БОДУН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БОДУН – ''' кыргыз, түрк ж-а уйгур мамлекеттериндеги социалдык катмар. Орхон-Енисей ж-а Турфан жазууларында «калк»; «букара»; «эл», о. эле «калайык калк» ж-а «карапайым калк» деген да маанисин туюнтат. Күлтегин эстелигинде: «түрк бектери жана бодун (карапайым калк) аны уккула», – деп айтылат. Руникалык эстеликтерде байкалгандай Б. аталышы этностук топту белгилөө үчүн да пайдаланылган. Ошол эле Күлтегин эстелигинде «Өзүм тардуш бодун [га] (элине) шад болчумун», – деп айтылат. Айрым жазма булактарда «бодун будун» деп, кош аталыш түрүндө жазылат ж-а ал «тургундар» маанисин туюнтат. Кыргыздарга тиешелүү рун эстеликтеринде «будун» деген аталышта кездешет. Мындан тышкары кыргыз эпитафияларында «кара будун» аталышы арбын колдонулуп, ал элди үндөө же чакырык маанисинде айтылчу «калайык калк»; «жумурай журт» деген түшүнүктөргө дал келет.
'''БОДУН – ''' кыргыз, түрк жана уйгур мамлекеттериндеги социалдык катмар. Орхон-Енисей жана Турфан жазууларында «калк»; «букара»; «эл», ошондой эле «калайык калк» жана «карапайым калк» деген да маанисин туюнтат. Күлтегин эстелигинде: «түрк бектери жана бодун (карапайым калк) аны уккула», – деп айтылат. Руникалык эстеликтерде байкалгандай Бодун аталышы этностук топту белгилөө үчүн да пайдаланылган. Ошол эле Күлтегин эстелигинде «Өзүм тардуш бодун [га] (элине) шад болчумун», – деп айтылат. Айрым жазма булактарда «бодун будун» деп, кош аталыш түрүндө жазылат жана ал «тургундар» маанисин туюнтат. Кыргыздарга тиешелүү рун эстеликтеринде «будун» деген аталышта кездешет. Мындан тышкары кыргыз эпитафияларында «кара будун» аталышы арбын колдонулуп, ал элди үндөө же чакырык маанисинде айтылчу «калайык калк»; «жумурай журт» деген түшүнүктөргө дал келет.<br/>''М. Кожобеков.''
<br/>''М. Кожобеков.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:53, 24 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БОДУН – кыргыз, түрк жана уйгур мамлекеттериндеги социалдык катмар. Орхон-Енисей жана Турфан жазууларында «калк»; «букара»; «эл», ошондой эле «калайык калк» жана «карапайым калк» деген да маанисин туюнтат. Күлтегин эстелигинде: «түрк бектери жана бодун (карапайым калк) аны уккула», – деп айтылат. Руникалык эстеликтерде байкалгандай Бодун аталышы этностук топту белгилөө үчүн да пайдаланылган. Ошол эле Күлтегин эстелигинде «Өзүм тардуш бодун [га] (элине) шад болчумун», – деп айтылат. Айрым жазма булактарда «бодун будун» деп, кош аталыш түрүндө жазылат жана ал «тургундар» маанисин туюнтат. Кыргыздарга тиешелүү рун эстеликтеринде «будун» деген аталышта кездешет. Мындан тышкары кыргыз эпитафияларында «кара будун» аталышы арбын колдонулуп, ал элди үндөө же чакырык маанисинде айтылчу «калайык калк»; «жумурай журт» деген түшүнүктөргө дал келет.
М. Кожобеков.