ВАУЧЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:59, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

ВА́УЧЕР (англ. voucher – тилкат) – жазуу жүзүндөгү күбөлүк‚ кепилдик‚ гарантия же сунуштама. Мамлекет кирешелүүлүгүнө‚ өтүмдүүлүгүнө гарантия бере албагандыктан‚ В-ди баалуу кагаз деп эсептөөгө болбойт. Ал карыз катары (мис.‚ облигация‚ вексель‚ казыналык милдеттенме) саналбайт‚ киреше талап кылуу укугун (акция сыяктуу) бербейт. Ошентсе да В. менчиктештирүү процессинде төлөм каражатынын милдетин аткаруу м-н акча бирдиги катары пайдаланылган. В. Кырг-нда КР Президентинин 1992-жылдын 10-январындагы «Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана коммуналдык мүлктү сатып алууга арналган атайын төлөм каражаттарын киргизүү тууралуу» указы м-н киргизилген.