БРЭИЛА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БРЭИ́ЛА ''' – Румыниянын | '''БРЭИ́ЛА ''' – Румыниянын түштүк-чыгышындагы шаар. Брэила жудецинин (уезд; административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 206,5 миӊ (2012). Дунайдын сол жээгинде, чатынан 170 ''км'' аралыкта жайгашкан. Маанилүү жол тоому; өлкөнүн ири портторунун бири, Дунайдагы кеме жолунун акыркы пункту. Алгач 1368-жылы Валахия княздыгынын борбору катары эскерилет. 1462-жылы өрттөн жабыркаган. 20-кылымдын башынан ири дарыя порту (негизинен эгин ташылат); Румыниянын соода жана диний борбору. Чиркөөлөр ж. б. турак жай курулуштары (19-кылым), монумент, китепкана, музейлер, жазуучу П. Истратинин үй музейи, театрлар бар. Эл аралык театр фестивалы өткөрүлөт. Болот прокат, металл иштетүү, машина куруу, химиялык, целлюлоза-кагаз (анын ичинен камышты иштетет), тигүү, курулуш материалдар өнөр жайы иштейт. Шаардан 7 ''км'' түштүк-батышта Лаку-Сэрат бальнеологиялык-баткак курорту жайгашкан. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:33, 8 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БРЭИ́ЛА – Румыниянын түштүк-чыгышындагы шаар. Брэила жудецинин (уезд; административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 206,5 миӊ (2012). Дунайдын сол жээгинде, чатынан 170 км аралыкта жайгашкан. Маанилүү жол тоому; өлкөнүн ири портторунун бири, Дунайдагы кеме жолунун акыркы пункту. Алгач 1368-жылы Валахия княздыгынын борбору катары эскерилет. 1462-жылы өрттөн жабыркаган. 20-кылымдын башынан ири дарыя порту (негизинен эгин ташылат); Румыниянын соода жана диний борбору. Чиркөөлөр ж. б. турак жай курулуштары (19-кылым), монумент, китепкана, музейлер, жазуучу П. Истратинин үй музейи, театрлар бар. Эл аралык театр фестивалы өткөрүлөт. Болот прокат, металл иштетүү, машина куруу, химиялык, целлюлоза-кагаз (анын ичинен камышты иштетет), тигүү, курулуш материалдар өнөр жайы иштейт. Шаардан 7 км түштүк-батышта Лаку-Сэрат бальнеологиялык-баткак курорту жайгашкан.