БУРЯТТАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БУРЯТТАР ''' (өздөрүн буряад деп аташат) – Россиянын курамындагы Бурят Респ-нын жерг. калкы. Иркутск обл-нун Усть-Ордо Бурят автономиялык округу м-н Чита обл-нун Ага-Бурят автономия округдарында, о. эле Түн. Монголия ж-а Түн. Чыгыш Кытайда да жашашат. Жал-
'''БУРЯТТАР ''' (өздөрүн буряад деп аташат) – Россиянын курамындагы Бурят Республикасынын жергиликтүү калкы. Иркутск облусунун Усть-Ордо Бурят автономиялык округу менен Чита облусунун Ага-Бурят автономия округдарында, ошондой эле Түндүк Монголия жана Түндүк Чыгыш Кытайда да жашашат. Жал-<br/>
<br/>
[[File:БУРЯТТАР36.png | thumb | none]]
[[File:БУРЯТТАР36.png | thumb | none]]
пы саны 550–690 миӊ адам (2010), а. и. Бурятияда 286,839 (2010). Бурят тилинде сүйлөшөт, монгол ж-а орус тили да колдонулат. Дини – христиан, о. эле будда динин ж-а шаманизмди тутушат. Б-дын этностук негизин түзгөн айрым уруулар Байкал аймагында байыртадан эле жашаган. Алар б. з. ч. 3-к-дын башталышында Борб. Азия мамлекеттеринин (хунн, сяньби, жужан, түрк ж. б.) курамына кирген. 8–9-к-да Байкал аймагы Уйгур хандыгынын бир бөлүгү болуп, мында курыкан ж-а байырку-байегу уруулары жашаган. Б. 11–13-к-да Монгол мамлекетине кошулуп, анын саясий, чарбалык ж-а маданий турмушуна катышкан. Бурят (бурийат) этноними ж-дө алгач мон-голдордун «Көӊүлдө ыйык сактала турган жомоктор» (1240) деген жазма маалыматтарында эскерилет. Б. 17-к-дын башталышында булагат, эхирит, хорин, хондогор урууларынын биригүүсүнүн негизинде калыптанган. Бул мезгилде Б. Жунгар хандыгынын курамында болгон. 17-к-дын ортосунда Байкал аймагы Монголиядан бөлүнүп, Россиянын курамына кирген. Россия мамлекеттүүлүгүнүн шартында ар түрдүү топтор ж-а уруулардын консолидация процесси башталган. 19-к-дын аягында бурят этносу түзүлгөн. 1921-ж. Ы. Чыгыш Респ-нын курамында Бурят-Монгол автономия обл., 1922-ж. РСФСРдин курамында Бурят-Монгол автономия обл., 1923-ж. Бурят-Монгол АССРи, 1958-ж. Бурят АССРи, 1992-ж. Бурят Респ. түзүлгөн. Б. негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык, балыкчылык м-н кесиптенишип, көчмөн турмуштагы Б. жыгач ж-а кийизден жасалган алты ж-а сегиз кырдуу боз үйлөрдө жашашкан. Алар бара-бара отурукташып, орустардын таасири м-н жыгачтан жасалган үйлөрдү курушуп, боз үйлөрдү кошумча колдонушкан. Аялдар түрдүү түстөгү кездемелерден кооздолуп жасалган көйнөк кийип, эки өрүм чачына алтын-күмүштөн жасалган асем буюмдарды тагынган. Эркектер тик жакалуу, көркөмдөлүп саймаланган узун көйнөк кийип, белине күмүш кур, ал эми байлар ж-а нойондор жогорку социалдык абалын күбөлөндүргөн атайын кафтан кийип, канжар, орден-медалдарды тагынган. Тамак-ашы – негизинен эт, сүт, дан азыктары ж-а жер-жемиштер. Сүттөн жуурат, быштак, курут, май, каймак, айран, кымыз даярдашат. ''Ш. Керимова.''
пы саны 550–690 миӊ адам (2010), анын ичинен Бурятияда 286,839 (2010). Бурят тилинде сүйлөшөт, монгол жана орус тили да колдонулат. Дини – христиан, ошондой эле будда динин жана шаманизмди тутушат. Буряттардын этностук негизин түзгөн айрым уруулар Байкал аймагында байыртадан эле жашаган. Алар б. з. ч. 3-кылымдын башталышында Борбордук Азия мамлекеттеринин (хунн, сяньби, жужан, түрк ж. б.) курамына кирген. 8–9-кылымдарда Байкал аймагы Уйгур хандыгынын бир бөлүгү болуп, мында курыкан жана байырку-байегу уруулары жашаган. Буряттар 11–13-кылымдарда Монгол мамлекетине кошулуп, анын саясий, чарбалык жана маданий турмушуна катышкан. Бурят (бурийат) этноними жөнүндө алгач мон-голдордун «Көӊүлдө ыйык сактала турган жомоктор» (1240) деген жазма маалыматтарында эскерилет. Буряттар 17-кылымдын башталышында булагат, эхирит, хорин, хондогор урууларынын биригүүсүнүн негизинде калыптанган. Бул мезгилде Буряттар Жунгар хандыгынын курамында болгон. 17-кылымдын ортосунда Байкал аймагы Монголиядан бөлүнүп, Россиянын курамына кирген. Россия мамлекеттүүлүгүнүн шартында ар түрдүү топтор жана уруулардын консолидация процесси башталган. 19-кылымдын аягында бурят этносу түзүлгөн. 1921-жылы Ыраакы Чыгыш Республикасынын курамында Бурят-Монгол автономия облусу, 1922-жылы РСФСРдин курамында Бурят-Монгол автономия облусу, 1923-жылы Бурят-Монгол АССРи, 1958-жылы Бурят АССРи, 1992-жылы Бурят Республикасы түзүлгөн. Буряттар негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык, балыкчылык менен кесиптенишип, көчмөн турмуштагы Буряттар жыгач жана кийизден жасалган алты жана сегиз кырдуу боз үйлөрдө жашашкан. Алар бара-бара отурукташып, орустардын таасири менен жыгачтан жасалган үйлөрдү курушуп, боз үйлөрдү кошумча колдонушкан. Аялдар түрдүү түстөгү кездемелерден кооздолуп жасалган көйнөк кийип, эки өрүм чачына алтын-күмүштөн жасалган асем буюмдарды тагынган. Эркектер тик жакалуу, көркөмдөлүп саймаланган узун көйнөк кийип, белине күмүш кур, ал эми байлар жана нойондор жогорку социалдык абалын күбөлөндүргөн атайын кафтан кийип, канжар, орден-медалдарды тагынган. Тамак-ашы – негизинен эт, сүт, дан азыктары жана жер-жемиштер. Сүттөн жуурат, быштак, курут, май, каймак, айран, кымыз даярдашат.
 
''Ш. Керимова.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

02:50, 16 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БУРЯТТАР (өздөрүн буряад деп аташат) – Россиянын курамындагы Бурят Республикасынын жергиликтүү калкы. Иркутск облусунун Усть-Ордо Бурят автономиялык округу менен Чита облусунун Ага-Бурят автономия округдарында, ошондой эле Түндүк Монголия жана Түндүк Чыгыш Кытайда да жашашат. Жал-

Ш. Керимова.