БРИЗ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БРИЗ ''' (фр. brise – сыдырым жел) – деӊиз, чоӊ көл | '''БРИЗ ''' (фр. brise – сыдырым жел) – деӊиз, чоӊ көл жана айрым ири дарыя жээктеринде мезгил-мезгили менен болуп туруучу жергиликтүү сыдырым жел. Бриз багытын суткасына эки жолу өзгөртөт. Күндүз деӊизден кургактыкка, түнкүсүн кургактыктан деӊизге карай согот. Себеби күндүз кургактык деӊизге караганда бат жылып, андагы жылыган абаны деӊиздеги муздак аба сүрө баштайт. Түнкүсүн тескерисинче, жер бат сууп, деӊиз жай муздайт. Бриз жээк эки тарапка теӊ 10–50 ''км'' аралыкка жана бир нече жүз метр бийиктикке чейин жетет. Ылдамдыгы 1–5 ''м/сек''; айрым учурда андан да ылдам болот. Ошондуктан Бриз көбүнчө жалпы атмосфералык циркуляциясы менен коштолот. Тропик алкактарында тез-тез болуп турат. Ортонку кеӊдиктерде туруктуу антициклондук аба ырайы үстөмдүк кылган жерлерде байкалат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:17, 7 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БРИЗ (фр. brise – сыдырым жел) – деӊиз, чоӊ көл жана айрым ири дарыя жээктеринде мезгил-мезгили менен болуп туруучу жергиликтүү сыдырым жел. Бриз багытын суткасына эки жолу өзгөртөт. Күндүз деӊизден кургактыкка, түнкүсүн кургактыктан деӊизге карай согот. Себеби күндүз кургактык деӊизге караганда бат жылып, андагы жылыган абаны деӊиздеги муздак аба сүрө баштайт. Түнкүсүн тескерисинче, жер бат сууп, деӊиз жай муздайт. Бриз жээк эки тарапка теӊ 10–50 км аралыкка жана бир нече жүз метр бийиктикке чейин жетет. Ылдамдыгы 1–5 м/сек; айрым учурда андан да ылдам болот. Ошондуктан Бриз көбүнчө жалпы атмосфералык циркуляциясы менен коштолот. Тропик алкактарында тез-тез болуп турат. Ортонку кеӊдиктерде туруктуу антициклондук аба ырайы үстөмдүк кылган жерлерде байкалат.