БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК САЛАМАТТЫК САКТОО УЮМУ (ВОЗ)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:04, 24 Май (Бугу) 2024 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК САЛАМАТТЫК САКТОО УЮМУ (ВОЗ) – эл аралык медициналык уюм; БУУнун атайын мекемеси 1945-жылы уюшулган. 1946-жылы Нью-Йоркто 51 өлкөнүн Эл аралык конференциясы ВОЗдун уставын иштеп чыккан жана кабыл алган, ВОЗдун штаб-квартирасы Женева шаарында (Швейцария) жайгашкан. Дүйнө боюнча ВОЗдун региондук 6 офиси бар. Европа регионунан 52 мамлекет мүчө. ВОЗдун жогорку органы – Саламаттык сактоонун бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы, анын сессиясы жыл сайын чакырылат. ВОЗ жугуштуу жана жугушсуз оорулар (туберкулёз, венера жана мите оорулары, жүрөк-кан тамыр оорулары, зыяндуу шишиктер ж. б.) менен күрөшөт, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө саламаттык сактоо кызматын түзүүгө жана кайра уюштурууга, медициналык кадрларды даярдоого жана билимин өркүндөтүүгө жардам берет. ВОЗ бактериялык жана химиялык куралдарды колдонбоо, кишини атом радиациясынан коргоо, онкологиялык изилдөөлөр боюнча узак убакыт кызматташуу, ИЖОСко (СПИДге) каршы күрөшүү боюнча иш жүргүзөт. ВОЗдун милдеттерине дары каражаттарынын эл аралык стандартын белгилөө, дарылардын сапатын, кошумча таасирлерин көзөмөлдөө, баӊгиликке эл аралык көзөмөл жүргүзүү, оорулардын эл аралык классификациясын кайрадан карап чыгуу; медициналык илимдердин негизги проблемалары боюнча изилдөөлөрдү жана саламаттык сактоонун маанилүү маселелерин координациялоо ж. б. кирет. Андан тышкары эл аралык карантин иш-чараларын жүргүзөт: чечек, чума, холера, короновирус сары лихорадка оорулары чыкканда токтоосуз эл аралык маалымат берет, эл аралык санитардык эрежелерди иштеп чыгып, ал эрежелердин сакталышын көзөмөлдөйт. Журнал, бюллетень чыгарып турат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясы кабыл алган чечекти жоготуу программасын ишке ашыруу 1976-жылдан бүт Жер шарында чечектин жоголушуна алып келди. Кыргызстан 1992-жылдан ВОЗдун Европа региондук бюросуна мүчө. 1994-жылы КРдин саламаттык сактоосун реформалоо «Манас» программасын, туберкулёзго каршы DОТS стратегиясын иштеп чыгып киргизген. ВОЗ Кыргызстанда саламаттыкты сактоо, дары-дармек саясатын, АИЖВ/ИЖОС, туберкулёз, безгекке каршы ж. б. программаларды каржылайт, ошондой эле ВОЗ улуттук адистерди даярдоого да чоӊ көӊүл буруп, кыска жана узак мөөнөттүү эл аралык курстарды уюштурат.
Д. Ахматова.