БРЮГГЕ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БРЮ́ГГЕ ''' (фламандча Brugge, французча Bruges) – Бельгиянын түн.-батышындагы шаар. Францияда, Батыш Фландрия провинциясынын адм. борбору. Калкы 117,2 миӊ (2011). Деӊиз порту. Зебрюгге аванпорту (2004-ж. 32 млн т жүк ташылган) Түн. деӊизи м-н канал аркылуу байланышат. Б. – Остенде, Б. – Гент каналдарындагы кеме жол тоому. Алгач 7-к-дан эскерилет. 10-к-дан шаар. 1093-жылдан Фландрия графтыгынын борбору. 12–15-к-да европ. кол өнөрчүлүктүн (нооту токуу) маанилүү борбору ж-а 1200-жылдан эл аралык соода ярмаркалары болот. 15-к-да Европадагы эӊ ири деӊиз портуна айланган. Шаарда о. кылымдын арх-ралык өзгөчөлүгү болгон энсиз үйлөр, чиркөө, мунаралар ж-а кооз каналдар тармагы (80ге жакын, үйлөрдүн дубалдары каналдардын жээгинен көтөрүлгөн) көпүрөлөрү м-н сакталган. Шаардын эски бөлүгүнүн борборунда аянттар, ратуша, базилика, соборлор, Синт-Якобскерк (1180–15-к.), Кудай Эне (1210–1549, анда «Мадонна ымыркай бала менен» скульптурасы, Микеланжело, 1503–05, Мария Бургундская м-н Карл Смелыйдын коло күмбөзү, 16-к.), Иерусалим (1428), Ыйык Вальпургия чиркөөлөрү ж. б. бар. Шаардын тарыхый борбору ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине кирген. Жогорку католик мектеби (1994), музейлер, фландриялык акын Гвидо Гезелленин үй музейи, театрлар иштейт. 1964-жылдан жыл сайын жайында көөнө музыка фестивалы өткөрүлөт. Аз тонналуу кемелерди куруу ж-а ремонттоочу, металл иштетүүчү, машина куруу, хим., текстиль, тигүү, тамак-аш (а. и. балык консервалары) өнөр жайы бар. Европадагы алмазды кырдоонун байыркы борборлорунун бири (бриллиант музейи бар). Салт болуп калган тор токуп сатуу, туризм өнүккөн.
'''БРЮ́ГГЕ ''' (фламандча Brugge, французча Bruges) – Бельгиянын түндүк-батышындагы шаар. Францияда, Батыш Фландрия провинциясынын административдик борбору. Калкы 117,2 миӊ (2011). Деӊиз порту. Зебрюгге аванпорту (2004-жылы 32 млн т жүк ташылган) Түндүк деӊизи менен канал аркылуу байланышат. Брюгге – Остенде, Брюгге – Гент каналдарындагы кеме жол тоому. Алгач 7-кылымдан эскерилет. 10-кылымдан шаар. 1093-жылдан Фландрия графтыгынын борбору. 12–15-кылымдарда европалык кол өнөрчүлүктүн (нооту токуу) маанилүү борбору жана 1200-жылдан эл аралык соода ярмаркалары болот. 15-кылымда Европадагы эӊ ири деӊиз портуна айланган. Шаарда орто кылымдын архитектуралык өзгөчөлүгү болгон энсиз үйлөр, чиркөө, мунаралар жана кооз каналдар тармагы (80ге жакын, үйлөрдүн дубалдары каналдардын жээгинен көтөрүлгөн) көпүрөлөрү менен сакталган. Шаардын эски бөлүгүнүн борборунда аянттар, ратуша, базилика, соборлор, Синт-Якобскерк (1180–15-кылым), Кудай Эне (1210–1549, анда «Мадонна ымыркай бала менен» скульптурасы, Микеланжело, 1503–05, Мария Бургундская менен Карл Смелыйдын коло күмбөзү, 16-к.), Иерусалим (1428), Ыйык Вальпургия чиркөөлөрү ж. б. бар. Шаардын тарыхый борбору ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине кирген. Жогорку католик мектеби (1994), музейлер, фландриялык акын Гвидо Гезелленин үй музейи, театрлар иштейт. 1964-жылдан жыл сайын жайында көөнө музыка фестивалы өткөрүлөт. Аз тонналуу кемелерди куруу жана ремонттоочу, металл иштетүүчү, машина куруу, химиялык, текстиль, тигүү, тамак-аш (анын ичинен балык консервалары) өнөр жайы бар. Европадагы алмазды кырдоонун байыркы борборлорунун бири (бриллиант музейи бар). Салт болуп калган тор токуп сатуу, туризм өнүккөн.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:40, 8 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БРЮ́ГГЕ (фламандча Brugge, французча Bruges) – Бельгиянын түндүк-батышындагы шаар. Францияда, Батыш Фландрия провинциясынын административдик борбору. Калкы 117,2 миӊ (2011). Деӊиз порту. Зебрюгге аванпорту (2004-жылы 32 млн т жүк ташылган) Түндүк деӊизи менен канал аркылуу байланышат. Брюгге – Остенде, Брюгге – Гент каналдарындагы кеме жол тоому. Алгач 7-кылымдан эскерилет. 10-кылымдан шаар. 1093-жылдан Фландрия графтыгынын борбору. 12–15-кылымдарда европалык кол өнөрчүлүктүн (нооту токуу) маанилүү борбору жана 1200-жылдан эл аралык соода ярмаркалары болот. 15-кылымда Европадагы эӊ ири деӊиз портуна айланган. Шаарда орто кылымдын архитектуралык өзгөчөлүгү болгон энсиз үйлөр, чиркөө, мунаралар жана кооз каналдар тармагы (80ге жакын, үйлөрдүн дубалдары каналдардын жээгинен көтөрүлгөн) көпүрөлөрү менен сакталган. Шаардын эски бөлүгүнүн борборунда аянттар, ратуша, базилика, соборлор, Синт-Якобскерк (1180–15-кылым), Кудай Эне (1210–1549, анда «Мадонна ымыркай бала менен» скульптурасы, Микеланжело, 1503–05, Мария Бургундская менен Карл Смелыйдын коло күмбөзү, 16-к.), Иерусалим (1428), Ыйык Вальпургия чиркөөлөрү ж. б. бар. Шаардын тарыхый борбору Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Жогорку католик мектеби (1994), музейлер, фландриялык акын Гвидо Гезелленин үй музейи, театрлар иштейт. 1964-жылдан жыл сайын жайында көөнө музыка фестивалы өткөрүлөт. Аз тонналуу кемелерди куруу жана ремонттоочу, металл иштетүүчү, машина куруу, химиялык, текстиль, тигүү, тамак-аш (анын ичинен балык консервалары) өнөр жайы бар. Европадагы алмазды кырдоонун байыркы борборлорунун бири (бриллиант музейи бар). Салт болуп калган тор токуп сатуу, туризм өнүккөн.