ВАТТМЕТР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:59, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

ВАТТМЕ́ТР (ватт ж-а ...метр) – электр тизмегиндеги кубаттуулукту өлчөөчү прибор. В. электрдинамикалык, ферродинамикалык, индукциялык, термоэлектрдик ж-а термостатикалык болуп айырмаланат. Так өлчөө үчүн В-дин удаалаш тизмегинин каршылыгы аз, параллель тизмегинин каршылыгы көп, ал эми өзгөрмө токту өлчөөдө параллель тизмектин каршылыгы активдүү гана болушу зарыл. В-дин негизги бөлүгүн электр өлчөгүч механизм түзөт. Өлчөө чегин кеӊейтүү максатында турактуу токто шунт ж-а кошумча каршылыктар, өзгөрмө токто ток м-н чыӊалууну өлчөгүч трансформаторлор колдонулат.