БОТО КӨЗ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БОТО КӨЗ ''' (Myosotis) – өсүмдүктөрдүн эндиктер тукумундагы урусу; бир-эки же көп жылдык чөп. Сабагы тик, тамырынан чачырап өсөт, бийикт. 15–50 ''см''ге жетет, сейрек калыӊ түк м-н капталган. Жалбырагы калактай, бүтүн, жөнөкөй, түктүү, саптуу, сабагына кезектешип жайгашат. Гүлү агыш же көк, 5 мүчөлүү. Топ гүлү – чачы. Мөмөсү – жаӊгакча. Кооз өсүмдүк. Евразиянын мээлүүн алкагында, Түш. Африка, Жаӊы Зеландиянын тоолорунда 80дей түрү, Кырг-нда 5 түрү өсөт. Бийик тоолордо саздак жерлерде ажайып кооздукту пайда кылат. Жыттуу Б. к. кеӊири таралган.
'''БОТО КӨЗ ''' (Myosotis) – өсүмдүктөрдүн эндиктер тукумундагы уруусу; бир-эки же көп жылдык чөп. Сабагы тик, тамырынан чачырап өсөт, бийиктиги 15–50 ''см''ге жетет, сейрек калыӊ түк менен капталган. Жалбырагы калактай, бүтүн, жөнөкөй, түктүү, саптуу, сабагына кезектешип жайгашат. Гүлү агыш же көк, 5 мүчөлүү. Топ гүлү – чачы. Мөмөсү – жаӊгакча. Кооз өсүмдүк. Евразиянын мээлүүн алкагында, Түштүк Африка, Жаӊы Зеландиянын тоолорунда 80дей түрү, Кыргызстанда 5 түрү өсөт. Бийик тоолордо саздак жерлерде ажайып кооздукту пайда кылат. Жыттуу Бото көз кеӊири таралган.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:58, 30 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БОТО КӨЗ (Myosotis) – өсүмдүктөрдүн эндиктер тукумундагы уруусу; бир-эки же көп жылдык чөп. Сабагы тик, тамырынан чачырап өсөт, бийиктиги 15–50 смге жетет, сейрек калыӊ түк менен капталган. Жалбырагы калактай, бүтүн, жөнөкөй, түктүү, саптуу, сабагына кезектешип жайгашат. Гүлү агыш же көк, 5 мүчөлүү. Топ гүлү – чачы. Мөмөсү – жаӊгакча. Кооз өсүмдүк. Евразиянын мээлүүн алкагында, Түштүк Африка, Жаӊы Зеландиянын тоолорунда 80дей түрү, Кыргызстанда 5 түрү өсөт. Бийик тоолордо саздак жерлерде ажайып кооздукту пайда кылат. Жыттуу Бото көз кеӊири таралган.