БОЛГАРЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БОЛГАРЛАР ''' – тїш. славян эли, Болгария Респ-нын негизги калкы. Б. эрте орто кылым доорунда пайда болгон Украина, АКШ, Молдова, Тїн. Македония, Сербия, Россия, Румыния, Грекия, Түркия, Венгрияда да жашашат. Жалпы саны 7 млн, а. и. Болгарияда 5 664 624 (2011). Болгар тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери негизинен православие дининде, айрымдары гана католик, протестант, мусулман. Б. сербдер ж-а хорваттар м-н бирге түш. славяндар катары эсептелет. Б-дын этностук негизин фракийлер (Чыгыш Балкан ж. а-нын байыркы жашоочулары) ж-а түрк тилдүү протоболгарлар (670-ж. Кара деӊиз боюнан келишкен) м-н ассимиляцияланган славян уруулары (6–7-к-да Балканга көчүп келишкен) түзгөн. Түрк тилдүү протоболгарлар м-н славяндардын биригиши (7-к.) Болгар мамлекетинин пайда болушуна өбөлгө түзүп, ал Болгария деп аталган. 8–9-кда тунгуч Болгар падышалыгы түзүлүп, Б-дын славян тилдүү бир элге айланышына, акча-товар мамилелеринин өнүгүшүнө, славян урууларынын консолидацияланышына түрткү берген. Б-дын эл катары калыптанышына 865-ж. христиан динин кабыл алышы ж-а славян жазмасынын таркалышы
'''БОЛГАРЛАР ''' – түштүк славян эли, Болгария Республикасынын негизги калкы. Болгарлар эрте орто кылым доорунда пайда болгон Украина, АКШ, Молдова, Түндүк Македония, Сербия, Россия, Румыния, Грекия, Түркия, Венгрияда да жашашат. Жалпы саны 7 млн, анын ичинен Болгарияда 5 664 624 (2011). Болгар тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери негизинен православие дининде, айрымдары гана католик, протестант, мусулман. Болгарлар сербдер жана хорваттар менен бирге түштүк славяндар катары эсептелет. Болгарлардын этностук негизин фракийлер (Чыгыш Балкан жарым аралынын байыркы жашоочулары) жана түрк тилдүү протоболгарлар (670-жылы Кара деӊиз боюнан келишкен) менен ассимиляцияланган славян уруулары (6–7-кылымдарда Балканга көчүп келишкен) түзгөн. Түрк тилдүү протоболгарлар менен славяндардын биригиши (7-кылым) Болгар мамлекетинин пайда болушуна өбөлгө түзүп, ал Болгария деп аталган. 8–9-кылымдарда тунгуч Болгар падышалыгы түзүлүп, Болгарлардын славян тилдүү бир элге айланышына, акча-товар мамилелеринин өнүгүшүнө, славян урууларынын консолидацияланышына түрткү берген. Болгарлардын эл катары калыптанышына 865-жылы христиан динин кабыл алышы жана славян жазмасынын таркалышы<br/>
<br/>
[[File:БОЛГАРЛАР59.png | thumb | none]]
[[File:БОЛГАРЛАР59.png | thumb | none]]
маанилүү роль ойногон. Экинчи Болгар падышалыгынын мезгилинде (12-к-дын аягы – 14-к.) Б-дын мад-ты жогорку деӊгээлде өнүккөн. Б-дын түрк үстөмдүгүнө (18-к. аягы – 19-к. башы) каршы улуттук-боштондук күрөшү кайрадан улуттук биримдикке алып келген. 1977–78-ж. орус-түрк согушунда Россиянын жеӊиши м-н болгар эли көз каранды эместикке жетишип, мамлекеттүүлүккө ээ болушкан. Б. дыйканчылык, мал чарбачылык м-н кесиптенишип, кыштан салынган 2–3 кабаттуу үйлөрдө жашашкан. Аялдар туника сыяктуу көйнөк, жеӊсиз кемсел, алжапкыч, улгайгандары сарафан (сукман) кийишип, белине эндүү кездемеден жазы кур курчанып, башына жоолук салынат. Эркектери туника сыяктуу көйнөк, кенен шым, тизеге чейин жеткен кемсел кийишип, жазы кур курчанышат. Тамак-ашы – жашылча кошуп бышырылган эт тамактары, сүт, дан азыктары, жашылча, жер-жемиштер. Суусундук катары кофе, бозо колдонулат. Б. өздөрүнүн көптөгөн байыркы улуттук майрамдарын сактап калышкан. Мис., Сурва година (Жаӊы жыл), 1-Март – Жаз майрамы ж. б. ''Ш. Керимова.''
маанилүү роль ойногон. Экинчи Болгар падышалыгынын мезгилинде (12-кылымдын аягы – 14-кылым) Болгарлардын маданияты жогорку деӊгээлде өнүккөн. Болгарлардын түрк үстөмдүгүнө (18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башы) каршы улуттук-боштондук күрөшү кайрадан улуттук биримдикке алып келген. 1877–78-ж. орус-түрк согушунда Россиянын жеӊиши менен болгар эли көз каранды эместикке жетишип, мамлекеттүүлүккө ээ болушкан. Болгарлар дыйканчылык, мал чарбачылык менен кесиптенишип, кыштан салынган 2–3 кабаттуу үйлөрдө жашашкан. Аялдар туника сыяктуу көйнөк, жеӊсиз кемсел, алжапкыч, улгайгандары сарафан (сукман) кийишип, белине эндүү кездемеден жазы кур курчанып, башына жоолук салынат. Эркектери туника сыяктуу көйнөк, кенен шым, тизеге чейин жеткен кемсел кийишип, жазы кур курчанышат. Тамак-ашы – жашылча кошуп бышырылган эт тамактары, сүт, дан азыктары, жашылча, жер-жемиштер. Суусундук катары кофе, бозо колдонулат. Болгарлар өздөрүнүн көптөгөн байыркы улуттук майрамдарын сактап калышкан. Мисалы, Сурва година (Жаӊы жыл), 1-Март – Жаз майрамы ж. б. ''Ш. Керимова.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:30, 25 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БОЛГАРЛАР – түштүк славян эли, Болгария Республикасынын негизги калкы. Болгарлар эрте орто кылым доорунда пайда болгон Украина, АКШ, Молдова, Түндүк Македония, Сербия, Россия, Румыния, Грекия, Түркия, Венгрияда да жашашат. Жалпы саны 7 млн, анын ичинен Болгарияда 5 664 624 (2011). Болгар тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери негизинен православие дининде, айрымдары гана католик, протестант, мусулман. Болгарлар сербдер жана хорваттар менен бирге түштүк славяндар катары эсептелет. Болгарлардын этностук негизин фракийлер (Чыгыш Балкан жарым аралынын байыркы жашоочулары) жана түрк тилдүү протоболгарлар (670-жылы Кара деӊиз боюнан келишкен) менен ассимиляцияланган славян уруулары (6–7-кылымдарда Балканга көчүп келишкен) түзгөн. Түрк тилдүү протоболгарлар менен славяндардын биригиши (7-кылым) Болгар мамлекетинин пайда болушуна өбөлгө түзүп, ал Болгария деп аталган. 8–9-кылымдарда тунгуч Болгар падышалыгы түзүлүп, Болгарлардын славян тилдүү бир элге айланышына, акча-товар мамилелеринин өнүгүшүнө, славян урууларынын консолидацияланышына түрткү берген. Болгарлардын эл катары калыптанышына 865-жылы христиан динин кабыл алышы жана славян жазмасынын таркалышы

маанилүү роль ойногон. Экинчи Болгар падышалыгынын мезгилинде (12-кылымдын аягы – 14-кылым) Болгарлардын маданияты жогорку деӊгээлде өнүккөн. Болгарлардын түрк үстөмдүгүнө (18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башы) каршы улуттук-боштондук күрөшү кайрадан улуттук биримдикке алып келген. 1877–78-ж. орус-түрк согушунда Россиянын жеӊиши менен болгар эли көз каранды эместикке жетишип, мамлекеттүүлүккө ээ болушкан. Болгарлар дыйканчылык, мал чарбачылык менен кесиптенишип, кыштан салынган 2–3 кабаттуу үйлөрдө жашашкан. Аялдар туника сыяктуу көйнөк, жеӊсиз кемсел, алжапкыч, улгайгандары сарафан (сукман) кийишип, белине эндүү кездемеден жазы кур курчанып, башына жоолук салынат. Эркектери туника сыяктуу көйнөк, кенен шым, тизеге чейин жеткен кемсел кийишип, жазы кур курчанышат. Тамак-ашы – жашылча кошуп бышырылган эт тамактары, сүт, дан азыктары, жашылча, жер-жемиштер. Суусундук катары кофе, бозо колдонулат. Болгарлар өздөрүнүн көптөгөн байыркы улуттук майрамдарын сактап калышкан. Мисалы, Сурва година (Жаӊы жыл), 1-Март – Жаз майрамы ж. б. Ш. Керимова.