ВАСИЛИЙ ШУЙСКИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:59, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

ВАСИ́ЛИЙ ШУ́ЙСКИЙ В а с и л и й И в а н о в и ч Ш у й с к и й (1552–22. 9. 1612, Речь Посполита, Гостынин) – орус падышасы (1606–10). Суздалдык княздар тукумунан. 1584-жылдан бояр. Борис Годуновго каршы күрөшкө катышып, жазаланган. Жалган Дмитрий I тактыдан кулаганда В. Ш. падыша деп жарыяланган. Бул боярлар м-н дворяндар ортосундагы каршылыкты күчөтүп, 17-к-дын башындагы дыйкандар согушунун курчушуна алып келген. 1607-ж. октябрда В. Ш-дин өкмөтү Болотников башында болгон дыйкандар согушун араӊ баскан. В. Ш-дин өкмөтү 1607-ж. августта кайрадан башталган поляк интервенциясына каршы күрөш уюштура албаган. Буга калктын калыӊ катмары гана эмес, дворяндар да нааразы болгон. 1610-ж. 17-июлда В. Ш. тактан түшүрүлүп, зордук м-н кечил (монах) болгон ж-а Гостынинде сепилде камакта өлгөн. Ад.: Абрамович Г. В. Князья Шуйские и российский трон. Л., 1991; Платонов С. Ф. Очерки по истории смуты в Московском государстве XVI– XVII вв. 5-е изд. М., 1995. Флоря Б. Н. Польско-литовская интервенция в России и русское общество. М., 2005.