ВАЛЕНТТҮҮ ЗОНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:38, 19 Июнь (Кулжа) 2024 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЕНТТҮҮ ЗО́НА – катуу нерселердин аныкталган электрондук абалынын энергиялык аймагы. Ал абсолюттук нөл температурада валенттүү электрон менен толтурулган. Валенттүү зонанын электрондору кристаллдын байланыш энергиясына, анын диэлектрдик өткөрүмдүүлүгүнө салым кошот. Кристаллдагы жарыктын жутулушун аныктайт. Жылуулук кыймылынын таасири, ошондой эле тышкы таасирден (жарык ж. б.) бир аз электрондор валенттүү зонадан өткөрүмдүүлүк зонасына же тыюу салынган зонадагы кошмо деӊгээлге өтөт. Натыйжада валенттүү зонанын жогорку бөлүгүндө белгилүү санда толтурулбаган электрондук абал (көӊдөй) пайда болот жана валенттүү зонанын электрондору электр өткөрүүгө катышууга мүмкүндүк алат.