БИОФИЗИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:41, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОФИ́ЗИКА , б и о л о г и я л ы к ф и з и к а – организмде өтүүчү физ. ж-а физ.-хим. процесстерди, организмдердин ультра-түзүлүшүн изилдөөчү илим. Б-нын өнүгүшү биологиянын ыкмалары, физика, математика ж-а химия м-н тыгыз байланышта. Биологиянын өнүгүшү м-н


биол. жөнөкөй кубулуштарды түшүнүү үчүн так илимдердин ыкмалары керек экендиги билинген. Азыркы Б-нын Эларалык теория ж-а колдонмо Б. уюму тарабынан кабыл алынган (1961) негизги тармактары: м о л. Б. – организмди түзгөн макромолекулалардын же алардын комплекстеринин физ. ж-а физ.-хим. касиеттерин, аларда өтүүчү процесстердин өзара таасирлерин, к л е т к а л ы к Б. – клетканын функциясынын физ.-хим. негизин, мембраналар м-н клеткалык органеллалардын түзүлүшү м-н функцияларынын байланыштарын, клеткада өтүүчү процесстердин энергетика м-н термодинамикасын, мех. ж-а электрдик касиетин изилдейт. Башкаруу ж-а жөнгө салуу процесстеринин Б-сы организмдеги башкаруу системалардын ички байланыштарын изилдейт ж-а моделдейт, алардын физ. негизин аныктайт. Булардан тышкары Б. физ. факторлордун, иондоштуруучу нурлануунун организмге тийгизген таасирин изилдеп, сезүү органдарынын ишин ж. б-ды физ. анализдейт. Ад.: Биофизическая химия / Пер. с анг., т. 1-2, М., 1981.