БОТВИННИК Михаил Моисеевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:46, 21 Май (Бугу) 2024 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОТВ́ИННИК Михаил Моисеевич [4 (17). 8. 1911, РФ, Ленинград облусу, Куоккала (азыркы Репина) – 5.5.1995, Москва] – шахматчы, техника илимдеринин доктору (1951), СССРдин гроссмейстери (1945), эл аралык гроссмейстер (1950), СССРдин эмгек сиӊирген спортсмени (1945). Дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону (1948–57, 1958–60 жана 1961–63). Шахмат теориясынын новатору жана шахмат боюнча бир нече эмгектин автору. Ленин ж. б. ордендер жана медалдар менен сыйланган.