БОР (химиялык элемент): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БОР ''' (лат. Borum), B – элементтердин мезгилдик системасынын III тобундагы хим. элемент. Ат. н. 5, ат. м. 10,811. Туруктуу 2 изотобу <sup>10</sup>В ж-а <sup>11</sup>В бар. 1808-ж. фр. химиктер Л. Ж. Тенар, Л. Ж. Гей-Люссак таза түрүндө бөлүп алышкан. Жер кыртышындагы массасы 3. 10<sup>–3</sup>%. Табиятта бирикмелер түрүндө гана кездешет. Металл эмес, кара түстөгү кристалл, эрүү t 2075°С. Катуулугу б-ча алмаздан кийинки 2-орунда турган диамагниттүү зат. Темп-ра жогорулаган сайын электр өткөргүчтүгү артат. Бирикмелеринде үч валенттүү. Абада 700°Сге чейин ысытканда В<sub>2</sub>О<sub>3</sub>кө айланат, суутек (Н<sub>2</sub>) м-н реакцияга кирбейт. Жогорку темп-рада галогендер м-н кошулуп, галогениддерди BJ<sub>3</sub>, азот м-н нитридди, көмүртек м-н карбидди, металлдар м-н бориддерди пайда кылат. Күкүрт ж-а туз к-таларында эрибейт; азот к-тасы м-н «падыша арагында» Б. к-тасына чейин кычкылданат. Жегичтер м-н кошуп ысытканда бораттар алынат. Ал В<sub>2</sub>О<sub>3</sub> ж-а BCl<sub>3</sub>тү калыбына келтирүүдөн, NaBF<sub>4</sub>тү электролиздөөдөн алынат. Ядролук техникада цемент, айнек өндүрүшүндө ж-а химия өнөр жайында боёк, кагаз, резина ж.б. өндүрүүдө колдонулат. Түстүү куймаларды, болотту алууда, алардын сапатын жакшыртуу максатында аз санда Б. кошулат. Темп-ра 600°Сге чейин көтөрүлгөндө, анын ток өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 эсе жогорулайт, ошондуктан жарым өткөргүч катары пайдаланылат.
'''БОР ''' (лат. Borum), B – элементтердин мезгилдик системасынын III тобундагы химиялык элемент. Ат. н. 5, ат. м. 10,811. Туруктуу 2 изотобу <sup>10</sup>В ж-а <sup>11</sup>В бар. 1808-ж. фр. химиктер Л. Ж. Тенар, Л. Ж. Гей-Люссак таза түрүндө бөлүп алышкан. Жер кыртышындагы массасы 3. 10<sup>–3</sup>%. Табиятта бирикмелер түрүндө гана кездешет. Металл эмес, кара түстөгү кристалл, эрүү t 2075°С. Катуулугу боюнча алмаздан кийинки 2-орунда турган диамагниттүү зат. Температура жогорулаган сайын электр өткөргүчтүгү артат. Бирикмелеринде үч валенттүү. Абада 700°Сге чейин ысытканда В<sub>2</sub>О<sub>3</sub>кө айланат, суутек (Н<sub>2</sub>) менен реакцияга кирбейт. Жогорку температурада галогендер менен кошулуп, галогениддерди BJ<sub>3</sub>, азот менен нитридди, көмүртек менен карбидди, металлдар менен бориддерди пайда кылат. Күкүрт жана туз кислоталарында эрибейт; азот кислотасы менен «падыша арагында» Бор кислотасына чейин кычкылданат. Жегичтер менен кошуп ысытканда бораттар алынат. Ал В<sub>2</sub>О<sub>3</sub> жана BCl<sub>3</sub>тү калыбына келтирүүдөн, NaBF<sub>4</sub>тү электролиздөөдөн алынат. Ядролук техникада цемент, айнек өндүрүшүндө жана химия өнөр жайында боёк, кагаз, резина ж.б. өндүрүүдө колдонулат. Түстүү куймаларды, болотту алууда, алардын сапатын жакшыртуу максатында аз санда Бор кошулат. Температура 600°Сге чейин көтөрүлгөндө, анын ток өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 эсе жогорулайт, ошондуктан жарым өткөргүч катары пайдаланылат.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:29, 26 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БОР (лат. Borum), B – элементтердин мезгилдик системасынын III тобундагы химиялык элемент. Ат. н. 5, ат. м. 10,811. Туруктуу 2 изотобу 10В ж-а 11В бар. 1808-ж. фр. химиктер Л. Ж. Тенар, Л. Ж. Гей-Люссак таза түрүндө бөлүп алышкан. Жер кыртышындагы массасы 3. 10–3%. Табиятта бирикмелер түрүндө гана кездешет. Металл эмес, кара түстөгү кристалл, эрүү t 2075°С. Катуулугу боюнча алмаздан кийинки 2-орунда турган диамагниттүү зат. Температура жогорулаган сайын электр өткөргүчтүгү артат. Бирикмелеринде үч валенттүү. Абада 700°Сге чейин ысытканда В2О3кө айланат, суутек (Н2) менен реакцияга кирбейт. Жогорку температурада галогендер менен кошулуп, галогениддерди BJ3, азот менен нитридди, көмүртек менен карбидди, металлдар менен бориддерди пайда кылат. Күкүрт жана туз кислоталарында эрибейт; азот кислотасы менен «падыша арагында» Бор кислотасына чейин кычкылданат. Жегичтер менен кошуп ысытканда бораттар алынат. Ал В2О3 жана BCl3тү калыбына келтирүүдөн, NaBF4тү электролиздөөдөн алынат. Ядролук техникада цемент, айнек өндүрүшүндө жана химия өнөр жайында боёк, кагаз, резина ж.б. өндүрүүдө колдонулат. Түстүү куймаларды, болотту алууда, алардын сапатын жакшыртуу максатында аз санда Бор кошулат. Температура 600°Сге чейин көтөрүлгөндө, анын ток өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 эсе жогорулайт, ошондуктан жарым өткөргүч катары пайдаланылат.