БРЕСТ ТЫНЧТЫГЫ (1918): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БРЕСТ ТЫНЧТЫГЫ (1918) ''' – Брест-Литовскиде (азыркы ''Брест'') Сов. Россия м-н Германия, Австрия-Венгрия, Болгария ж-а Түркиянын ортосунда 1918-ж. 3-мартта түзүлгөн тынчтык келишими. Келишимдин шарты б-ча Россия Европадагы аймактарынын жарымына жакынынан ажырап, Германияга Польша, Прибалтика, Белоруссия м-н Закавказьенин бир бөлүгү кеткен ж-а 6 млрд марка контрибуция төлөнгөн. Сов. Россия бийликти сактап калуу максатында Б. т-н түзүүгө барган. Ал эми башында Л. Д. Троцкий ж-а Н. И. Бухарин турган «солчул коммунисттер» бул келишимдин шарттарына каршы чыгышкан. О. эле позицияда турган солчул эсерлер да Москвада (1918, июль) Б. т-на карата нааразылык билдирип, куралдуу каршылык көрсөтүү акциялары уюштурулган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин 1918-ж. 13-ноябрда Германия м-н жарашууга кол коюлуп, Совет өкмөтү Б. т. келишиминин чечимдерин жойгон.
'''БРЕСТ ТЫНЧТЫГЫ (1918) ''' – Брест-Литовскиде (азыркы ''Брест'') Советтик Россия менен Германия, Австрия-Венгрия, Болгария жана Түркиянын ортосунда 1918-жылы 3-мартта түзүлгөн тынчтык келишими. Келишимдин шарты боюнча Россия Европадагы аймактарынын жарымына жакынынан ажырап, Германияга Польша, Прибалтика, Белоруссия менен Закавказьенин бир бөлүгү кеткен жана 6 млрд марка контрибуция төлөнгөн. Советтик Россия бийликти сактап калуу максатында Брест тынчтыгын түзүүгө барган. Ал эми башында Л. Д. Троцкий жана Н. И. Бухарин турган «солчул коммунисттер» бул келишимдин шарттарына каршы чыгышкан. Ошондой эле позицияда турган солчул эсерлер да Москвада (1918, июль) Брест тынчтыгына карата нааразылык билдирип, куралдуу каршылык көрсөтүү акциялары уюштурулган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин 1918-жылы 13-ноябрда Германия менен жарашууга кол коюлуп, Совет өкмөтү Брест тынчтыгы келишиминин чечимдерин жойгон.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

11:29, 6 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БРЕСТ ТЫНЧТЫГЫ (1918) – Брест-Литовскиде (азыркы Брест) Советтик Россия менен Германия, Австрия-Венгрия, Болгария жана Түркиянын ортосунда 1918-жылы 3-мартта түзүлгөн тынчтык келишими. Келишимдин шарты боюнча Россия Европадагы аймактарынын жарымына жакынынан ажырап, Германияга Польша, Прибалтика, Белоруссия менен Закавказьенин бир бөлүгү кеткен жана 6 млрд марка контрибуция төлөнгөн. Советтик Россия бийликти сактап калуу максатында Брест тынчтыгын түзүүгө барган. Ал эми башында Л. Д. Троцкий жана Н. И. Бухарин турган «солчул коммунисттер» бул келишимдин шарттарына каршы чыгышкан. Ошондой эле позицияда турган солчул эсерлер да Москвада (1918, июль) Брест тынчтыгына карата нааразылык билдирип, куралдуу каршылык көрсөтүү акциялары уюштурулган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин 1918-жылы 13-ноябрда Германия менен жарашууга кол коюлуп, Совет өкмөтү Брест тынчтыгы келишиминин чечимдерин жойгон.