БОСТОН (Ноокен районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page БОСТОН 2 to БОСТОН (Ноокен районундагы кыштак)) |
(Айырма жок)
|
02:34, 30 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы
БОСТОН – Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Ж. Момбеков атындагы айыл округуна караштуу. Райондун борбору Масы кыштагынан 18 км батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 66 км. Бишкек – Ош автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 640 м бийиктикте жайгашкан. 1896-ж. орношкон. Калкы 3214 (2022); негизинен пахтачылыкта, дан эгиндерин өстүрүүдө эмгектенет. Май чыгаруучу 2 жана пахта тазалоочу заводдор, ак жуаз, 3 тегирмен, автомобилге май куюучу станция, 6 дыйкан чарбасы, 4 жеке чарба, дүкөндөр иштейт. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры М. Акчабаев туулган.