БУТАДИЕН КАУЧУГУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БУТАДИЕ́Н КАУЧУГУ''' , д и в и н и л к а у ч у г у – бутадиендин полимерленишинен алынган синтездик каучук. Табигый каучуктар сыяктуу эле ал узун | '''БУТАДИЕ́Н КАУЧУГУ''' , д и в и н и л к а у ч у г у – бутадиендин полимерленишинен алынган синтездик каучук. Табигый каучуктар сыяктуу эле ал узун макромолекулалуу тизмектүү, кээде бутактанган түзүлүштө болот да, жүз миӊден миллионго чейинки орточо молекула массага ээ. Полимерлөөнүн шартына жараша цис- жана транс- (изомер) түзүлүштө болот. Жегич металлдардын катышуусунда негизинен транс- түзүлүштөгү натрий бутадиен каучугу алынат. Бул каучук 1927-жылы С. В. Лебедевдин ыкмасы боюнча СССРде 1-жолу этил спиртинен синтезделип алынган бутадиенди натрийдин катышуусунда полимерлөөдөн алынган. Андан табигый каучукка караганда ийилгич, бышык резиналар пайда болот. Шина, ташыгыч тасма, суукка чыдамдуу бышык буюмдарды, тиричиликке керектүү резиналарды алууда колдонулат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:03, 16 Май (Бугу) 2024 -деги абалы
БУТАДИЕ́Н КАУЧУГУ , д и в и н и л к а у ч у г у – бутадиендин полимерленишинен алынган синтездик каучук. Табигый каучуктар сыяктуу эле ал узун макромолекулалуу тизмектүү, кээде бутактанган түзүлүштө болот да, жүз миӊден миллионго чейинки орточо молекула массага ээ. Полимерлөөнүн шартына жараша цис- жана транс- (изомер) түзүлүштө болот. Жегич металлдардын катышуусунда негизинен транс- түзүлүштөгү натрий бутадиен каучугу алынат. Бул каучук 1927-жылы С. В. Лебедевдин ыкмасы боюнча СССРде 1-жолу этил спиртинен синтезделип алынган бутадиенди натрийдин катышуусунда полимерлөөдөн алынган. Андан табигый каучукка караганда ийилгич, бышык резиналар пайда болот. Шина, ташыгыч тасма, суукка чыдамдуу бышык буюмдарды, тиричиликке керектүү резиналарды алууда колдонулат.