ВАЛЕНТТҮҮ ЗОНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЕНТТҮҮ З́ОНА – катуу нерселердин аныкталган электрондук абалынын энергиялык аймагы. Ал абс. нөл темп-рада валенттүү электрон м-н толтурулган. В. з-нын электрондору кристаллдын байланыш энергиясына, анын диэлектрдик өткөрүмдүүлүгүнө салым кошот. Кристаллдагы жарыктын жутулушун аныктайт. Жылуулук кыймылынын таасири, о. эле тышкы таасирден (жарык ж. б.) бир аз электрондор В. з-дан өткөрүмдүүлүк зонасына же тыюу салынган зонадагы кошмо деӊгээлге өтөт. Натыйжада В. з-нын жогорку бөлүгүндө белгилүү санда толтурулбаган электрондук абал (көӊдөй) пайда болот ж-а В. з-нын электрондору электр өткөрүүгө катышууга мүмкүндүк алат.