БУБЕНОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БУ́БЕНОВ ''' Андрей Леонтьевич – 19- | '''БУ́БЕНОВ ''' '''Андрей Леонтьевич''' – 19-кылымдын биринчи жарымында орус падышалык бийлигинин Түндүк-Чыгыш Казакстандагы кызматкери. Семей шаарында ар кандай мамлекеттик кызматтарда иштеген. 1813-жылы казак-кыргыз конуштары аркылуу Чыгыш Түркстанга жөнөтүлгөн көпөс Миркурбан Ниязовдун соода кербенине кошулуп, Кыргызстанга атайын тапшырма менен келген. Шапак, Шералы, Эшим ж. б. кыргыз бийлеринин Түп суусунун боюндагы конушунда жылуу маанайда кабыл алынган жана Батыш Сибирь бийликтеринин катын тапшырган. Алар жооп иретинде көпөстөрдү каалаган жерлерине чейин узатып бара тургандыктарын билдиришкен. Шералы бийдин уулу Ажыбай кербенди Чыгыш Түркстандагы Ак-Сууга бараткан жолдогу Үч-Турпан шаарына чейин узатып барган. Бубенов көпөстөр менен Чыгыш Түркстандан кыргыз конуштарына кайтып келгенден кийин Шералы жана Ниязбек бийлер Сибирь линиясынын башчысы Г. И. Глазенапка кат жазып, өзүлөрүнүн өкүлдөрүн жөнөтүшкөн. 21-ноябрда Бубенов кыргыз өкүлдөрү ''Качыбек'' жана ''Жакыпбек'' менен бирге Ысык-Көлдөн чыгып, 1814-жылы 5-январда Семей чебине келишкен. Сибирь бийликтери тарабынан кабыл алынган кыргыз өкүлдөрү өзүлөрүнүн конуштары аркылуу Кытайдын Ак-Суу, Кашкар, Тибет, Жаркент шаарларына жана Кашмирге каттаган кербендерге колдоо көрсөтөрүн айтышкан жана өз элинин атынан императордун бийлигине өтүүнү каалагандыктарын билдирүү үчүн Санкт-Петербургга императорго жөнөтүүнү өтүнүшкөн. Борбордун алыстыгына байланыштуу элчилерди Тоболдогу генерал-губернатор кабыл алган. 1815-жылы жайында кыргыз элчилери мекенине кайтышкан. Бубеновдун кыргыз конуштарына келиши 19-кылымдын акырынан бери үзүлүп калган кыргыз-орус байланышын калыбына келтирген. 1824-жылы 31-декабрда бугу уруусунун бийлери ''Акымбек'' Олжобай уулу, ''Алгазы'' Шералы уулу, ''Алымбек'' Жапалак уулу баштаган өкүлдөр Семейге келген, андан 1825-жылы январь айында Омскиге барышкан. 1827-жылы 30-мартта Бубенов кыргыз конуштарына кайрадан келген жана аталган элчилерге Батыш Сибирь бийликтеринин белектерин тапшырган. Бубенов бир айдан ашык бугу уруусунун конушунда болуп, алардын турмушу жана ысык-көлдүк кыргыздардын өз ара мамилелери, саясий абалы менен таанышкан. | ||
''Т. Асанов.'' | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
08:10, 8 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БУ́БЕНОВ Андрей Леонтьевич – 19-кылымдын биринчи жарымында орус падышалык бийлигинин Түндүк-Чыгыш Казакстандагы кызматкери. Семей шаарында ар кандай мамлекеттик кызматтарда иштеген. 1813-жылы казак-кыргыз конуштары аркылуу Чыгыш Түркстанга жөнөтүлгөн көпөс Миркурбан Ниязовдун соода кербенине кошулуп, Кыргызстанга атайын тапшырма менен келген. Шапак, Шералы, Эшим ж. б. кыргыз бийлеринин Түп суусунун боюндагы конушунда жылуу маанайда кабыл алынган жана Батыш Сибирь бийликтеринин катын тапшырган. Алар жооп иретинде көпөстөрдү каалаган жерлерине чейин узатып бара тургандыктарын билдиришкен. Шералы бийдин уулу Ажыбай кербенди Чыгыш Түркстандагы Ак-Сууга бараткан жолдогу Үч-Турпан шаарына чейин узатып барган. Бубенов көпөстөр менен Чыгыш Түркстандан кыргыз конуштарына кайтып келгенден кийин Шералы жана Ниязбек бийлер Сибирь линиясынын башчысы Г. И. Глазенапка кат жазып, өзүлөрүнүн өкүлдөрүн жөнөтүшкөн. 21-ноябрда Бубенов кыргыз өкүлдөрү Качыбек жана Жакыпбек менен бирге Ысык-Көлдөн чыгып, 1814-жылы 5-январда Семей чебине келишкен. Сибирь бийликтери тарабынан кабыл алынган кыргыз өкүлдөрү өзүлөрүнүн конуштары аркылуу Кытайдын Ак-Суу, Кашкар, Тибет, Жаркент шаарларына жана Кашмирге каттаган кербендерге колдоо көрсөтөрүн айтышкан жана өз элинин атынан императордун бийлигине өтүүнү каалагандыктарын билдирүү үчүн Санкт-Петербургга императорго жөнөтүүнү өтүнүшкөн. Борбордун алыстыгына байланыштуу элчилерди Тоболдогу генерал-губернатор кабыл алган. 1815-жылы жайында кыргыз элчилери мекенине кайтышкан. Бубеновдун кыргыз конуштарына келиши 19-кылымдын акырынан бери үзүлүп калган кыргыз-орус байланышын калыбына келтирген. 1824-жылы 31-декабрда бугу уруусунун бийлери Акымбек Олжобай уулу, Алгазы Шералы уулу, Алымбек Жапалак уулу баштаган өкүлдөр Семейге келген, андан 1825-жылы январь айында Омскиге барышкан. 1827-жылы 30-мартта Бубенов кыргыз конуштарына кайрадан келген жана аталган элчилерге Батыш Сибирь бийликтеринин белектерин тапшырган. Бубенов бир айдан ашык бугу уруусунун конушунда болуп, алардын турмушу жана ысык-көлдүк кыргыздардын өз ара мамилелери, саясий абалы менен таанышкан.
Т. Асанов.