БОРБОРДУК ТЕӉИР-ТОО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БОРБОРДУК ТЕӉИР-ТОО ''' – Кырг-н аймагындагы ири физ.-геогр. аймак (провинция). Физ.-геогр. райондоштуруу б-ча (С. Өмүрзаков, 1983) Борб. Азия бийик тоолуу өлкөсүнүн Ички ж-а Б. Т.-Т-луу сырт обл-на кирет. Орографиялык жактан туюк, тоо-өрөөндүү табигый комплекс. Түштүгүнөн Какшаал тоо тизмеги, түндүгүнөн Тескей Ала-Тоо, батышынан Ак-Шыйрак, чыгышынан Меридиан кырка тоолору м-н чектешет. Б. Т.-Т. – Кыргыз Респ-нын ж-а Теӊир-Тоонун эӊ бийик бөлүгү; чыгышында Кан-Тоо (6995 ''м'') ж-а Жеӊиш (7439 ''м'') чокулары жайгашкан; эӊ жапыз жери (2000 ''м'') – Кытайдын чек арасына жакын, Сары-Жаз д-нын өрөөнүндө. Провинция Б. Т. -Т. орографиялык аймагына туура келип, бүт аймагы Сары-Жаз д-нын алабында жатат. Аянты 12 900 ''км''<sup>2</sup>. Аймак өтө тилмеленип, кеӊдикке жакын багытта созулган кырка тоолор системасынан турат. Ал тоолор Кан-Теӊир тоо тоомунан түш.-батышка салааланып тарайт. Алардын ичинде бийикт. 5000–6000 ''м'' келген Сары-Жаз, Эӊилчек, Кайыӊды, Көөлү, Теректи ж. б. кырка тоолор бар. Бардык кырка тоолор бири-биринен кууш, тереӊ тилмеленген, узата кеткен өрөөндөр м-н бөлүнөт. Бүткүл Б. Т.-Т-ну Сары-Жаз д. түндүктөн түштүктү карай каньон (шаӊшаар) сымал капчыгай аркылуу кесип өтөт да, аны кескин айырмаланган эки бөлүккө бөлөт: батыш (Көөлү – Ак-Шыйрак) ж-а чыгыш (Сары-Жаз). Жалпысынан провинцияга эрозиялык тереӊ капчыгайлар, тепши сымал ж-а туурасынан кеткен өрөөндөр, өтө тилмеленген бийик тоо рельефи, арсак-терсек кырлар, учтуу чокулар, төрлөр ж. б. мөӊгүнүн таасиринен пайда болгон рельеф формалары мүнөздүү. Мында башка денудациялык түздүктөр сейрек кездешет. Морфоструктуралык түзүлүшүндө палеозойдун (ордовиктен карбонго чейинки) чөкмө ж-а метаморфизмделген тектери негизги орунду ээлейт. Провинциянын Ортонку Теӊир-Тоого кирген түн. бөлүгүндө протерозойдо ж-а палеозойдун башталышы м-н аягында пайда болгон метаморфизмделген чөкмө тектер басымдуу. Аларды интрузия тектери жиреп чыккан. Карбонаттуу тоо тектер – акиташ тектүү сланец, акиташ теги, мрамор, доломит ж. б. кеӊири таралган. Чуӊкурчактар м-н өрөөндөр палеоген-неоген мезгилдеринде пайда болгон борпоӊ континенттик чөкмөлөрдөн (конгломераттын, кумдуктун, чопонун, аргиллиттин кызыл түстүү катмарлары) ж-а антропогендин мөӊгү, аллювий чөкмөлөрүнөн турат. Провинциянын климаты кескин континенттик, катаал. Ага темп-ранын жылдык ж-а суткалык амплитудасынын чоӊдугу, абанын кургактыгы, өтө ургаалдуу күн радиациясы (жылына 3000 саатка жакын күн тиет, бул Ысык-Көлдүн курорт зонасындагыдан кыйла көптүк кылат) мүнөздүү. Жылдык жаан-чачыны өрөөндөрдө 200–300 ''мм'', тоо капталдарында 300–400 ''мм'', гляциалдык-нивалдык зонада 900–1000 ''мм''. Алардын 90%ке жакыны жылдын жылуу мезгилине туура келет. Буулануунун 2800 ''м'' бийиктиктеги өлчөмү жаан-чачындыкынан 3–5 эсе көп. Июлдун орт. темп-расы 4–11°С, январдыкы –13°... –17°С. Кар аз жаагандыктан, кышкы жайыт катары пайдаланууга ыӊгайлуу. Б. Т.-Т. – азыркы кездеги муз каптоонун ири аймагы, андагы мөӊгүнүн аянты 2608 ''км''<sup>2 </sup>(Сары-Жаздын алабынын аянтынын 24%ин ээлейт). Бул жерде Теӊир-Тоодогу эӊ ири Түш. Эӊилчек мөӊгүсү жайгашкан, анын уз. 59 ''км'', аянты 613 ''км''<sup>2</sup>. Мөӊгүлүү жерлери: Кан-Теӊир тоо тоому, Ак-Шыйрак тоо массиви ж-а Тескей Ала-Тоонун түш. капталы. Кар чеги 4000 ''м''ден жогору (4200–4450 ''м''ге чейин) жатат. Б. Т.-Т. суу тармактарына бай, алар респ-дагы эӊ ири дарыялардын бири – Сары-Жаздын алабына кирет. Суусунун молдугу (140 ''м''<sup>3</sup>/''сек'') б-ча ал респ-да 2-орунда (Нарындан кийин). Дарыялары мөӊгү-кар ж-а кар-мөӊгү сууларынан куралат.  
'''БОРБОРДУК ТЕӉИР-ТОО ''' – Кыргызстан аймагындагы ири физикалык-географиялык аймак (провинция). Физикалык-географиялык райондоштуруу боюнча (С. Өмүрзаков, 1983) Борбордук Азия бийик тоолуу өлкөсүнүн Ички жана Борбордук Теңир-Тоолуу сырт облусуна кирет. Орографиялык жактан туюк, тоо-өрөөндүү табигый комплекс. Түштүгүнөн Какшаал тоо тизмеги, түндүгүнөн Тескей Ала-Тоо, батышынан Ак-Шыйрак, чыгышынан Меридиан кырка тоолору менен чектешет. Борбордук Теңир-Тоо – Кыргыз Республикасынын жана Теӊир-Тоонун эӊ бийик бөлүгү; чыгышында Кан-Тоо (6995 ''м'') жана Жеӊиш (7439 ''м'') чокулары жайгашкан; эӊ жапыз жери (2000 ''м'') – Кытайдын чек арасына жакын, Сары-Жаз дарыясынын өрөөнүндө. Провинция Борбордук Теңир-Тоо орографиялык аймагына туура келип, бүт аймагы Сары-Жаз дарыясынын алабында жатат. Аянты 12 900 ''км''<sup>2</sup>. Аймак өтө тилмеленип, кеӊдикке жакын багытта созулган кырка тоолор системасынан турат. Ал тоолор Кан-Теӊир тоо тоомунан түштүк-батышка салааланып тарайт. Алардын ичинде бийиктиги 5000–6000 ''м'' келген Сары-Жаз, Эӊилчек, Кайыӊды, Көөлү, Теректи ж. б. кырка тоолор бар. Бардык кырка тоолор бири-биринен кууш, тереӊ тилмеленген, узата кеткен өрөөндөр менен бөлүнөт. Бүткүл Борбордук Теңир-Тоону Сары-Жаз дарыясы түндүктөн түштүктү карай каньон (шаӊшаар) сымал капчыгай аркылуу кесип өтөт да, аны кескин айырмаланган эки бөлүккө бөлөт: батыш (Көөлү – Ак-Шыйрак) жана чыгыш (Сары-Жаз). Жалпысынан провинцияга эрозиялык тереӊ капчыгайлар, тепши сымал жана туурасынан кеткен өрөөндөр, өтө тилмеленген бийик тоо рельефи, арсак-терсек кырлар, учтуу чокулар, төрлөр ж. б. мөӊгүнүн таасиринен пайда болгон рельеф формалары мүнөздүү. Мында башка денудациялык түздүктөр сейрек кездешет. Морфоструктуралык түзүлүшүндө палеозойдун (ордовиктен карбонго чейинки) чөкмө жана метаморфизмделген тектери негизги орунду ээлейт. Провинциянын Ортонку Теӊир-Тоого кирген түндүк бөлүгүндө протерозойдо жана палеозойдун башталышы менен аягында пайда болгон метаморфизмделген чөкмө тектер басымдуу. Аларды интрузия тектери жиреп чыккан. Карбонаттуу тоо тектер – акиташ тектүү сланец, акиташ теги, мрамор, доломит ж. б. кеӊири таралган. Чуӊкурчактар менен өрөөндөр палеоген-неоген мезгилдеринде пайда болгон борпоӊ континенттик чөкмөлөрдөн (конгломераттын, кумдуктун, чопонун, аргиллиттин кызыл түстүү катмарлары) жана антропогендин мөӊгү, аллювий чөкмөлөрүнөн турат. Провинциянын климаты кескин континенттик, катаал. Ага темппературанын жылдык жана суткалык амплитудасынын чоӊдугу, абанын кургактыгы, өтө ургаалдуу күн радиациясы (жылына 3000 саатка жакын күн тиет, бул Ысык-Көлдүн курорт зонасындагыдан кыйла көптүк кылат) мүнөздүү. Жылдык жаан-чачыны өрөөндөрдө 200–300 ''мм'', тоо капталдарында 300–400 ''мм'', гляциалдык-нивалдык зонада 900–1000 ''мм''. Алардын 90%ке жакыны жылдын жылуу мезгилине туура келет. Буулануунун 2800 ''м'' бийиктиктеги өлчөмү жаан-чачындыкынан 3–5 эсе көп. Июлдун орточо темппературасы 4–11°С, январдыкы –13°... –17°С. Кар аз жаагандыктан, кышкы жайыт катары пайдаланууга ыӊгайлуу. Борбордук Теңир-Тоо – азыркы кездеги муз каптоонун ири аймагы, андагы мөӊгүнүн аянты 2608 ''км''<sup>2 </sup>(Сары-Жаздын алабынын аянтынын 24%ин ээлейт). Бул жерде Теӊир-Тоодогу эӊ ири Түштүк Эӊилчек мөӊгүсү жайгашкан, анын узундугу 59 ''км'', аянты 613 ''км''<sup>2</sup>. Мөӊгүлүү жерлери: Кан-Теӊир тоо тоому, Ак-Шыйрак тоо массиви жана Тескей Ала-Тоонун түштүк капталы. Кар чеги 4000 ''м''ден жогору (4200–4450 ''м''ге чейин) жатат. Борбордук Теңир-Тоо суу тармактарына бай, алар республикадагы эӊ ири дарыялардын бири – Сары-Жаздын алабына кирет. Суусунун молдугу (140 ''м''<sup>3</sup>/''сек'') боюнча ал республикада 2-орунда (Нарындан кийин). Дарыялары мөӊгү-кар жана кар-мөӊгү сууларынан куралат. <br/>Борбордук Теңир-Тоонун ландшафты Ак-Сай – Жогорку Нарын провинциясынын ландшафтына караганда ар түрдүүрөөк. Бийиктик алкактуулук структурасы даана байкалат. Төмөндөн жогору карай чөл, кургак талаа, талаа, токой, шалбаалуу талаа, субальп, альп, тундра, гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактарына ажырайт. Тоолуу күрөӊ чөл топурактуу тектирлерди, конус шилендилерин жана тоо капталдарынын төмөнкү бөлүктөрүн (2000–3000 ''м'') шыбак, баялыштуу чөл ээлейт. Борбордук Азия тибиндеги талаа (бетеге-птилагростистүү) жана кургак талаа (дан өсүмдүк-шыбактуу, дан өсүмдүктүү) көп кездешет. Токой-шалбаалуу талаа тилкеси 2700–3200 ''м'' бийикте жайгашкан, бирок аймак боюнча анча көп таралган эмес. Токойдо ийне жалбырактуулардан – шренк карагайы, жазы жалбырактуулардан – кайыӊ (сейрек) өсөт. Аймактын кургакчылыгына байланыштуу, андагы карагайлуу токой ксерофиттик мүнөздө. Талаа, шалбаалуу талаа, субальп, альп ландшафттары малга жайыт катары пайдаланылат. Кенге жана суу ресурстарына бай. Борбордук Теңир-Тоо Көөлү – Ак-Шыйрак, Сары-Жаз физикалык-географиялык округдарына бөлүнөт.<br/>Ад.: ''Чупахин В. М.'' Физическая география ТяньШаня. А.-А., 1964; Почвенное районирование Киргизии. Ф., 1961; Физико-географическое районирование СССР, М., 1968; Кыргызстан географиясы. Б., 2004.
<br/>Б. Т.-Тнун ландшафты Ак-Сай – Жогорку Нарын провинциясынын ландшафтына караганда ар түрдүүрөөк. Бийиктик алкактуулук структурасы даана байкалат. Төмөндөн жогору карай чөл, кургак талаа, талаа, токой, шалбаалуу талаа, субальп, альп, тундра, гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактарына ажырайт. Тоолуу күрөӊ чөл топурактуу тектирлерди, конус шилендилерин ж-а тоо капталдарынын төмөнкү бөлүктөрүн (2000–3000 ''м'') шыбак, баялыштуу чөл ээлейт. Борб. Азия тибиндеги талаа (бетеге-птилагростистүү) ж-а кургак талаа (дан өсүмдүк-шыбактуу, дан өсүмдүктүү) көп кездешет. Токой-шалбаалуу талаа тилкеси 2700–3200 ''м'' бийикте жайгашкан, бирок аймак б-ча анча көп таралган эмес. Токойдо ийне жалбырактуулардан – шренк карагайы, жазы жалбырактуулардан – кайыӊ (сейрек) өсөт. Аймактын кургакчылыгына байланыштуу, андагы карагайлуу токой ксерофиттик мүнөздө. Талаа, шалбаалуу талаа, субальп, альп ландшафттары малга жайыт катары пайдаланылат. Кенге ж-а суу ресурстарына бай. Б. Т.-Т. Көөлү – Ак-Шыйрак, Сары-Жаз физ.-геогр. округдарына бөлүнөт.
<br/>Ад.: ''Чупахин В. М.'' Физическая география ТяньШаня. А.-А., 1964; Почвенное районирование Киргизии. Ф., 1961; Физико-географическое районирование СССР, М., 1968; Кыргызстан географиясы. Б., 2004.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:30, 29 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БОРБОРДУК ТЕӉИР-ТОО – Кыргызстан аймагындагы ири физикалык-географиялык аймак (провинция). Физикалык-географиялык райондоштуруу боюнча (С. Өмүрзаков, 1983) Борбордук Азия бийик тоолуу өлкөсүнүн Ички жана Борбордук Теңир-Тоолуу сырт облусуна кирет. Орографиялык жактан туюк, тоо-өрөөндүү табигый комплекс. Түштүгүнөн Какшаал тоо тизмеги, түндүгүнөн Тескей Ала-Тоо, батышынан Ак-Шыйрак, чыгышынан Меридиан кырка тоолору менен чектешет. Борбордук Теңир-Тоо – Кыргыз Республикасынын жана Теӊир-Тоонун эӊ бийик бөлүгү; чыгышында Кан-Тоо (6995 м) жана Жеӊиш (7439 м) чокулары жайгашкан; эӊ жапыз жери (2000 м) – Кытайдын чек арасына жакын, Сары-Жаз дарыясынын өрөөнүндө. Провинция Борбордук Теңир-Тоо орографиялык аймагына туура келип, бүт аймагы Сары-Жаз дарыясынын алабында жатат. Аянты 12 900 км2. Аймак өтө тилмеленип, кеӊдикке жакын багытта созулган кырка тоолор системасынан турат. Ал тоолор Кан-Теӊир тоо тоомунан түштүк-батышка салааланып тарайт. Алардын ичинде бийиктиги 5000–6000 м келген Сары-Жаз, Эӊилчек, Кайыӊды, Көөлү, Теректи ж. б. кырка тоолор бар. Бардык кырка тоолор бири-биринен кууш, тереӊ тилмеленген, узата кеткен өрөөндөр менен бөлүнөт. Бүткүл Борбордук Теңир-Тоону Сары-Жаз дарыясы түндүктөн түштүктү карай каньон (шаӊшаар) сымал капчыгай аркылуу кесип өтөт да, аны кескин айырмаланган эки бөлүккө бөлөт: батыш (Көөлү – Ак-Шыйрак) жана чыгыш (Сары-Жаз). Жалпысынан провинцияга эрозиялык тереӊ капчыгайлар, тепши сымал жана туурасынан кеткен өрөөндөр, өтө тилмеленген бийик тоо рельефи, арсак-терсек кырлар, учтуу чокулар, төрлөр ж. б. мөӊгүнүн таасиринен пайда болгон рельеф формалары мүнөздүү. Мында башка денудациялык түздүктөр сейрек кездешет. Морфоструктуралык түзүлүшүндө палеозойдун (ордовиктен карбонго чейинки) чөкмө жана метаморфизмделген тектери негизги орунду ээлейт. Провинциянын Ортонку Теӊир-Тоого кирген түндүк бөлүгүндө протерозойдо жана палеозойдун башталышы менен аягында пайда болгон метаморфизмделген чөкмө тектер басымдуу. Аларды интрузия тектери жиреп чыккан. Карбонаттуу тоо тектер – акиташ тектүү сланец, акиташ теги, мрамор, доломит ж. б. кеӊири таралган. Чуӊкурчактар менен өрөөндөр палеоген-неоген мезгилдеринде пайда болгон борпоӊ континенттик чөкмөлөрдөн (конгломераттын, кумдуктун, чопонун, аргиллиттин кызыл түстүү катмарлары) жана антропогендин мөӊгү, аллювий чөкмөлөрүнөн турат. Провинциянын климаты кескин континенттик, катаал. Ага темппературанын жылдык жана суткалык амплитудасынын чоӊдугу, абанын кургактыгы, өтө ургаалдуу күн радиациясы (жылына 3000 саатка жакын күн тиет, бул Ысык-Көлдүн курорт зонасындагыдан кыйла көптүк кылат) мүнөздүү. Жылдык жаан-чачыны өрөөндөрдө 200–300 мм, тоо капталдарында 300–400 мм, гляциалдык-нивалдык зонада 900–1000 мм. Алардын 90%ке жакыны жылдын жылуу мезгилине туура келет. Буулануунун 2800 м бийиктиктеги өлчөмү жаан-чачындыкынан 3–5 эсе көп. Июлдун орточо темппературасы 4–11°С, январдыкы –13°... –17°С. Кар аз жаагандыктан, кышкы жайыт катары пайдаланууга ыӊгайлуу. Борбордук Теңир-Тоо – азыркы кездеги муз каптоонун ири аймагы, андагы мөӊгүнүн аянты 2608 км2 (Сары-Жаздын алабынын аянтынын 24%ин ээлейт). Бул жерде Теӊир-Тоодогу эӊ ири Түштүк Эӊилчек мөӊгүсү жайгашкан, анын узундугу 59 км, аянты 613 км2. Мөӊгүлүү жерлери: Кан-Теӊир тоо тоому, Ак-Шыйрак тоо массиви жана Тескей Ала-Тоонун түштүк капталы. Кар чеги 4000 мден жогору (4200–4450 мге чейин) жатат. Борбордук Теңир-Тоо суу тармактарына бай, алар республикадагы эӊ ири дарыялардын бири – Сары-Жаздын алабына кирет. Суусунун молдугу (140 м3/сек) боюнча ал республикада 2-орунда (Нарындан кийин). Дарыялары мөӊгү-кар жана кар-мөӊгү сууларынан куралат.
Борбордук Теңир-Тоонун ландшафты Ак-Сай – Жогорку Нарын провинциясынын ландшафтына караганда ар түрдүүрөөк. Бийиктик алкактуулук структурасы даана байкалат. Төмөндөн жогору карай чөл, кургак талаа, талаа, токой, шалбаалуу талаа, субальп, альп, тундра, гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактарына ажырайт. Тоолуу күрөӊ чөл топурактуу тектирлерди, конус шилендилерин жана тоо капталдарынын төмөнкү бөлүктөрүн (2000–3000 м) шыбак, баялыштуу чөл ээлейт. Борбордук Азия тибиндеги талаа (бетеге-птилагростистүү) жана кургак талаа (дан өсүмдүк-шыбактуу, дан өсүмдүктүү) көп кездешет. Токой-шалбаалуу талаа тилкеси 2700–3200 м бийикте жайгашкан, бирок аймак боюнча анча көп таралган эмес. Токойдо ийне жалбырактуулардан – шренк карагайы, жазы жалбырактуулардан – кайыӊ (сейрек) өсөт. Аймактын кургакчылыгына байланыштуу, андагы карагайлуу токой ксерофиттик мүнөздө. Талаа, шалбаалуу талаа, субальп, альп ландшафттары малга жайыт катары пайдаланылат. Кенге жана суу ресурстарына бай. Борбордук Теңир-Тоо Көөлү – Ак-Шыйрак, Сары-Жаз физикалык-географиялык округдарына бөлүнөт.
Ад.: Чупахин В. М. Физическая география ТяньШаня. А.-А., 1964; Почвенное районирование Киргизии. Ф., 1961; Физико-географическое районирование СССР, М., 1968; Кыргызстан географиясы. Б., 2004.