –15. 2. 1941, Москва] – педагог жана психолог, педагогика илимдеринин доктору (1935), педологиянын эӊ алгачкы теоретиктеринин бири. Коомдук тарбия академиясын түзүүгө катышкан жана аны жетектеген. Блонскийдин баштапкы чыгармалары тарыхый-философиялык жана тарыхый-педагогикалык өӊүттө болгон. Эмгекке жана политехнизмге негизделген массалык толук эмес орто билим берүүнү баланын коом мүчөсү катары калыптанышынын башкы фактору катары негиздеген. Анын бул эмгектери мектеп системасынын курулушунда теориялык-педагогикалык негиздемелердин бири катары кабыл алынган. Блонскийдин түрдүү курактагы балдардын табияты жана аларды тарбиялоо, окутуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү көз караштары «Педология» (1934; 2-чыгарылышы, 1936) окуу китебинде корутундуланган. Ал эми «Психологиялык очерктер» (1927) аттуу китебинде психологиялык турмуштун келип чыгышын жана өнүгүшүн психологиялык ишмердиктин түрдүү деӊгээлдери катары чечмелеген.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

02:24, 24 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БЛО́НСКИЙ Павел Петрович [14 (26). 5. 1884, Киев –15. 2. 1941, Москва] – педагог жана психолог, педагогика илимдеринин доктору (1935), педологиянын эӊ алгачкы теоретиктеринин бири. Коомдук тарбия академиясын түзүүгө катышкан жана аны жетектеген. Блонскийдин баштапкы чыгармалары тарыхый-философиялык жана тарыхый-педагогикалык өӊүттө болгон. Эмгекке жана политехнизмге негизделген массалык толук эмес орто билим берүүнү баланын коом мүчөсү катары калыптанышынын башкы фактору катары негиздеген. Анын бул эмгектери мектеп системасынын курулушунда теориялык-педагогикалык негиздемелердин бири катары кабыл алынган. Блонскийдин түрдүү курактагы балдардын табияты жана аларды тарбиялоо, окутуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү көз караштары «Педология» (1934; 2-чыгарылышы, 1936) окуу китебинде корутундуланган. Ал эми «Психологиялык очерктер» (1927) аттуу китебинде психологиялык турмуштун келип чыгышын жана өнүгүшүн психологиялык ишмердиктин түрдүү деӊгээлдери катары чечмелеген.