ВАЛЁР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:58, 6 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЁР (фр. valeur – баа, баалуулук) – көркөм практикада – живописте жана графикада тондун жарык менен көлөкөнүн белгилүү бир катышын (башка түстөр менен өз ара байланышта) чагылдыруучу түсү. Реалисттик живописте предметтик дүйнөнүн материалдык касиеттери негизинен объективдүү мыйзам ченемдүүлүктөгү түстүк мамилелер аркылуу берилет. Предметтин түстүүлүгүн, пластикасын, материалдуулугун белгилүү бир жарык кылынган кырдаалда жандуу чагылдыруу үчүн сүрөтчү түстөрдүн өз ара катышында чоӊ көркөмдүк менен тактыкка жетишиши керек. Ачык, көрүнүктүү живописти жаратуучу түстөрдүн өз ара катышы менен бир түрдөн экинчи түргө өтүүдөгү чебер кылдаттык Валёрдун негизги белгилеринен болуп эсептелет. XVII–XIX кылымдардын ири сүрөт чеберлери Веласкес, Шарден, Рембрандт, Репиндин сүрөттөрү Валёрго бай.