БИОФИЛДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:41, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОФИЛДЕР , б и о ф и л ь э л е м е н т т е р и – биосферадагы тирүү организмдердин курамында кездешүүчү хим. элементтер. Аларга С, О, Н, N, S, P, Fe сыяктуу 70ке жакын элемент кирет. Бул элементтер организмде тийиштүү өлчөмдөн аз кездешсе, адамдарды ар түрдүү ооруларга чалдыктырат. Мис., тоолуу аймакта йод элементинин жетишсиздиги богок оорусунун күч алышына, ал эми чөйрөнүн булганышынын негизинде кээ бир элементтердин ашыкча болушу итайитай оорусунун өрчүшүнө өбөлгө түзөт. Ошондуктан Б-дин организмдердин жашоо тиричилигинде мааниси зор болот.