ВАМБЕРИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''ВА́МБЕРИ''' Арминий (венгер тилинде Vámbéry Ármin, немецче Hermann Bamberger) [болжолу 19. 3. 1832, Сен-Георген (азыркы Братиславага жакын) – 15. 9. 1913, Будапешт] – венгер (мажар) чыгыш таануучусу жана тилчи, тюрколог, саякатчы, этнограф, журналист, Будапешт университетинин профессору. Вамбери аттуу фамилия XVIII к. немецтердин Бамберг шаарында жашаган анын чоң атасынын атынан (б. а. немецче “Бамбергер” же кыргызча “Бамбергерлик”) аталып калган. Аны кийин Арминий өзү венгер тилине ылайыктап өзгөртүп, ал дүйнөгө ушул ысым менен таанылган. А. Вамберинин туулган жери жана анын ата-энеси тууралуу так маалымат жокко эсе. Айрым кабарларда ал 1832-жылы 19-мартта азыркы Словакиянын Нидермаркт (венгерче Dunaszerdahely) шаарында, экинчисинде Пресбург (азыр Эстерг) аймагындагы Шердагели, үчүнчү бир маалыматта Сентдьёрд (словак тилинде Svätý Jur), дагы бир маалымат боюнча Сент-Георгене шаарында туулганы айтылат. Өзү Дунай дарыясынын аралындагы Дуна Шердахели деген чакан шаарчада 1842-жылы туулганын эскерген. Анын өмүр баянын изилдөөчүлөр 1889-жылы А. Вамберинин даңкы таш жарып жаткан учурда Англиядагы Виндзор сарайында королева Викториянын кабыл алуусунда болот. Ал кездеги катуу тартип боюнча кадырлуу меймандар кол кое турган китепке сөзсүз түрдө кабыл алууда болгон адам өз аты-жөнүн, туулган жылын жана айы-күнүн, титулдарын, наамдарын толук көрсөтүүгө тийиш болгон. Ушундай себептен А. Вамберинин графада көрсөтүлгөн датасы (19-март, 1832-ж.) расмий түрдө кабыл алынып калган. Ата-энеси кедейленип кеткен жөөттөр (еврей) болуп, атасы А. Вамбери туула электе көз жуумп, өзүнүн тубаса төкөрлүгүнүн натыйжасында 12 жашына чейин таякчан жүрүүгө туура келген. Апасына жардамдашып, аптекаларга сүлүк курт сатууга үйрөнгөн жана тапкан акчасына алгач еврейлердин мектебинен, кийин окуусун Пресбург шаарынан улантып, аны 1851'''-'''жылы аяктаган. Бул жерден иврит жана мажар (венгер) тилдеринен тышкары словен, немец тилдеринде эркин сүйлөп калган. 1857-жылы Стамбулга келип, түрк тилин өздөштүрүүгө киришкен жана бай адамдарга француз тилинен сабак бере баштаган. Чынчыл, адилеттүүлүгү үчүн “Рашид (ак ниет, чынчыл)-эфенди” деген атка конуп, борбордук медреседен билим алууга укук берилген эң биринчи чет өлкөлүк болгон. Бул жерден черкес улутундагы дивизион генералы Гуссейн Даим-пашанын уулуна сабак берип жүрүп, анын аркасы менен Осмон империясынын тышкы иштер министри Мехмед Фуад-пашанын жеке катчысы кызматына ээ болгон. Мехмед Фуад-паша аны чыгыш элинин адеп-адатка (мисалы, улуу даражалуу адамдардын алдында өзүн кандай алып жүрүүгө), туура жүрүм-турумга, ал эмес малдаш токунуп отурууга үйрөткөн. Ошондой эле анын кызматы мамлекеттик архивге кирүүгө мүмкүнчүлүк берген, натыйжада немец гезит-журналдары (мисалы, Альгемайне Цайтунг ж. б.) менен кызматташып, чыгыш өлкөлөрүнөн алынган кабарларды жана байыркы доорго тиешелүү Венгриянын тарыхы боюнча көптөгөн материалдарды жиберип турган. 1861-жылы А. Вамбери Будапешт шаарына кайтып, Венгрия Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденттигине дайындалган жана Илимдер Академиясынан бир нече миң гулден алып, Орто Азияга саякат кылууга даярданган. Венгер Илимдер Академиясы ал үчүн ага король Франц-Иосифтин атынан коргоо (кол тийбестик) баракчасын, түрк элчиси чаңда бирөөгө берилүүчү түрк паспортун (түркчө – тугра; султан, халиф, хандардын титулун жана энчилүү аты жазылган мөөр сыяктуу өздүк белгиси), Тебриздеги перс шахынан ушундай эле паспорт алган. Өз эскерүүсүндө ал дервиштерче кийинип, Рашид-эфенди деген ат менен 1862-жылы 21-майда Орто Азияны карай саякатка аттанганын айтат. Адегенде Трабзон аркылуу Тегеранга келип, ал жерден Мекеден кайтып келе жаткан ажыларга кошулуп, бир нече ай бою Борбордук Ирандагы Тебриз, Зенжан, Казвин шаарларын кыдырып, 863-жылы Исфахан жана Шираз шаарлары аркылуу Хива хандыгына, андан Бухара эмирлигине жеткен. Бухарадан ал окумуштуу-акын Рахим-бей (Бухара эмиринин кийинки министри) менен таанышып, андан перс-өзбек акындары жана Кокон хандыгы тууралуу айрым маалыматтарды алган. Жол бою Самарканд, Карши, Керки, Майман (Меймене) шаарларын кыдырып, 1864-жылы май айында жанына хивалык татарды жолдош кылган А. Вамбери көп сандаган кол жазмалары менен Пешт шаарына кайтып келген. Кайтып келери менен 20 күндүн ичинде «Индия үчүн келечектеги күрөш» (англисче «The coming struggle for India: being an account of the encroachments of Russia in Central Asia, and of the difficulties sure to arise therefrom to England») деген эмгегин жазууга киришкен жана ал эмгек Лондон, Париж, Нью-Йорк жана Мельбурн шаарларында басылып чыккан. 1865-жылы европалык тилдерге которулган «Орто Азияга саякат» аттуу эмгеги жарык көргөн. А. Вамберинин ысымын бүткүл Европага тааныткан ушул эмгек болгон. Анда Орто Азия элдеринин турмуш-тиричилиги, чарбасы, маданияты жана табияты тууралуу маалыматтар чагылдырылып, тез эле европа тилдеринин баарына, анын ичинде 1865-жылы орус тилине да которулган (орусчасы «Путешествие по Средней Азии из Тегерана через Туркменскую пустыню по восточному берегу Каспийского моря в Хиву, Бухару и Самарканд, предпринятое в 1863 году с научной целью по поручению Венгерской академии в Пеште членом ее А. Вамбери»). Илимий көз карашында биринчилерден болуп венгер тилин түрк тилдери менен жакындыгын далилдөөгө аракет жасаган. Иш жүзүндө А. Вамберинин саясий-публицисттикалык эмгектеринин басымдуу бөлүгү дээрлик Англия менен Орус империясынын Орто Азияга жасаган саясатына арналган менен анын эмгегиндеги айрым жалпы орто азиялыктардын элинин коомдук-саясий, экономикалык өнүгүүсү, маданияты, ич ара байланышы тууралуу баалуу маалыматтар да камтылат. Алардын ичинде кыргыздар тууралуу кабарлар өтө баалуу тарыхый-этнографиялык булак болуп саналат. | ||
Ад.: Вамбери А. Очерки Средней Азии (Дополнение к «Путешествию по Средней Азии»). М., 1868; Вамбери А. История Бохары или Трансокеании с древнейших времен до настоящего. По восточным обнародованным и необнародованным рукописным историческим источникам /пер. А. И. Павловского. В 2-х томах. СПб, 1873; Вамбери А. Путешествие по Средней Азии. 2-е изд. М., 1874; Вамбери А. Моя жизнь. /Авторизованный перевод с англ. В. Лазарева. М., 1914; Алымбаев Ж. Кыргыз элинин келип чыгышы XVIII–XIX кылымдардагы орус тарыхнаамасында. //Вестник Кыргызского национального университета им. Ж. Баласагына. Ч. 2. Б., 2012. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
11:24, 14 Май (Бугу) 2024 -деги абалы
ВА́МБЕРИ Арминий (венгер тилинде Vámbéry Ármin, немецче Hermann Bamberger) [болжолу 19. 3. 1832, Сен-Георген (азыркы Братиславага жакын) – 15. 9. 1913, Будапешт] – венгер (мажар) чыгыш таануучусу жана тилчи, тюрколог, саякатчы, этнограф, журналист, Будапешт университетинин профессору. Вамбери аттуу фамилия XVIII к. немецтердин Бамберг шаарында жашаган анын чоң атасынын атынан (б. а. немецче “Бамбергер” же кыргызча “Бамбергерлик”) аталып калган. Аны кийин Арминий өзү венгер тилине ылайыктап өзгөртүп, ал дүйнөгө ушул ысым менен таанылган. А. Вамберинин туулган жери жана анын ата-энеси тууралуу так маалымат жокко эсе. Айрым кабарларда ал 1832-жылы 19-мартта азыркы Словакиянын Нидермаркт (венгерче Dunaszerdahely) шаарында, экинчисинде Пресбург (азыр Эстерг) аймагындагы Шердагели, үчүнчү бир маалыматта Сентдьёрд (словак тилинде Svätý Jur), дагы бир маалымат боюнча Сент-Георгене шаарында туулганы айтылат. Өзү Дунай дарыясынын аралындагы Дуна Шердахели деген чакан шаарчада 1842-жылы туулганын эскерген. Анын өмүр баянын изилдөөчүлөр 1889-жылы А. Вамберинин даңкы таш жарып жаткан учурда Англиядагы Виндзор сарайында королева Викториянын кабыл алуусунда болот. Ал кездеги катуу тартип боюнча кадырлуу меймандар кол кое турган китепке сөзсүз түрдө кабыл алууда болгон адам өз аты-жөнүн, туулган жылын жана айы-күнүн, титулдарын, наамдарын толук көрсөтүүгө тийиш болгон. Ушундай себептен А. Вамберинин графада көрсөтүлгөн датасы (19-март, 1832-ж.) расмий түрдө кабыл алынып калган. Ата-энеси кедейленип кеткен жөөттөр (еврей) болуп, атасы А. Вамбери туула электе көз жуумп, өзүнүн тубаса төкөрлүгүнүн натыйжасында 12 жашына чейин таякчан жүрүүгө туура келген. Апасына жардамдашып, аптекаларга сүлүк курт сатууга үйрөнгөн жана тапкан акчасына алгач еврейлердин мектебинен, кийин окуусун Пресбург шаарынан улантып, аны 1851-жылы аяктаган. Бул жерден иврит жана мажар (венгер) тилдеринен тышкары словен, немец тилдеринде эркин сүйлөп калган. 1857-жылы Стамбулга келип, түрк тилин өздөштүрүүгө киришкен жана бай адамдарга француз тилинен сабак бере баштаган. Чынчыл, адилеттүүлүгү үчүн “Рашид (ак ниет, чынчыл)-эфенди” деген атка конуп, борбордук медреседен билим алууга укук берилген эң биринчи чет өлкөлүк болгон. Бул жерден черкес улутундагы дивизион генералы Гуссейн Даим-пашанын уулуна сабак берип жүрүп, анын аркасы менен Осмон империясынын тышкы иштер министри Мехмед Фуад-пашанын жеке катчысы кызматына ээ болгон. Мехмед Фуад-паша аны чыгыш элинин адеп-адатка (мисалы, улуу даражалуу адамдардын алдында өзүн кандай алып жүрүүгө), туура жүрүм-турумга, ал эмес малдаш токунуп отурууга үйрөткөн. Ошондой эле анын кызматы мамлекеттик архивге кирүүгө мүмкүнчүлүк берген, натыйжада немец гезит-журналдары (мисалы, Альгемайне Цайтунг ж. б.) менен кызматташып, чыгыш өлкөлөрүнөн алынган кабарларды жана байыркы доорго тиешелүү Венгриянын тарыхы боюнча көптөгөн материалдарды жиберип турган. 1861-жылы А. Вамбери Будапешт шаарына кайтып, Венгрия Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденттигине дайындалган жана Илимдер Академиясынан бир нече миң гулден алып, Орто Азияга саякат кылууга даярданган. Венгер Илимдер Академиясы ал үчүн ага король Франц-Иосифтин атынан коргоо (кол тийбестик) баракчасын, түрк элчиси чаңда бирөөгө берилүүчү түрк паспортун (түркчө – тугра; султан, халиф, хандардын титулун жана энчилүү аты жазылган мөөр сыяктуу өздүк белгиси), Тебриздеги перс шахынан ушундай эле паспорт алган. Өз эскерүүсүндө ал дервиштерче кийинип, Рашид-эфенди деген ат менен 1862-жылы 21-майда Орто Азияны карай саякатка аттанганын айтат. Адегенде Трабзон аркылуу Тегеранга келип, ал жерден Мекеден кайтып келе жаткан ажыларга кошулуп, бир нече ай бою Борбордук Ирандагы Тебриз, Зенжан, Казвин шаарларын кыдырып, 863-жылы Исфахан жана Шираз шаарлары аркылуу Хива хандыгына, андан Бухара эмирлигине жеткен. Бухарадан ал окумуштуу-акын Рахим-бей (Бухара эмиринин кийинки министри) менен таанышып, андан перс-өзбек акындары жана Кокон хандыгы тууралуу айрым маалыматтарды алган. Жол бою Самарканд, Карши, Керки, Майман (Меймене) шаарларын кыдырып, 1864-жылы май айында жанына хивалык татарды жолдош кылган А. Вамбери көп сандаган кол жазмалары менен Пешт шаарына кайтып келген. Кайтып келери менен 20 күндүн ичинде «Индия үчүн келечектеги күрөш» (англисче «The coming struggle for India: being an account of the encroachments of Russia in Central Asia, and of the difficulties sure to arise therefrom to England») деген эмгегин жазууга киришкен жана ал эмгек Лондон, Париж, Нью-Йорк жана Мельбурн шаарларында басылып чыккан. 1865-жылы европалык тилдерге которулган «Орто Азияга саякат» аттуу эмгеги жарык көргөн. А. Вамберинин ысымын бүткүл Европага тааныткан ушул эмгек болгон. Анда Орто Азия элдеринин турмуш-тиричилиги, чарбасы, маданияты жана табияты тууралуу маалыматтар чагылдырылып, тез эле европа тилдеринин баарына, анын ичинде 1865-жылы орус тилине да которулган (орусчасы «Путешествие по Средней Азии из Тегерана через Туркменскую пустыню по восточному берегу Каспийского моря в Хиву, Бухару и Самарканд, предпринятое в 1863 году с научной целью по поручению Венгерской академии в Пеште членом ее А. Вамбери»). Илимий көз карашында биринчилерден болуп венгер тилин түрк тилдери менен жакындыгын далилдөөгө аракет жасаган. Иш жүзүндө А. Вамберинин саясий-публицисттикалык эмгектеринин басымдуу бөлүгү дээрлик Англия менен Орус империясынын Орто Азияга жасаган саясатына арналган менен анын эмгегиндеги айрым жалпы орто азиялыктардын элинин коомдук-саясий, экономикалык өнүгүүсү, маданияты, ич ара байланышы тууралуу баалуу маалыматтар да камтылат. Алардын ичинде кыргыздар тууралуу кабарлар өтө баалуу тарыхый-этнографиялык булак болуп саналат.
Ад.: Вамбери А. Очерки Средней Азии (Дополнение к «Путешествию по Средней Азии»). М., 1868; Вамбери А. История Бохары или Трансокеании с древнейших времен до настоящего. По восточным обнародованным и необнародованным рукописным историческим источникам /пер. А. И. Павловского. В 2-х томах. СПб, 1873; Вамбери А. Путешествие по Средней Азии. 2-е изд. М., 1874; Вамбери А. Моя жизнь. /Авторизованный перевод с англ. В. Лазарева. М., 1914; Алымбаев Ж. Кыргыз элинин келип чыгышы XVIII–XIX кылымдардагы орус тарыхнаамасында. //Вестник Кыргызского национального университета им. Ж. Баласагына. Ч. 2. Б., 2012.