БОРООНЧУЛАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БОРООНЧУЛАР ''' (Procellariiformes) – деӊиз канаттууларынын тукуму. Дене | '''БОРООНЧУЛАР ''' (Procellariiformes) – деӊиз канаттууларынын тукуму. Дене узундугу 15–105 ''см'', ак чардакка окшош, үстүӊкү тумшугунун учу төмөн карай ийилген, буту жаргакчалуу, жүнү жыш, тыгыз, канаттары субагай, узун. Бороончулар топтошуп аска-жарга уялашат. Алар – океандын, деӊиздин үстүндө талыкпай жакшы учуучу, сууда жакшы сүзүүчү, катуу бороон болорун алдын ала сезүүчү канаттуулар. Бороончулар бирден жумуртка тууйт, 60 күнчө эркек-ургаачысы кезектешип басып, балапан чыгарат. Алар 4 айынан өзүнчө жем таап жегенге жарайт. Бороончулардын 24 уруусу жана 94 түрү белгилүү. Көбүнчө түштүк жарым шарда кеӊири таралган. КМШ өлкөлөрүндө 13 түрү жашайт. Майда балыктар, моллюскалар, рак сыяктуулар ж. б. суу жаныбарлары менен азыктанат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:43, 29 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы
БОРООНЧУЛАР (Procellariiformes) – деӊиз канаттууларынын тукуму. Дене узундугу 15–105 см, ак чардакка окшош, үстүӊкү тумшугунун учу төмөн карай ийилген, буту жаргакчалуу, жүнү жыш, тыгыз, канаттары субагай, узун. Бороончулар топтошуп аска-жарга уялашат. Алар – океандын, деӊиздин үстүндө талыкпай жакшы учуучу, сууда жакшы сүзүүчү, катуу бороон болорун алдын ала сезүүчү канаттуулар. Бороончулар бирден жумуртка тууйт, 60 күнчө эркек-ургаачысы кезектешип басып, балапан чыгарат. Алар 4 айынан өзүнчө жем таап жегенге жарайт. Бороончулардын 24 уруусу жана 94 түрү белгилүү. Көбүнчө түштүк жарым шарда кеӊири таралган. КМШ өлкөлөрүндө 13 түрү жашайт. Майда балыктар, моллюскалар, рак сыяктуулар ж. б. суу жаныбарлары менен азыктанат.