БОЛОТ БИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БОЛОТ БИЙ''' ''Маматкул'' уулу (болжол менен 1680-жылдар, Фергана өрөөнү – 1758-жылдан кийин, Кетмен-Төбө өрөөнү) – сарыбагыш уруусунун бийи, ''Эсенгул баатырдын'' атасы. ''Белек Солтоноев'' боюнча ал кыргыздар калмактан сүрүлүп, Сыр-Дарыяны кечип өтүп жатканда туулган. Болот бийдин ата-бабалары (Маматкул, Үчүкө, Сарысейит, Сүтөй, Манап, Дөөлөс, Кылжыр ж.б.), анын туулушу, ''Санчы сынчыга'' сынатып, аял таңдап үйлөнүшү, Эсенгул аттуу уулду болушу, небереси ''Ниязбек'' жана андан туулган ''Ормон'' тууралуу уламыштар кыргыздардын оозеки санжыраларынын көп варианттарында жолугат. XVIII кылымга тиешелүү кытай жазма маалыматтарында (кара: «''Сиюй чжи''») Болот бий өзүнө караштуу «2 миң түтүн бурут (кыргыз) менен Туюй Хуярда /Туюк жар/ жер иштетип, мал» бакканы айтылган. Болоттун мартабалуу жана өтө берешен манап болгону тууралуу кыскача маалымат Ч. ''Валихановдун'' эмгегинде да эскерилет. Оозеки кабарларга караганда Болот бий Кетмен-Төбөдө көз жуумган жана сөөгү Арстанбаптагы Кызыл-Үңкүргө коюлган.  
'''БОЛОТ БИЙ''' '''''Маматкул'' уулу''' (болжол менен 1680-жылдар, Фергана өрөөнү – 1758-жылдан кийин, Кетмен-Төбө өрөөнү) – сарыбагыш уруусунун бийи, ''Эсенгул баатырдын'' атасы. ''Белек Солтоноев'' боюнча ал кыргыздар калмактан сүрүлүп, Сыр-Дарыяны кечип өтүп жатканда туулган. Болот бийдин ата-бабалары (Маматкул, Үчүкө, Сарысейит, Сүтөй, Манап, Дөөлөс, Кылжыр ж.б.), анын туулушу, ''Санчы сынчыга'' сынатып, аял таңдап үйлөнүшү, Эсенгул аттуу уулду болушу, небереси ''Ниязбек'' жана андан туулган ''Ормон'' тууралуу уламыштар кыргыздардын оозеки санжыраларынын көп варианттарында жолугат. XVIII кылымга тиешелүү кытай жазма маалыматтарында (кара: «''Сиюй чжи''») Болот бий өзүнө караштуу «2 миң түтүн бурут (кыргыз) менен Туюй Хуярда /Туюк жар/ жер иштетип, мал» бакканы айтылган. Болоттун мартабалуу жана өтө берешен манап болгону тууралуу кыскача маалымат Ч. ''Валихановдун'' эмгегинде да эскерилет. Оозеки кабарларга караганда Болот бий Кетмен-Төбөдө көз жуумган жана сөөгү Арстанбаптагы Кызыл-Үңкүргө коюлган.  


Ад.: ''Солтоноев Б.'' Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993. Т. 2; Супруненко Г. П. Материалы из китайских источников по истории киргизов XVIII –начала XIX веков. КР ИАсынын кол жазма фонду. Инв. № 5187; Валиханов Ч. Ч. Собр. соч. в 5и томах. Т. 2. А.-А., 1985.
Ад.: ''Солтоноев Б.'' Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993. Т. 2; Супруненко Г. П. Материалы из китайских источников по истории киргизов XVIII –начала XIX веков. КР ИАсынын кол жазма фонду. Инв. № 5187; Валиханов Ч. Ч. Собр. соч. в 5и томах. Т. 2. А.-А., 1985.

09:39, 25 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БОЛОТ БИЙ Маматкул уулу (болжол менен 1680-жылдар, Фергана өрөөнү – 1758-жылдан кийин, Кетмен-Төбө өрөөнү) – сарыбагыш уруусунун бийи, Эсенгул баатырдын атасы. Белек Солтоноев боюнча ал кыргыздар калмактан сүрүлүп, Сыр-Дарыяны кечип өтүп жатканда туулган. Болот бийдин ата-бабалары (Маматкул, Үчүкө, Сарысейит, Сүтөй, Манап, Дөөлөс, Кылжыр ж.б.), анын туулушу, Санчы сынчыга сынатып, аял таңдап үйлөнүшү, Эсенгул аттуу уулду болушу, небереси Ниязбек жана андан туулган Ормон тууралуу уламыштар кыргыздардын оозеки санжыраларынын көп варианттарында жолугат. XVIII кылымга тиешелүү кытай жазма маалыматтарында (кара: «Сиюй чжи») Болот бий өзүнө караштуу «2 миң түтүн бурут (кыргыз) менен Туюй Хуярда /Туюк жар/ жер иштетип, мал» бакканы айтылган. Болоттун мартабалуу жана өтө берешен манап болгону тууралуу кыскача маалымат Ч. Валихановдун эмгегинде да эскерилет. Оозеки кабарларга караганда Болот бий Кетмен-Төбөдө көз жуумган жана сөөгү Арстанбаптагы Кызыл-Үңкүргө коюлган.

Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993. Т. 2; Супруненко Г. П. Материалы из китайских источников по истории киргизов XVIII –начала XIX веков. КР ИАсынын кол жазма фонду. Инв. № 5187; Валиханов Ч. Ч. Собр. соч. в 5и томах. Т. 2. А.-А., 1985.