ВАЛАКЫШ (Кадамжай районундагы кыштак)
ВАЛАКЫШ – Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. А. Масалиев айыл округуна караштуу. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 37 км. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 11 км. Деӊиз деӊгээлинен 910 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1219 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет.