БУДЁННЫЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary

1 сап: 1 сап:
'''БУДЁННЫЙ ''' Семён Михайлович [13. (25). 4. 1883, Ростов обл., Пролетарск р-ну, Козюрин хутору (азыркы Пролетарск ш.) – 26. 10. 1973, Москва] – сов. аскер ж-а мамл. ишмер, Граж. согуштун баатыры, Сов. Союз. Маршалы (1935), Сов. Союз. 3 жолку Баатыры (1958, 1963, 1968). Орус-япон согушунда (1904–05), 1-дүйнөлүк согушта көрсөткөн эрдиги үчүн 4 жолу Ыйык Георгий ордени ж-а 4 Георгий медалын алууга татыктуу болгон. 1919-ж. июнда Б-дын командачылыгы м-н атчандар корпусу түзүлүп, 1-атчандар армиясына айланат. Бул армия гражд. согушта Деникин, Пилсудский ж-а Врангелдин аскерлерин талкалоодо зор роль ойногон. 1921–23-ж. Рев-ячыл аскер советинин мүчөсү, Түн. Кав-
'''БУДЁННЫЙ ''' '''Семён Михайлович''' [13. (25). 4. 1883, Ростов облусу, Пролетарск району, Козюрин хутору (азыркы Пролетарск шаары) – 26. 10. 1973, Москва] – советтик аскер жана мамлекеттик ишмер, Граждандык согуштун баатыры, Советтер Союзунун Маршалы (1935), Советтер Союзунун 3 жолку Баатыры (1958, 1963, 1968). Орус-япон согушунда (1904–05), 1-дүйнөлүк согушта көрсөткөн эрдиги үчүн 4 жолу Ыйык Георгий ордени жана 4 Георгий медалын алууга татыктуу болгон. 1919-жылы июнда Будённыйдын командачылыгы менен атчандар корпусу түзүлүп, 1-атчандар армиясына айланат. Бул армия граждандык согушта Деникин, Пилсудский жана Врангелдин аскерлерин талкалоодо зор роль ойногон. 1921–23-жылдары Революциячыл аскер советинин мүчөсү, Түндүк Кав-

[[File:БУДЁННЫЙ9.png | thumb | none]]
[[File:БУДЁННЫЙ9.png | thumb | none]]
каз аскер округунун командачысынын орун басары. Жылкы заводдорун уюштурууда, башкарууда көп иштеп, натыйжада жылкынын жаӊы породалары чыгарылган. 1923-жылдан Б. Кызыл Армиянын баш командачысынын атчан аскер б-ча жардамчысы, СССР рев-ячыл аскер советинин мүчөсү. 1932-ж. М. В. Фрунзе атн. Аскер академиясын бүтүргөн. 1937-жылдан Москва аскер округунун командачысы, СССР коргоо эл комиссариатынын Башкы аскер советинин мүчөсү, коргоо эл комиссарынын орун басары. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Жогорку Башкы командованиенин Ставкасынын курамында, Ставканын резерв армияларынын аскер топторунун командачысы ж-а бир катар фронттун командачысы. 1943-ж. январдан Сов. Армиянын атчан аскерлеринин командачысы ж-а СССР Куралдуу Күчтөр министрлигинин Жогорку аскердик советинин мүчөсү; 1947–53-ж. а. ч. министринин жылкы чарбасы б-ча орун басары, 1953–54-ж. атчан аскер инспектору болгон. Жети Ленин, алты Кызыл Туу, 1-даражадагы Суворов ж. б. ордендер м-н сыйланган.
каз аскер округунун командачысынын орун басары. Жылкы заводдорун уюштурууда, башкарууда көп иштеп, натыйжада жылкынын жаӊы породалары чыгарылган. 1923-жылдан Будённый Кызыл Армиянын баш командачысынын атчан аскер боюнча жардамчысы, СССР революциячыл аскер советинин мүчөсү. 1932-жылы М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясын бүтүргөн. 1937-жылдан Москва аскер округунун командачысы, СССР коргоо эл комиссариатынын Башкы аскер советинин мүчөсү, коргоо эл комиссарынын орун басары. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Жогорку Башкы командованиенин Ставкасынын курамында, Ставканын резерв армияларынын аскер топторунун командачысы жана бир катар фронттун командачысы. 1943-жылы январдан Советтик Армиянын атчан аскерлеринин командачысы жана СССР Куралдуу Күчтөр министрлигинин Жогорку аскердик советинин мүчөсү; 1947–53-жылдары айыл чарба министринин жылкы чарбасы боюнча орун басары, 1953–54-жылдары атчан аскер инспектору болгон. Жети Ленин, алты Кызыл Туу, 1-даражадагы Суворов ж. б. ордендер менен сыйланган.
Эмг.: Пройдённый путь. Кн. 1–3. М., 1959–73.
Ад.: ''Сидоров'' В. И. Первая Конная армия. М., 1949.

Эмг.: Пройдённый путь. Кн. 1–3. М., 1959–73.

Ад.: ''Сидоров'' В. И. Первая Конная армия. М., 1949.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:34, 10 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БУДЁННЫЙ Семён Михайлович [13. (25). 4. 1883, Ростов облусу, Пролетарск району, Козюрин хутору (азыркы Пролетарск шаары) – 26. 10. 1973, Москва] – советтик аскер жана мамлекеттик ишмер, Граждандык согуштун баатыры, Советтер Союзунун Маршалы (1935), Советтер Союзунун 3 жолку Баатыры (1958, 1963, 1968). Орус-япон согушунда (1904–05), 1-дүйнөлүк согушта көрсөткөн эрдиги үчүн 4 жолу Ыйык Георгий ордени жана 4 Георгий медалын алууга татыктуу болгон. 1919-жылы июнда Будённыйдын командачылыгы менен атчандар корпусу түзүлүп, 1-атчандар армиясына айланат. Бул армия граждандык согушта Деникин, Пилсудский жана Врангелдин аскерлерин талкалоодо зор роль ойногон. 1921–23-жылдары Революциячыл аскер советинин мүчөсү, Түндүк Кав-

каз аскер округунун командачысынын орун басары. Жылкы заводдорун уюштурууда, башкарууда көп иштеп, натыйжада жылкынын жаӊы породалары чыгарылган. 1923-жылдан Будённый Кызыл Армиянын баш командачысынын атчан аскер боюнча жардамчысы, СССР революциячыл аскер советинин мүчөсү. 1932-жылы М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясын бүтүргөн. 1937-жылдан Москва аскер округунун командачысы, СССР коргоо эл комиссариатынын Башкы аскер советинин мүчөсү, коргоо эл комиссарынын орун басары. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Жогорку Башкы командованиенин Ставкасынын курамында, Ставканын резерв армияларынын аскер топторунун командачысы жана бир катар фронттун командачысы. 1943-жылы январдан Советтик Армиянын атчан аскерлеринин командачысы жана СССР Куралдуу Күчтөр министрлигинин Жогорку аскердик советинин мүчөсү; 1947–53-жылдары айыл чарба министринин жылкы чарбасы боюнча орун басары, 1953–54-жылдары атчан аскер инспектору болгон. Жети Ленин, алты Кызыл Туу, 1-даражадагы Суворов ж. б. ордендер менен сыйланган.
Эмг.: Пройдённый путь. Кн. 1–3. М., 1959–73.
Ад.: Сидоров В. И. Первая Конная армия. М., 1949.