БРОУН КЫЙМЫЛЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БРО&#769;УН КЫЙМЫЛЫ ''' – суюктук же газдагы өлчөмү 10<sup>–6</sup>''м''ден кичине бөлүкчөлөрдүн өзүнүн айлана-чөйрөсүндөгү молекулалардын кагылышынан пайда болгон иретсиз кыймылдоосу. Аны 1827-ж. анг. окумуштуу Р. Броун ачкан. Кыймыл чөйрө темп-расы жогорулаганда, илээшкектиги төмөндөгөндө, бөлүкчө кичирейгенде күчөйт. Бул теорияны 1905–06-ж. А. ''Эйнштейн'' ж-а польшалык физик М. Смолуховскийлер толуктап түзүшкөн. Чөйрө молекулаларынын жылуулук кыймылынан ж-а айланасындагы молекулалар бөлүкчөлөрүнүн кагылышынан Б. к. пайда болот. Чөйрө молекулаларынын кагылышы бөлүкчөнү баш аламан кыймылга келтирип, бөлүкчө кыймылынын багыты ж-а ылдамдыгы тез өзгөрөт. Эгерде бөлүкчөнүн абалын бирдей убакытта белгилесек татаал, чаташкан траектория чийилет. Б. к. мол.-кинетикалык теориянын атом, молекулалардын баш аламан кыймылы ж-дөгү түшүнүгүн эксперименттик түрдө далилдейт. Б. к. теориясы статикалык механиканы изилдөөдө чоӊ роль ойногон, ал практикалык мааниге да ээ. Б. к. өлчөгүч приборлордун өлчөө тактыгын чектейт.
'''БРО&#769;УН КЫЙМЫЛЫ ''' – суюктук же газдагы өлчөмү 10<sup>–6</sup>''м''ден кичине бөлүкчөлөрдүн өзүнүн айлана-чөйрөсүндөгү молекулалардын кагылышынан пайда болгон иретсиз кыймылдоосу. Аны 1827-жылы англиялык окумуштуу Р. Броун ачкан. Кыймыл чөйрө температурасы жогорулаганда, илээшкектиги төмөндөгөндө, бөлүкчө кичирейгенде күчөйт. Бул теорияны 1905–06-жылдары А. ''Эйнштейн'' жана польшалык физик М. Смолуховскийлер толуктап түзүшкөн. Чөйрө молекулаларынын жылуулук кыймылынан жана айланасындагы молекулалар бөлүкчөлөрүнүн кагылышынан Броун кыймылы пайда болот. Чөйрө молекулаларынын кагылышы бөлүкчөнү баш аламан кыймылга келтирип, бөлүкчө кыймылынын багыты жана ылдамдыгы тез өзгөрөт. Эгерде бөлүкчөнүн абалын бирдей убакытта белгилесек татаал, чаташкан траектория чийилет. Броун кыймылы молекулалык-кинетикалык теориянын атом, молекулалардын баш аламан кыймылы жөнүндөгү түшүнүгүн эксперименттик түрдө далилдейт. Броун кыймылы теориясы статикалык механиканы изилдөөдө чоӊ роль ойногон, ал практикалык мааниге да ээ.Броун кыймылы өлчөгүч приборлордун өлчөө тактыгын чектейт.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:15, 7 Май (Бугу) 2024 -деги абалы

БРО́УН КЫЙМЫЛЫ – суюктук же газдагы өлчөмү 10–6мден кичине бөлүкчөлөрдүн өзүнүн айлана-чөйрөсүндөгү молекулалардын кагылышынан пайда болгон иретсиз кыймылдоосу. Аны 1827-жылы англиялык окумуштуу Р. Броун ачкан. Кыймыл чөйрө температурасы жогорулаганда, илээшкектиги төмөндөгөндө, бөлүкчө кичирейгенде күчөйт. Бул теорияны 1905–06-жылдары А. Эйнштейн жана польшалык физик М. Смолуховскийлер толуктап түзүшкөн. Чөйрө молекулаларынын жылуулук кыймылынан жана айланасындагы молекулалар бөлүкчөлөрүнүн кагылышынан Броун кыймылы пайда болот. Чөйрө молекулаларынын кагылышы бөлүкчөнү баш аламан кыймылга келтирип, бөлүкчө кыймылынын багыты жана ылдамдыгы тез өзгөрөт. Эгерде бөлүкчөнүн абалын бирдей убакытта белгилесек татаал, чаташкан траектория чийилет. Броун кыймылы молекулалык-кинетикалык теориянын атом, молекулалардын баш аламан кыймылы жөнүндөгү түшүнүгүн эксперименттик түрдө далилдейт. Броун кыймылы теориясы статикалык механиканы изилдөөдө чоӊ роль ойногон, ал практикалык мааниге да ээ.Броун кыймылы өлчөгүч приборлордун өлчөө тактыгын чектейт.