БОРДУ-ТӨР МӨӉГҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БОРДУ-ТӨР МӨӉГҮСҮ ''' Көөлү кырка тоосунун түн. капталында. Көөлү суусунун оӊ куймасы Борду-Төрдүн алабында жайгашкан. Уз. 5,6 ''км'', аянты 5,7 ''км''<sup>2</sup>. Абляция облусунун аянты 2,2 ''км''<sup>2</sup>. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 5000 м, этеги 3660 ''м'' бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 ''м''. Фирн облусу көп камералуу татаал цирк, андан жылып чыккан мөӊгүнүн «тили» түн.-чыгышты карай багытталып, шынаа сымал аяктайт. Мөӊгүнүн этеги м-н төмөнкү мореналардын аралыгы 700–800 ''м''. Кийинки 50 жылда мөӊгү өзгөрүүсүз бир калыпта жатат. Мөӊгүдөн Борду-Төр суусу агып чыгып, Көөлү суусуна оӊ тараптан куят.
'''БОРДУ-ТӨР МӨӉГҮСҮ ''' Көөлү кырка тоосунун түндүк капталында. Көөлү суусунун оӊ куймасы Борду-Төрдүн алабында жайгашкан. Узундугу 5,6 ''км'', аянты 5,7 ''км''<sup>2</sup>. Абляция облусунун аянты 2,2 ''км''<sup>2</sup>. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊгээлинен 5000 м, этеги 3660 ''м'' бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4200 ''м''. Фирн облусу көп камералуу татаал цирк, андан жылып чыккан мөӊгүнүн «тили» түндүк-чыгышты карай багытталып, шынаа сымал аяктайт. Мөӊгүнүн этеги менен төмөнкү мореналардын аралыгы 700–800 ''м''. Кийинки 50 жылда мөӊгү өзгөрүүсүз бир калыпта жатат. Мөӊгүдөн Борду-Төр суусу агып чыгып, Көөлү суусуна оӊ тараптан куят.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:13, 29 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БОРДУ-ТӨР МӨӉГҮСҮ Көөлү кырка тоосунун түндүк капталында. Көөлү суусунун оӊ куймасы Борду-Төрдүн алабында жайгашкан. Узундугу 5,6 км, аянты 5,7 км2. Абляция облусунун аянты 2,2 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊгээлинен 5000 м, этеги 3660 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4200 м. Фирн облусу көп камералуу татаал цирк, андан жылып чыккан мөӊгүнүн «тили» түндүк-чыгышты карай багытталып, шынаа сымал аяктайт. Мөӊгүнүн этеги менен төмөнкү мореналардын аралыгы 700–800 м. Кийинки 50 жылда мөӊгү өзгөрүүсүз бир калыпта жатат. Мөӊгүдөн Борду-Төр суусу агып чыгып, Көөлү суусуна оӊ тараптан куят.