БҮРГӨНДҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:44, 17 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮРГӨНДҮ – Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Бүргөндү айыл округуна караштуу. Райондун борбору Масы кыштагынан 40 км батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 88 км. Бишкек – Ош жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 645 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2758 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, оорукана бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры Ю. Момбеков туулган.