БОРДУ ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНИ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БОРДУ ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНИ ''' Чүй | '''БОРДУ ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНИ ''' Чүй облусунун Кемин районунда, Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк-чыгышында, деӊиз деӊгээлинен 1850–2300 ''м'' бийиктикте. 1949–53-жылдары чалгындалган. Кендин геологиялык түзүлүшүнө протерозойдун магматиттери, гнейстери, кристаллдык сланецтер, амфиболиттер, гнейс түрүндөгү граниттер жана порфир түрүндөгү граниттер катышкан. Негизги кенташ (руда) кармап турган структура Борду жаракалар тилкеси болуп эсептелет. Негизги кенташ узундугу 800–1000 ''м'' болгон Батыш ж-а Борбордук кенташ мамычалары менен байланышкан. Кенташтын тиби – сульфиддүү. Кенташтануу – чачынды, тарам-чачынды түрүндө. Негизги минералдары: пирит, галенит, сфалерит, марматит, ошондой эле күмүш, алтын, борнит, миллерит кездешет. Коргошундун кенташтагы өлчөмү 1,6–2,62%''г/''т, цинктики – 0,9%, алтындыкы – 0,74, күмүштүкү – 26,0, кадмийдики – 0,004%, индийдики – 0,0001%. Кенташтын жалпы запасы 11863,55 миӊ т, коргошундуку – 265 миӊ т, алтындыкы – 7323 ''кг'', күмүштүкү – 241,8 т, индийдики – 10,7 т, кадмийдики – 363,2 т, цинктики – 86,8 миӊ т. Индий, кадмий, цинк кенташтан алынган эмес. Кендин ачык казып алынуучу запасы иштетилип бүткөн. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
07:20, 29 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы
БОРДУ ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНИ Чүй облусунун Кемин районунда, Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк-чыгышында, деӊиз деӊгээлинен 1850–2300 м бийиктикте. 1949–53-жылдары чалгындалган. Кендин геологиялык түзүлүшүнө протерозойдун магматиттери, гнейстери, кристаллдык сланецтер, амфиболиттер, гнейс түрүндөгү граниттер жана порфир түрүндөгү граниттер катышкан. Негизги кенташ (руда) кармап турган структура Борду жаракалар тилкеси болуп эсептелет. Негизги кенташ узундугу 800–1000 м болгон Батыш ж-а Борбордук кенташ мамычалары менен байланышкан. Кенташтын тиби – сульфиддүү. Кенташтануу – чачынды, тарам-чачынды түрүндө. Негизги минералдары: пирит, галенит, сфалерит, марматит, ошондой эле күмүш, алтын, борнит, миллерит кездешет. Коргошундун кенташтагы өлчөмү 1,6–2,62%г/т, цинктики – 0,9%, алтындыкы – 0,74, күмүштүкү – 26,0, кадмийдики – 0,004%, индийдики – 0,0001%. Кенташтын жалпы запасы 11863,55 миӊ т, коргошундуку – 265 миӊ т, алтындыкы – 7323 кг, күмүштүкү – 241,8 т, индийдики – 10,7 т, кадмийдики – 363,2 т, цинктики – 86,8 миӊ т. Индий, кадмий, цинк кенташтан алынган эмес. Кендин ачык казып алынуучу запасы иштетилип бүткөн.