БУРКСЕР Гаврилл Владимирович: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БУ́РКСЕР ''' Гаврилл Владимирович (31. 10. 1903, Украина, Александрия ш. – 15. 6. 1979, Фрунзе) – зоогигиенист, ветеринария илимд. доктору (1953), проф. (1959), Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиӊ. ишмери (1974), 1927-ж. Харьков ветеринария ин-тун бүткөн. 1928–29-ж. вет. врач, 1929–34-ж. Жер иштер эл комиссариатында ветеринария башкармасынын башчысы. 1934–42-ж. ветеринария ИИИнин директорунун орун басары. 1942–46-ж. Сов. Армияда (атчандар дивизиясынын ветеринария башкармасынын башчысы). 1946–50-ж. Өзбекстан мал чарба ИИИнин директорунун орун басары. 1951-жылдан К. И. Скрябин атн. КАЧИде кафедра башчысы. Малды тоюттандырууда синтездик азоту бар элементтерди, тоют рационунда жетишпеген сиӊимдүү протеинди колдонуу жолун ж. б. изилдеген. Анын 200дөн ашык ил. эмгектери жарык көргөн. Эмгек Кызыл Туу ж. б. ордендер м-н сыйланган.  
'''БУ&#769;РКСЕР ''' '''Гаврилл Владимирович''' (31. 10. 1903, Украина, Александрия шаары – 15. 6. 1979, Фрунзе) – зоогигиенист, ветеринария илимдеринин доктору (1953), профессор (1959), Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиӊирген ишмери (1974), 1927-жылы Харьков ветеринария институтун бүткөн. 1928–29-жылдарда ветеринардык врач, 1929–34-жылдарда жер иштер эл комиссариатында ветеринария башкармасынын башчысы. 1934–42-жылдарда ветеринария ИИИнин директорунун орун басары. 1942–46-жылдарда Советтик Армияда (атчандар дивизиясынын ветеринария башкармасынын башчысы). 1946–50-жылдарда Өзбекстан мал чарба ИИИнин директорунун орун басары. 1951-жылдан К. И. Скрябин атындагы КАЧИде кафедра башчысы. Малды тоюттандырууда синтездик азоту бар элементтерди, тоют рационунда жетишпеген сиӊимдүү протеинди колдонуу жолун ж. б. изилдеген. Анын 200дөн ашык илимий эмгектери жарык көргөн. Эмгек Кызыл Туу ж. б. ордендер м-н сыйланган. <br/>Эмг.: Карбамид в кормлении сельскохозяйственных животных в Киргизии. Ф., 1971.
<br/>Эмг.: Карбамид в кормлении сельскохозяйственных животных в Киргизии. Ф., 1971.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:53, 15 Май (Бугу) 2024 -деги абалы

БУ́РКСЕР Гаврилл Владимирович (31. 10. 1903, Украина, Александрия шаары – 15. 6. 1979, Фрунзе) – зоогигиенист, ветеринария илимдеринин доктору (1953), профессор (1959), Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиӊирген ишмери (1974), 1927-жылы Харьков ветеринария институтун бүткөн. 1928–29-жылдарда ветеринардык врач, 1929–34-жылдарда жер иштер эл комиссариатында ветеринария башкармасынын башчысы. 1934–42-жылдарда ветеринария ИИИнин директорунун орун басары. 1942–46-жылдарда Советтик Армияда (атчандар дивизиясынын ветеринария башкармасынын башчысы). 1946–50-жылдарда Өзбекстан мал чарба ИИИнин директорунун орун басары. 1951-жылдан К. И. Скрябин атындагы КАЧИде кафедра башчысы. Малды тоюттандырууда синтездик азоту бар элементтерди, тоют рационунда жетишпеген сиӊимдүү протеинди колдонуу жолун ж. б. изилдеген. Анын 200дөн ашык илимий эмгектери жарык көргөн. Эмгек Кызыл Туу ж. б. ордендер м-н сыйланган.
Эмг.: Карбамид в кормлении сельскохозяйственных животных в Киргизии. Ф., 1971.