ВАСНЕЦОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:59, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

ВАСНЕЦО́В Виктор Михайлович [3 (15). 5. 1848, Вятск губ., Лопьял кыш. – 23.7.1926, Москва] – орус сүрөтчү-живописчиси, архитектор. И. Н. Крамскойдон (1867–68), Петербург көркөм сүрөт академиясынан (1868–75) таалим алган. 1893-ж. Академиянын анык мүчөлүгүнө шайланган. 1878-жылдан Москвада жашаган. Русь көркөм өнөрүн кайра

В. М. Васнецов. «Баатырлар». Мамл. орус музейи. жаратуу коомун уюштуруучулардын (1915) бири. Алгачкы чыгармаларында («Тилемчилик», 1876; «Согуштук телеграмма», 1878, Третьяков гал.) өз доорунун типтүү көрүнүштөрүн чагылдырган. 1880-жылдары орус тарыхына, элдик былиналар м-н жомокторго арналган чыгармалар жараткан. «Алёнушка» (1881), «Карышкыр минген ханзаада Иван» (1889), «Баатырлар» (1881–98), «Падыша Иван Васильевич Грозный» (1897) ж. б. эпикалык мүнөздөгү чыгармаларында эл эӊсеген идеалдар м-н ыйык патриоттук сезимдерди поэтикалык формада берген. В. Москвада тарых музейи үчүн «Таш доору» (1883–85) аттуу монументтүү панно жасаган. Элдик жомок темасында иштөөнү улантып, «Добрыня Никитичтин жети баштуу Ажыдаар Горыныч менен кармашы» (1918), «Өлбөс Кащей» (1917–26) деген чыгармаларды жараткан. В. портретчи катары да белгилүү. Москвада анын үй-музейи бар (1986). Ад.: Моргунов Н., Моргунова-Рудницкая Н. В. М. Васнецов. М., 1962.