БОКАРЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БО́КАРЕВ ''' Иван Васильевич (17. 5. 1923, Казакстан, Алматы обл., Ак-Суу р-ну, Бакалы кыш. є. ж. б.) – Даӊк орденинин толук кавалери. 1934-жылдан Кырг-ндын аймагындагы Кемин р-нунун Боролдой кыш-нда жашаган. Согушка чейин ошол жерде колхоздо комбайнчы болуп иштеген. 1942-ж. Сов. Армиянын катарына чакырылган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ал аткычтар полкунун чалгынчылар взводунда бөлүмчөнүн командири болгон. Биринчи Украин фронтунда согушуп, Украинанын сол жээгин, Запорожьени бошотууга, Львов-Сандомир операциясына катышкан. Луцк ж-а Житомир ш-ларын бошотууда ж-а Польшадагы ийгиликтүү чалгындоо операциясы үчүн ал 1944–45-ж. үч жолу Даӊк орденин (1944-ж. 28-августа, ошол эле жылы 21-октябрда ж-а 1945-ж. 14-мартта) алууга татыктуу болгон. Согуштан кийин респ-нын чарба иштеринде эмгектенген. 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, 3-даражадагы «Манас» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Бишкектин Жеңиш аянтындагы мемориалдык тактага ысмы жазылган.
'''БО́КАРЕВ ''' '''Иван Васильевич''' (17. 5. 1923, Казакстан, Алматы облусу, Ак-Суу району, Бакалы кыштагы өлгөн жылы белгисиз) – Даӊк орденинин толук кавалери. 1934-жылдан Кыргызстандын аймагындагы Кемин районунун Боролдой кыштагында жашаган. Согушка чейин ошол жерде колхоздо комбайнчы болуп иштеген. 1942-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ал аткычтар полкунун чалгынчылар взводунда бөлүмчөнүн командири болгон. Биринчи Украин фронтунда согушуп, Украинанын сол жээгин, Запорожьени бошотууга, Львов-Сандомир операциясына катышкан. Луцк жана Житомир шаарларын бошотууда жана Польшадагы ийгиликтүү чалгындоо операциясы үчүн ал 1944–45-жылдары үч жолу Даӊк орденин (1944-жылы 28-августа, ошол эле жылы 21-октябрда жана 1945-жылы 14-мартта) алууга татыктуу болгон. Согуштан кийин республиканын чарба иштеринде эмгектенген. 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, 3-даражадагы «Манас» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Бишкектин Жеңиш аянтындагы мемориалдык тактага ысмы жазылган.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

02:34, 25 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БО́КАРЕВ Иван Васильевич (17. 5. 1923, Казакстан, Алматы облусу, Ак-Суу району, Бакалы кыштагы – өлгөн жылы белгисиз) – Даӊк орденинин толук кавалери. 1934-жылдан Кыргызстандын аймагындагы Кемин районунун Боролдой кыштагында жашаган. Согушка чейин ошол жерде колхоздо комбайнчы болуп иштеген. 1942-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ал аткычтар полкунун чалгынчылар взводунда бөлүмчөнүн командири болгон. Биринчи Украин фронтунда согушуп, Украинанын сол жээгин, Запорожьени бошотууга, Львов-Сандомир операциясына катышкан. Луцк жана Житомир шаарларын бошотууда жана Польшадагы ийгиликтүү чалгындоо операциясы үчүн ал 1944–45-жылдары үч жолу Даӊк орденин (1944-жылы 28-августа, ошол эле жылы 21-октябрда жана 1945-жылы 14-мартта) алууга татыктуу болгон. Согуштан кийин республиканын чарба иштеринде эмгектенген. 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, 3-даражадагы «Манас» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Бишкектин Жеңиш аянтындагы мемориалдык тактага ысмы жазылган.