БОТСВАНА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БОТСВА́НА, ''' Б о т с в а н а Р е с п у б л и к а с ы – Африканын түштүгүндө жайгашкан өлкө. Түндүгүнөн ж-а батышынан Намибия, түн.-чыгышынан Замбия ж-а Зимбабве, түштүгүнөн
'''БОТСВА́НА, ''' Б о т с в а н а Р е с п у б л и к а с ы – Африканын түштүгүндө жайгашкан өлкө. Түндүгүнөн жана батышынан Намибия, түндүк-чыгышынан Замбия жана Зимбабве, түштүгүнөн

[[File:БОТСВАНА32.png | thumb | none]]
[[File:БОТСВАНА32.png | thumb | none]]
ж-а түш.-чыгышынан Түш. Африка Республикасы м-н чектешет. Аянты 600,4 миӊ ''км''2. Калкы 2,3 млн (2020). Борбору – Габороне ш. Расмий тили – англис ж-а сетсвана тилдери. Акча бирдиги – пула. Б. адм.-айм. жактан 9 округга (табл.) ж-а 5 шаардык муниципалитетке (Габороне, Жваненг, Лобаце, Селеби-Пхикве, Франсистаун) бөлүнөт.
жана түштүк-чыгышынан Түштүк Африка Республикасы менен чектешет. Аянты 600,4 миӊ ''км''2. Калкы 2,3 млн (2020). Борбору – Габороне шаары. Расмий тили – англис жана сетсвана тилдери. Акча бирдиги – пула. Ботсвана административдик-аймактык жактан 9 округга жана 5 шаардык муниципалитетке (Габороне, Жваненг, Лобаце, Селеби-Пхикве, Франсистаун) бөлүнөт.

Ботсвана – унитардык мамлекет. Шериктештиктин курамында. Башкаруу формасы – президенттик-парламенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Улуттук ассамблея.
Саясий партиялары: Ботсвана демокрратиялык партиясы, «Ботсвана конгресси» улуттук фронту ж. б.

Таблица бар

Б. – унитардык мамлекет. Шериктештиктин курамында. Башкаруу формасы – президенттик-парламенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Улуттук ассамблея.

Саясий партиялары: Ботсвана демокр. партиясы, «Ботсвана конгресси» улуттук фронту ж. б.

[[File:БОТСВАНА33.png | thumb | Окавангонун дельтасы.]]
[[File:БОТСВАНА33.png | thumb | Окавангонун дельтасы.]]
Б. Калахари ойдуӊун ж-а аны курчап жаткан платолорду (бийикт. 1370 ''м'', Б-нын эӊ бийик чокусу – Цодило тоосу) ээлеп жатат. Климаты субтропиктик, түндүгүндө тропиктик. Январдын орт. темп-расы 21–27°С, июлдуку 14°–16°С. Август – сентябрда кумдуу бороон болуп турат. Түн.-батышында Окаванго д-нын дельтасы жатат. Саздуу, көлдөрү көп. Ириси – Нгами көлү. Жылдык жаан-чачыны 250–600 ''мм''. Өлкөнүн чыгыш бөлүгүнүн кыртышы кызыл күрөӊ келип, анда саванна басымдуу. Имсбок, Нцкай-Пан, Чобе – улуттук парктары бар. Пайдалуу кендеринен: алмаз, жез, никель, көмүр, темир, күмүш, жаратылыш газы бар.
Ботсвана Калахари ойдуӊун жана аны курчап жаткан платолорду (бийиктиги 1370 ''м'', Ботсвананын эӊ бийик чокусу – Цодило тоосу) ээлеп жатат. Климаты субтропиктик, түндүгүндө тропиктик. Январдын орточо температурасы 21–27°С, июлдуку 14°–16°С. Август – сентябрда кумдуу бороон болуп турат. Түндүк-батышында Окаванго дарыясынын дельтасы жатат. Саздуу, көлдөрү көп. Ириси – Нгами көлү. Жылдык жаан-чачыны 250–600 ''мм''. Өлкөнүн чыгыш бөлүгүнүн кыртышы кызыл күрөӊ келип, анда саванна басымдуу. Имсбок, Нцкай-Пан, Чобе – улуттук парктары бар. Пайдалуу кендеринен: алмаз, жез, никель, көмүр, темир, күмүш, жаратылыш газы бар.
Ботсвананын калкынын көбү тсвана (67%; 2003). Банту тобундагы элдердин – каланга (15%), калагади, ндебеле, суто ж. б. улут өкүлдөрү да бар. Калахари ойдуӊунда жана Окаванго дарыясынын дельтасында бушмендер жашайт. Калкынын орточо

Б-нын калкынын көбү тсвана (67%; 2003). Банту тобундагы элдердин – каланга (15%), калагади, ндебеле, суто ж. б. улут өкүлдөрү да бар. Калахари ойдуӊунда ж-а Окаванго д-нын дельтасында бушмендер жашайт. Калкынын орт.

[[File:БОТСВАНА34.png | thumb | Ботсвананын негизги чоӊ шаары – Габороненин жалпы көрүнүшү.]]
[[File:БОТСВАНА34.png | thumb | Ботсвананын негизги чоӊ шаары – Габороненин жалпы көрүнүшү.]]
жыштыгы 1 ''км''2 жерге 3 киши. Калкынын орт. жашы эркектериники – 31, аялдарыныкы 30,5. Калкынын 50% салт болуп калган динди, 35%ке жакыны африкалык синкреттик динди, 5%ке жакыны христиан динин тутат. Шаар калкы – 52%. Ири шаарлары: Канье, Серове, Молепололе, Махалацве, Франсистаун, Бобононг, Селиби-Пикве, Лобаце.
жыштыгы 1 ''км''2 жерге 3 киши. Калкынын орт. жашы эркектериники – 31, аялдарыныкы 30,5. Калкынын 50% салт болуп калган динди, 35%ке жакыны африкалык синкреттик динди, 5%ке жакыны христиан динин тутат. Шаар калкы – 52%. Ири шаарлары: Канье, Серове, Молепололе, Махалацве, Франсистаун, Бобононг, Селиби-Пикве, Лобаце.
26 сап: 19 сап:
[[File:БОТСВАНА37.png | thumb | none]]
[[File:БОТСВАНА37.png | thumb | none]]
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:02, 30 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БОТСВА́НА, Б о т с в а н а Р е с п у б л и к а с ы – Африканын түштүгүндө жайгашкан өлкө. Түндүгүнөн жана батышынан Намибия, түндүк-чыгышынан Замбия жана Зимбабве, түштүгүнөн

жана түштүк-чыгышынан Түштүк Африка Республикасы менен чектешет. Аянты 600,4 миӊ км2. Калкы 2,3 млн (2020). Борбору – Габороне шаары. Расмий тили – англис жана сетсвана тилдери. Акча бирдиги – пула. Ботсвана административдик-аймактык жактан 9 округга жана 5 шаардык муниципалитетке (Габороне, Жваненг, Лобаце, Селеби-Пхикве, Франсистаун) бөлүнөт.

Ботсвана – унитардык мамлекет. Шериктештиктин курамында. Башкаруу формасы – президенттик-парламенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Улуттук ассамблея.
Саясий партиялары: Ботсвана демокрратиялык партиясы, «Ботсвана конгресси» улуттук фронту ж. б.

Окавангонун дельтасы.

Ботсвана Калахари ойдуӊун жана аны курчап жаткан платолорду (бийиктиги 1370 м, Ботсвананын эӊ бийик чокусу – Цодило тоосу) ээлеп жатат. Климаты субтропиктик, түндүгүндө тропиктик. Январдын орточо температурасы 21–27°С, июлдуку 14°–16°С. Август – сентябрда кумдуу бороон болуп турат. Түндүк-батышында Окаванго дарыясынын дельтасы жатат. Саздуу, көлдөрү көп. Ириси – Нгами көлү. Жылдык жаан-чачыны 250–600 мм. Өлкөнүн чыгыш бөлүгүнүн кыртышы кызыл күрөӊ келип, анда саванна басымдуу. Имсбок, Нцкай-Пан, Чобе – улуттук парктары бар. Пайдалуу кендеринен: алмаз, жез, никель, көмүр, темир, күмүш, жаратылыш газы бар.
Ботсвананын калкынын көбү тсвана (67%; 2003). Банту тобундагы элдердин – каланга (15%), калагади, ндебеле, суто ж. б. улут өкүлдөрү да бар. Калахари ойдуӊунда жана Окаванго дарыясынын дельтасында бушмендер жашайт. Калкынын орточо

Ботсвананын негизги чоӊ шаары – Габороненин жалпы көрүнүшү.

жыштыгы 1 км2 жерге 3 киши. Калкынын орт. жашы эркектериники – 31, аялдарыныкы 30,5. Калкынын 50% салт болуп калган динди, 35%ке жакыны африкалык синкреттик динди, 5%ке жакыны христиан динин тутат. Шаар калкы – 52%. Ири шаарлары: Канье, Серове, Молепололе, Махалацве, Франсистаун, Бобононг, Селиби-Пикве, Лобаце.
Түш. Африкадагы бай мамлекеттердин бири. ИДПде кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн үлүшү 52%; а. ч-ныкы 4,0%; өнөр жайыныкы 44%; а. и. тоо-кен өндүрүү 36%. Ички улуттук продукциясы киши башына 2790 доллардан (АКШ) туура келет. Алмаз кенинин ачылышына байланыштуу экономикасы тез өнүгө баштаган. Азыр Б. дүйнөдө алмаз казып алуу б-ча 3-орунда турат (экспортунун 75%ин түзөт). Б. – агрардык өлкө, тоо-кен казып алуу өнөр жайы өнүгүүдө. Алмаз,

Орапада алмаз казып алуу.

никель, марганец, жез казылып алынат. Мааниси б-ча 2-орундагы тармагы – жез-никель өндүрүшү. Суа-Пан туздуу көлүнөн туз ж-а сода алынат. А. ч-нын негизги тармагы – алыскы жайыттарда багылуучу мал чарбачылыгы. А. ч. өсүмдүктөрүнөн жүгөрү, ак жүгөрү өсөт. 2007-ж. 891 млн кВт·с электр энергиясын өндүргөн. Б. аркылуу ТАРды Зимбабве м-н байланыштыруучу темир жол өтөт. Темир жолунун уз. – 971 км, автожолунуку 18,5 миӊ км (2001). Эл аралык Габороне, Касане, Мауне аэропорттору бар. Экспортко алмаз, жез, никель, эт, тери чыгарат. Оор машиналардын ж-а химия өнөр жайынын продукциясын, транспорт жабдыктарын, резина, текстиль, бут кийим, кагаз ж-а жыгач буюмдарын, азык-түлүктөрдү, тамекини сырттан алат. Негизги соода шериктештери ЕС өлкөлөрү ж-а ТАР.
Б-нын байыркы ж-а о. кылымдардагы тарыхы аз изилденген. Байыртадан Б-нын аймагын мекендеген өлкөнүн жерг. калкы көчмөн койноин ж-а сан уруулары кийинчерээк түн.-чыгыштан келген бантулар тарабынан Калахари чөлүнө сүрүлгөн. 19-к-дын башында Б-га европ.

Ботсвана акчасы.

келе баштаган. 1885-ж. Англия өкмөтү бантулардын түндүктөгү жерлерин (азыркы Б-нын аймагы) өз протектораты деп жарыялап, аны Бечуаналенд деп атайт. 1910-ж. Түш. Африка Союзу деп аталган Британ доминиону түзүлгөндө, Бечуаналенд ага көз каранды болуп калат. 2-дүйнөлүк согуштан кийин Африкадагы улуттук-боштондук күрөштүн күчөшү Б-дагы улуттук кыймылдын жогорулашына чоӊ таасир тийгизген. 1960-ж. Б-да алгачкы саясий партия – Элдик партия түзүлүп, ал Бечуаналендге көз каранды эместикти берүү талабын койгон. 1965-ж. протекторатка өзүн-өзү башкаруу укугу берилген. 1966-ж. 30-сентябрда Бечуаналенд көз каранды эмес Б. Респ. деп жарыяланып, Шериктештиктин курамында кала берген. 1966-ж. 17-октябрда Б. БУУга кабыл алынган. Б-нын биринчи президенти Серетсе Кхама. Б. демокр. партиясынын (БДП) лидери Кхама IIIнүн небереси. Ал коңшулаш Түш. Родезия, Намибия ж-а Түш. Африкадагы расисттик режимдерге каршы күрөшкө байланыштуу окуяларга катышкан. 1970–80-ж. анын аймагы саясий эмигранттар үчүн баш калкалоочу жай катары колдонулган. 1994-ж. Түш. Африка Респ. (ТАР) апартеид режими кулагандан кийин гана тышкы коркунуч жоюлган. Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери бардык парламенттик шайлоолордо Б. Демокр. партиясы (БДП) жеңишке жетип, анын лидери Фестус Могаэ өлкөнүн президенти болуп шайланган. 2004-ж-дагы шайлоонун жыйынтыгы б-ча оппозиция парламентте Улуттук фронт партиясы тарабынан көрсөтүлгөн.
Мамл. маалымат агентчилиги – «Ботсва пресс аженси» (1981). 1970-жылдан күнүгө өкмөттүк гезит – «Ботсвана дейли ньюс» чыгат. Радио уктуруу (1965) сетсвана ж-а англис тилдеринде. Б-да жыгачты оймо-чиймелеп кооздоо өнүккөн.
Ад.: Волков В. В., Чирков В. С. Ботсвана. М., 1985; Лундберг У. Л. Острова в сердце Африки. М., 1987.