БУРАМАЛУУ КЫЙМЫЛ ӨТКӨРГҮЧ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БУРАМАЛУУ КЫЙМЫЛ ӨТКӨРГҮЧ ''' – айлануу кыймылын түз сызыктуу кыймылга айландыруучу механизм. Негизинен эки тетиктен – бурамадан | '''БУРАМАЛУУ КЫЙМЫЛ ӨТКӨРГҮЧ ''' – айлануу кыймылын түз сызыктуу кыймылга айландыруучу механизм. Негизинен эки тетиктен – бурамадан жана буроодон турат. Алар негизги өзгөчөлүктөрүнө, конструкциясынын жөнөкөйлүгүнө, катыш сандын чоӊдугуна, көбүрөөк сүрүлүшүнө жана пайдалуу аракет коэффициентинин кичинелигине жараша колдонулат. Аларда трапециялык, тик бурчтук ж-а такалма бурама сай жасалат. Конструкциясы боюнча жөнөкөй сүрүлүүчү, гидростатикалык жана шариктүү болуп бөлүнөт. Кийинки 2 түрдө сүрүлүү суюктуктук же тоголонмо болгондуктан, пайдалуу аракет коэффициенти 0,98–0,99 ''га'' жетет. Шариктүү Бурамалуу кыймыл өткөргүч программа боюнча башкарылуучу станоктордо, самолёттордун шассисин көтөрүп-түшүрүүчү механизмде, автомобилдин рулдук башкаруу системасында жана ар кандай приборлордо пайдаланылат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
02:45, 14 Май (Бугу) 2024 -деги абалы
БУРАМАЛУУ КЫЙМЫЛ ӨТКӨРГҮЧ – айлануу кыймылын түз сызыктуу кыймылга айландыруучу механизм. Негизинен эки тетиктен – бурамадан жана буроодон турат. Алар негизги өзгөчөлүктөрүнө, конструкциясынын жөнөкөйлүгүнө, катыш сандын чоӊдугуна, көбүрөөк сүрүлүшүнө жана пайдалуу аракет коэффициентинин кичинелигине жараша колдонулат. Аларда трапециялык, тик бурчтук ж-а такалма бурама сай жасалат. Конструкциясы боюнча жөнөкөй сүрүлүүчү, гидростатикалык жана шариктүү болуп бөлүнөт. Кийинки 2 түрдө сүрүлүү суюктуктук же тоголонмо болгондуктан, пайдалуу аракет коэффициенти 0,98–0,99 га жетет. Шариктүү Бурамалуу кыймыл өткөргүч программа боюнча башкарылуучу станоктордо, самолёттордун шассисин көтөрүп-түшүрүүчү механизмде, автомобилдин рулдук башкаруу системасында жана ар кандай приборлордо пайдаланылат.