БОЗ-ЖАЛПАК ТООСУ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БОЗ-ЖАЛПАК ТООСУ ''' Борколдой тоосунун | '''БОЗ-ЖАЛПАК ТООСУ ''' Борколдой тоосунун түштүк-чыгышында. Батышы менен түндүгүнөн Борколдой, Баралбас өрөөндөрү, түштүгүнөн Боз-Жалпак ойдуӊу менен чектешет. Чыгышы Кара-Бел (түштүк) жана Миӊ-Теке (түндүк) өрөөндөрүн бөлүп турат. Узундугу 38 ''км,'' туурасы 6–12 ''км.'' Орточо бийиктиги 4100 ''м,'' эӊ бийик чокусу 4447 ''м'' (Боз-Жалпак суусунун башталышында). Асимметриялык түзүлүштө: түштүк капталы тик, кыска; түндүгү жантайыӊкы. Эки капталында теӊ тепши сымал туюк өрөөндөр бар. Кыр бөлүгүндө байыркы түздүктөрдүн калдыктары кездешет. Төмөнкү жана ортонку карбондун сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн. Тоонун түштүк капталы каксоо; тик капталдуу аскалардын этегинде, эшилген шагыл кумдарда баялыш, чекенде, түндүк капталында (3200–4000 ''м'' бийиктикте) кара-күрөӊ топуракта кара кыяк, теӊир-тоо бетегеси, шыбактуу доӊуз сырты, жылгын ж. б., андан жогору (4000–4300 ''м'') субальп жана альп өсүмдүктөрү (бетеге, теӊир-тоо чыйпылдагы, тарак баш, боз терескен, кылкандуу күдүү, айгыр жыгар ж. б.) өсөт. Жайыт. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
07:33, 24 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы
БОЗ-ЖАЛПАК ТООСУ Борколдой тоосунун түштүк-чыгышында. Батышы менен түндүгүнөн Борколдой, Баралбас өрөөндөрү, түштүгүнөн Боз-Жалпак ойдуӊу менен чектешет. Чыгышы Кара-Бел (түштүк) жана Миӊ-Теке (түндүк) өрөөндөрүн бөлүп турат. Узундугу 38 км, туурасы 6–12 км. Орточо бийиктиги 4100 м, эӊ бийик чокусу 4447 м (Боз-Жалпак суусунун башталышында). Асимметриялык түзүлүштө: түштүк капталы тик, кыска; түндүгү жантайыӊкы. Эки капталында теӊ тепши сымал туюк өрөөндөр бар. Кыр бөлүгүндө байыркы түздүктөрдүн калдыктары кездешет. Төмөнкү жана ортонку карбондун сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн. Тоонун түштүк капталы каксоо; тик капталдуу аскалардын этегинде, эшилген шагыл кумдарда баялыш, чекенде, түндүк капталында (3200–4000 м бийиктикте) кара-күрөӊ топуракта кара кыяк, теӊир-тоо бетегеси, шыбактуу доӊуз сырты, жылгын ж. б., андан жогору (4000–4300 м) субальп жана альп өсүмдүктөрү (бетеге, теӊир-тоо чыйпылдагы, тарак баш, боз терескен, кылкандуу күдүү, айгыр жыгар ж. б.) өсөт. Жайыт.