ВАВИЛОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:15, 5 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАВИЛО́Н (шумерче Кадингирра, аккадча Бабилу – «кудай дарбазасы» дегенден) – Байыркы Жакынкы Чыгыштагы ири шаар (биздин заманга чейинки 3-миӊ жылдыктын экинчи жарымы – биздин заманга чейинки IV кылым). Месопотамияда Евфрат дарыясынын жээгинен орун алган;

Иштар дарбазасы. Вавилон, б. з. ч. VI к. Реконструкция.
Мамлекеттик музей (Берлин).

Вавилондун урандылары азыркы Эль-Хилла (Ирак) шаарынын жанында. Биздин заманга чейинки 2-миӊ жылдыктын башында шаар Вавилон аморей урууларына өтүп, алардын башчысы Сумуабум мында өз династиясын (I Вавилон династиясы, биздин заманга чейинки 1894–1595-жылдар) негиздеген. Династиянын алтынчы өкүлү Хаммурапи (биздин заманга чейинки 1792–1750) бүткүл Месопотамия аймагын бирдиктүү мамлекетке бириктирип, Вавилон дээрлик 1000 жыл бою анын борбору болуп турган. Биздин заманга чейинки 1595-жылы Вавилон хеттер, 1518-жылы каситтер тарабынан басып алынган. Биздин заманга чейинки 1-миӊ жылдыктын башында Вавилон Ассирия менен арамей урууларынын бири халдейлердин ортосунда талашка түшкөн. 732-жылдан Вавилон Ассирия державасынын курамына кирген. 689-жылы Ассирия падышасы Синахериб вавилондуктардын баш ийүүнү каалабагандыгы үчүн шаарды талкалоого буйрук берген. 680-жылы Синахерибдин жолун улантуучу Асархаддон тарабынан шаар кайрадан калыбына келтирилип, Вавилон Жакынкы Чыгыштагы бай жана чоӊ шаарлардын бирине айланган. Шаардын түндүк-батыш тарабында падышанын Чоӊ ак сарайы курулуп, ага жанаша атактуу Семирамиданын асма багы жайгашкан. Биздин заманга чейинки 539-жылы Вавилонду Персия падышасы Кир II караткан. V кылымдын экинчи жарымында Вавилондо болуп кеткен Геродот: «Мен билген шаарлардын эӊ чоӊу гана эмес, эӊ ажайып көркөмү да»,– деп жазган. 331-жылы шаарды Александр Македонский басып алат. 312-жылы А. Македонскийдин кол башчысы Селевк I Никатор каратат да, шаар калкынын көп бөлүгүн Вавилондон анча алыс эмес жерге курдурган жаӊы борбор – Селевкияга көчүрөт. Ошондон кийин Вавилон кедеринен кетип, биздин замандын II кылымында тарыхый ролун жоготот. Шаар жайгашкан жерде чакан кыштак гана калып, 624-жылы Кош-Өзөн аймагы арабдар тарабынан каратылган соӊ, ал да жок болгон. Кийинчерээк байыркы Вавилон шаары жайгашкан жердин өзү да унутулган.
Ад.: Геродот. История в девяти книгах. Л., 1972; Кленгель-Брандт Э. Путешествие в Древний Вавилон. М., 1979.