БОРКОЛДОЙ КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БОРКОЛДОЙ КЫРКА ТООСУ ''' Борб. ж-а Ички Теӊир-Тоонун аймагында. Түндүгүнөн Каракол, Чакыр-Корум, Үзөӊгү-Кууш-Туюк, Борколдой, түштүгүнөн Чоӊ Үзөӊгү-Кууш, Кичи Үзөӊгү-Кууш, Боз-Жалпак сууларынын өрөөндөрү м-н чектешет. Көбүргөнтү ашуусунан (3907 ''м'' бийиктикте) Боз-  
'''БОРКОЛДОЙ КЫРКА ТООСУ ''' Борбордук жана Ички Теӊир-Тоонун аймагында. Түндүгүнөн Каракол, Чакыр-Корум, Үзөӊгү-Кууш-Туюк, Борколдой, түштүгүнөн Чоӊ Үзөӊгү-Кууш, Кичи Үзөӊгү-Кууш, Боз-Жалпак сууларынын өрөөндөрү менен чектешет. Көбүргөнтү ашуусунан (3907 ''м'' бийиктикте) Боз- <br/>
<br/>
[[File:БОРКОЛДОЙ КЫРКА ТООСУ16.png | thumb | none]]
[[File:БОРКОЛДОЙ КЫРКА ТООСУ16.png | thumb | none]]
Жалпак суусунун башталышына чейин 90 ''км'' аралыкта кеӊдик багытта созулуп жатат. Бийик чокусу ''Жагалмай мөӊгүсүнүн'' төрүндө 5170 ''м'', орт. бийикт. 4500 ''м'', туурасы 34 ''км''. Ашуулары: Борколдой (4000 ''м''), Ашуу-Суу (3640 ''м''), Тепши (4121 ''м''). Кырка тоо үстүнкү силурдун ж-а астынкы карбондун акиташ теги, мрамор, метаморфизмделген сланец, мраморлошкон акиташ теги, базальт, порфир, диабаз, карбондун кызыл түстүү тектеринен, кумдук, акиташ теги, метаморфизмделген сланец тектеринен түзүлгөн. Алар неоген-антропогенде тектон. жарака б-ча көтөрүлүп, кеӊдик багытында созулган антиклиналдык түзүлүшкө ээ болгон. Түзүлүшү асимметриялуу: түн. капталы кыска, түштүгү узун. Рельефине ярустуулук мүнөздүү. Жогорку ярусу – байыркы түздүктүн калдыгы (4000–5000 ''м'' бийиктикте), байыркы ж-а азыркы мөӊгүлөрдүн аракетинен пайда болгон туюк төрлөрдөн туруп, алардын тамандарын азыркы мөӊгүлөр ээлейт. Ортонку ярусу – неоген м-н төртүнчүлүк мезгилинин башталышында 2-тектон. кыймылда көтөрүлүп, сырткы күчтөрдүн натыйжасында калыптанган 3 тектир ж-а аларды бөлүп турган кашаттар. төмөнкү ярусу төртүнчүлүк мезгилинин ортосунан түзүлө баштаган тектирлерден ж-а V сымал тереӊ, тик капталдуу капчыгайлардан турат. Суулардын жогорку бөлүгүндө мөӊгүлөрдүн жылышынан тепши сымал өрөөндөр түзүлгөн. Ландшафты бийиктик зоналуулук закон ченемине ылайык өзгөрөт; чөл ж-а кургак талаа (2600–2800 ''м'' бийиктикте; шыбак, баялыш, чекенде), талаа (2700–4000 ''м''; бетеге, жылгын, сулу, шыбак ж. б.), субальп шалбаасы (2800–4000 ''м''; чекилдек, чыйпылдак, тарак баш, боз терескен, кылкандуу көдөө, айгыр жыгар ж. б.), альп шалбаасы (2900–4200 ''м''; ыраӊ, доӊуз сырты ж. б.), гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү.
Жалпак суусунун башталышына чейин 90 ''км'' аралыкта кеӊдик багытта созулуп жатат. Бийик чокусу ''Жагалмай мөӊгүсүнүн'' төрүндө 5170 ''м'', орточо бийиктигши 4500 ''м'', туурасы 34 ''км''. Ашуулары: Борколдой (4000 ''м''), Ашуу-Суу (3640 ''м''), Тепши (4121 ''м''). Кырка тоо үстүнкү силурдун жана астынкы карбондун акиташ теги, мрамор, метаморфизмделген сланец, мраморлошкон акиташ теги, базальт, порфир, диабаз, карбондун кызыл түстүү тектеринен, кумдук, акиташ теги, метаморфизмделген сланец тектеринен түзүлгөн. Алар неоген-антропогенде тектоникалык жарака боюнча көтөрүлүп, кеӊдик багытында созулган антиклиналдык түзүлүшкө ээ болгон. Түзүлүшү асимметриялуу: түндүк капталы кыска, түштүгү узун. Рельефине ярустуулук мүнөздүү. Жогорку ярусу – байыркы түздүктүн калдыгы (4000–5000 ''м'' бийиктикте), байыркы жана азыркы мөӊгүлөрдүн аракетинен пайда болгон туюк төрлөрдөн туруп, алардын тамандарын азыркы мөӊгүлөр ээлейт. Ортонку ярусу – неоген менен төртүнчүлүк мезгилинин башталышында 2-тектоникалык кыймылда көтөрүлүп, сырткы күчтөрдүн натыйжасында калыптанган 3 тектир жана аларды бөлүп турган кашаттар, төмөнкү ярусу төртүнчүлүк мезгилинин ортосунан түзүлө баштаган тектирлерден жана V сымал тереӊ, тик капталдуу капчыгайлардан турат. Суулардын жогорку бөлүгүндө мөӊгүлөрдүн жылышынан тепши сымал өрөөндөр түзүлгөн. Ландшафты бийиктик зоналуулук закон ченемине ылайык өзгөрөт; чөл жана кургак талаа (2600–2800 ''м'' бийиктикте; шыбак, баялыш, чекенде), талаа (2700–4000 ''м''; бетеге, жылгын, сулу, шыбак ж. б.), субальп шалбаасы (2800–4000 ''м''; чекилдек, чыйпылдак, тарак баш, боз терескен, кылкандуу көдөө, айгыр жыгар ж. б.), альп шалбаасы (2900–4200 ''м''; ыраӊ, доӊуз сырты ж. б.), гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:49, 29 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БОРКОЛДОЙ КЫРКА ТООСУ Борбордук жана Ички Теӊир-Тоонун аймагында. Түндүгүнөн Каракол, Чакыр-Корум, Үзөӊгү-Кууш-Туюк, Борколдой, түштүгүнөн Чоӊ Үзөӊгү-Кууш, Кичи Үзөӊгү-Кууш, Боз-Жалпак сууларынын өрөөндөрү менен чектешет. Көбүргөнтү ашуусунан (3907 м бийиктикте) Боз-

Жалпак суусунун башталышына чейин 90 км аралыкта кеӊдик багытта созулуп жатат. Бийик чокусу Жагалмай мөӊгүсүнүн төрүндө 5170 м, орточо бийиктигши 4500 м, туурасы 34 км. Ашуулары: Борколдой (4000 м), Ашуу-Суу (3640 м), Тепши (4121 м). Кырка тоо үстүнкү силурдун жана астынкы карбондун акиташ теги, мрамор, метаморфизмделген сланец, мраморлошкон акиташ теги, базальт, порфир, диабаз, карбондун кызыл түстүү тектеринен, кумдук, акиташ теги, метаморфизмделген сланец тектеринен түзүлгөн. Алар неоген-антропогенде тектоникалык жарака боюнча көтөрүлүп, кеӊдик багытында созулган антиклиналдык түзүлүшкө ээ болгон. Түзүлүшү асимметриялуу: түндүк капталы кыска, түштүгү узун. Рельефине ярустуулук мүнөздүү. Жогорку ярусу – байыркы түздүктүн калдыгы (4000–5000 м бийиктикте), байыркы жана азыркы мөӊгүлөрдүн аракетинен пайда болгон туюк төрлөрдөн туруп, алардын тамандарын азыркы мөӊгүлөр ээлейт. Ортонку ярусу – неоген менен төртүнчүлүк мезгилинин башталышында 2-тектоникалык кыймылда көтөрүлүп, сырткы күчтөрдүн натыйжасында калыптанган 3 тектир жана аларды бөлүп турган кашаттар, төмөнкү ярусу төртүнчүлүк мезгилинин ортосунан түзүлө баштаган тектирлерден жана V сымал тереӊ, тик капталдуу капчыгайлардан турат. Суулардын жогорку бөлүгүндө мөӊгүлөрдүн жылышынан тепши сымал өрөөндөр түзүлгөн. Ландшафты бийиктик зоналуулук закон ченемине ылайык өзгөрөт; чөл жана кургак талаа (2600–2800 м бийиктикте; шыбак, баялыш, чекенде), талаа (2700–4000 м; бетеге, жылгын, сулу, шыбак ж. б.), субальп шалбаасы (2800–4000 м; чекилдек, чыйпылдак, тарак баш, боз терескен, кылкандуу көдөө, айгыр жыгар ж. б.), альп шалбаасы (2900–4200 м; ыраӊ, доӊуз сырты ж. б.), гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү.