ВАСИЛИЙ III ИВАНОВИЧ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:59, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

ВАСИ́ЛИЙ III ИВА́НОВИЧ (23.3.1479, Москва – 4. 12.1533, ошол эле жерде) – 1505-жылдан Москванын улуу князы. Иван III Васильевич м-н византиялык акыркы императордун жээни – Софья Палеологдун уулу. Мамлекетти борбордоштуруу үчүн атасы Иван IIIнүн күрөшүн уланткан. Анын тушунда чачыранды орус эли биротоло бириккен. Ал Псковду (1510), Литва м-н согушта Смоленскини (1514), Рязань княздыгын (1521) кошуп алган, динчилерге таянып, оппозицияга каршы саясий күрөш жүргүзгөн, дворяндардын мүдөөсүн көздөп, алардын жер ээлөө укугун кеӊейткен. Анын тушунда орус мад-ты бир топ өнүккөн.